Айбат » Казат Акматов: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүнүн негизги жолу – мыйзамдуулукту бекемдөө”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Казат Акматов: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөөнүнүн негизги жолу – мыйзамдуулукту бекемдөө”

Акматов Казат- Казат мырза, үстүбүздөгү 2014-жылды президент Алмазбек Атамбаев “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп белгиледи. Мындай кадамга пикириңиз кандай?

– Туура жасалган кадам, колдоого алам. Себеби бүгүнкү күндө биз мына ушул багытта аксап жатабыз. Албетте, демократия деген сөзсүз болушу керек. Өзүм дагы демократмын. Демократиялык багытты алгачкылардан болуп колдоого алып чыккандардын катарында болгом. Бирок, биз тилекке каршы демократиянын чегин билбей, аны ашыкча саясатташтырып алдык. Демократияны жеке максаттарына көбүрөөк колдонуп жатышып, мамлекетибиздин шайманын оодарышты. Андыктан бүгүнкү күндө шайманы кеткен мамлекетибизди күчтөнтүү, мамлекеттүүлүктү бекемдөө маселелери курч болуп турат. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө десе бийликтин диктатурасын бекемдөө деп түшүнбөш керек. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө бул закондуулукту бекемдөө, анын үстүндө, чегинде иштөө дегенди түшүнүшүбүз зарыл. Бүгүнкү күндө закондуулук деген жоголуп кетти. Аны сактабай жатабыз. Жадагалса Конституцияны да бузуп жатабыз. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө деп катаал чараларды көрүп, кимдир-бирөөлөрдү кырып жиберүү чараларын колдобойм. Болгону өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй, маселен Германия, Англия сыяктуу законду ыйык тутушубуз эле жетиштүү болот.

- Мамлекеттүүлүк деген сөздүн баасы канчалык?

– Мамлекеттүүлүк – бул эгерде философиялык жагынан алсак, мамлекеттин, элдин үстүнөн диктатурасы болот. Бирок, ал эл кабыл алган закондордун негизинде. Эл кабыл алган закондордун негизинде дегенибиз – эл өзүнө ылайыктуу парламентти, президентти шайлап алат. Анан парламент өкмөттү түзөт. Өкмөт – бул аткаруу бийлиги. Аткаруу бийлиги закондорду аткарыш үчүн түзүлөт. Тилекке каршы бизде азыр законду аткаргандар аз. Ошондуктан президенттин бул маселеге көңүл бурганы жакшы болду.

- Ошол мамлекеттүүлүгүбүздү бүгүнкү күндө баалап, баркына жетип атабызбы?

– Тилекке каршы баалаган киши аз. Биздин жарандарыбыздын көпчүлүгү мамлекет десе эле СССР деп түшүнүшөт. СССР бул бир партиянын чечимине баш ийген мамлекет болгон. Закондорду жөн эле жазып койчу. Тоталитардык система болгон. Азыркы тапта деле өзүбүздүн эгемендүү мамлекеттүүлүгүбүздү сезбей, аны жээрип жүргөн коммунисттер көп. Менин М. Асеинов деген досум бар. Ал убагында вице-премьер болуп иштеген. Ошол досум мени менен дайыма коомчулуктун алдында талашып келет. “Баарын бузган ушул демократтар” деп айтат. Анан ушундай жогорку кызматтарда иштеп жүргөн адамдардын ой-жүгүртүүсү ушундай болсо, карапайым эл кандай ой жүгүртөт? Азыркы парламенттеги талаш-тартыш, чабыштар болуп жатпайбы? Мунун бардыгы пайдалуу. Анткени талаштан тактык жаралат. Азыр “Кумтөр” маселесин чечпей, өз баштарын ойлоп жатышат. Бирок, баары бир ушундай талаш-тартыш жолдор менен чындыкка жетебиз. Биз убагында Япониянын парламенти мушташып атат десе, “ушундай да маданиятсыз болушат экен” деп жерге түкүрчүбүз. Азыр алардын кандай өнүгүп жатканын жакшы билебиз. Андыктан чындыкты издөө үчүн мушташууга да барууга туура келет.

– Эң башкы коркунуч – мыйзамга баш ийбей жатканыбыз. Мыйзамга баш ийбей жүрө берсек, акыры бир күнү мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Араб өлкөлөрүндө демократия деген жок. Бирок алар шариятты бузбай аткарышат. Биз дагы алар шариятты аткаргандай эле, мыйзамды аткарышыбыз керек. Ошондо гана мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаралбайт. Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөнүн негизги жолу – бул мыйзамдуулукту бекемдөө.

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru