Айбат » Кумтөрдү саясатка айландырбасак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кумтөрдү саясатка айландырбасак

Кумтөр Белаз карьерПремьер-министрдин «Кумтөр» долбоорун кайрадан түзүмдөштүрүү боюнча жаңы долбоорун ЖК депутаттары менен өкмөт кызыл-чеке болуп талашып-тартышты. Депутат Дамира айым кесиптештерин популисттик куру кыйкырыктарды токтотууга чакырды. «Кумтөр маселеси менен эптеп эле өкмөттү ээрден оодаруу, отставкага кетирүү саясатын токтотуп, Кумтөрдү саясатташтырбай, экономикалык жагына көбүрөөк көңүл бөлсөк, элибиздин чөнтөгүнө канча түшөт, ошол жагынан алып карасак», – деди.

Ал эми Феликс Кулов страховка катары каалоочуларга 1 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө каражат жыйноого чакырды.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Кумтөр» маселеси каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында, маселеге чын жүрөктөн добуш берүүгө чакырып, Кыргызстандын өнүгүшү жөнүндө ойлонууну өтүндү. Анын маалыматына караганда, өкмөт ачык иштөөгө аракет кылды. Консультативдик кеңештин курамына 11 адам кирди. «Ата Мекен», «Ар-Намыс», «Ата Журт», «Ак-Шумкар» партияларынын өкүлдөрү кирди. Биз, кандай туура чечимди кабыл алууну талкууладык. Кудай буюрса, бул макулдашуу келечектеги макулдашуулардын негизи болот. Эгерде, силер колдосоңор, биз стенограмма боюнча силердин ар бир сөзүңөрдү эске алабыз. Эгер керек болсо, китеп чыгарып, таркатабыз», – деди.

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru