Айбат » Ташиев өзүн-өзү шерменде кылганды качан токтотот?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ташиев өзүн-өзү шерменде кылганды качан токтотот?

Ташиев забор митингАкыркы күндөрү “Өөдүк-сөөдүк” деген атка конгон Камчыбек Ташиев кыязы иниси банкротко учураткан бизнесин кайра жолго салып алганбы, айтор өзү “түптөгөн” гезити аркылуу адатынча догурунмай саясатын жүргүзө баштады. “Акылың кыска болсо, арканың узун болбойт” демекчи, “жеткен акылы ушул болсо…” деп коёюн десең, эл бузарлыгын токтотпой жатканына көңүл кош боло албайт экенсиң. Анын бейнеси кандай экендигин ансыз деле жамы-журт жакшы билет. Өзгөчө “Чыңгызхан” болуп кетмейин, эгерде чындап эле Чыңгызхан болсо жоонун колундагы найзанын шишин буйтап кетмек турсун, тикесинен кармап турса да, өзү эле секирип барып “минип” ала тургандыгын да жакшы билишет. Андыктан ал жагына кайрадан кайрылып отурбастан, өзүнүн гезитине курган маегиндеги айрым пикирлерине көңүл буруп көрөлү. “Ойлоп жатышса керек, Саруу айылы жалгыз деп. Терең жаңылышат, себеби, Саруунун артында мына биз турабыз.

Баатыр элдин акыйкат күрөшүн жалпы адилетке суусап турган кыргыз эли колдойт. Бийлик акылына келип, эл талабын аткарбаса, Саруулуктарга карата террорун токтотпой турган болсо, араң турган эл бир күнү жарылат. Биз да эл менен бирге болуп, буга окшоп, өз элине жакшылык жасабаган бийликти кетирүү талабына кошулуп, аягына чейин күрөшөбүз. Саруулуктарга кайрылаарым: коркпогула, силер жалгыз эмессиңер, биз сиздер менен бирге күрөшүп жатабыз!” дейт Ташиев. Демек, Саруу айылында болуп жаткан митинг, жол тозуулардын артында өзү да турарын жашырган эмес экен. Андыктан Кыргызстандын мыйзамы боюнча жол тозуу, барымтага алуу, басып алуу өңдүү көрүнүштөр кылмыш болуп эсептелинерин эскертип койгубуз келет. Буга чейин “Сарууда эл өздөрү эле чыгып атат” деп келишкен оппозициячылдар.

Аларды кимдир-бирөөлөр каржылап, уюштуруп жатышкандары тууралуу массалык маалымат каражаттары жазып эле атышкан. Бирок, моюн толгоп, “биздин эч кандай тиешебиз жок” деп атышты эле. Чындыгында эле саруулуктарды көкүтүп, артында туруп иш кылып аткандарын Камчыбек мырза ырастап атат.

Ошону менен бирге эле, аларды мыйзамды сактоого, жол тоспоого чакыргандын ордуна, “Коркпогула, биз силер мененбиз” дейт. Демек, бул дагы алда неге болгон чакырык. Эске сала кетсек 2012-жылдын 3-октябрында да бийликти басып алууга чакырык таштап алып, эртеси күнү караманча танып чыккан. Видео, аудио жазуулар турса да каратып танып турган Ташиевди сыйлап келгендер да тескери карап, уялбагандан өзүң уял болгону бар.  “Мени жакын санаалаштарыма кошуп камап, мандатымды акыйкатсыз тартып алышты. Бул аз келгенсип, бизге карата акыйкат чечимин чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларын кызматынан алышты. Бизди коргогон адвокат Икрамидин Айткуловду сабап кетишти. Баламды “подстава” жасап, дөңгөлөк уурдаган катары соттогонго аракет жасашууда.

Бир туугандарымдын төртөөнү соттошту, досторумду, санаалаштарымды камашты” дейт Камчыбек мырза. Биринчиден, Ташиевдин мандатын эч ким мыйзамсыз тартып алган эмес. Жогоруда айткандай анын “Чыңгызханча” жүрүшүнөн улам, бийликти басып алууга чакырык таштаганынан улам ажыратышкан. Догурунгандын да чеги болот. Кыргыздын эр жигиттери эч качан жасаган ишин “жумушума бара жаткам” деген шылтоо менен апакай кылып кутулуп кеткиси келген эмес. Буга чейин кыргыздын бир да депутаты жумушуна “через забор” кирген эмес.

ТашиевЭкинчиден, Бишкек шаардык сотунун судьялары сиздин ОБОНчу аялдарыңыздын батинкелери менен башына жеп, силердин кысмагыңар аркылуу аргасыз актаганга барышкан. Алар муну менен бүтүндөй дүйнө коомчулугун көздөрү көр, кулагы керең катары эсептеген. үчүнчүдөн, сиздин адвокатыңыз Икрамидин Айткуловду бийлик эмес, акчасына кызыкканадар сабаган. Анын жанынан 10 миң доллар жоголгондугун адвокат өзү айткан. Ошол эле учурда ал сизден бөлөк дагы жалаң коррупционер, кримчөйрөнүн адамдарын коргоп келгени анык болгон. Балким ошол кримчөйрөнүн бирөөсүнүн куйругун басып алып, аны да бийликке шылтай бергендин канчалык пайдасы бар? Төртүнчүдөн, балаңызды эч ким “подстава” кылган жери жок. Ал өзүнүн достору менен дөңгөлөк уурдап жүргөн жеринен кармалган. Же балаңызды адегенде “сен дөңгөлөк уурда, анан биз кармап алалы” деп даярдашыптырбы?

Ушунчалык калп айтуу менен сиз кадыр-баркыңызды көтөрбөй эле, кайра жоготуп атканыңызды түшүнбөйсүзбү? Жок дегенде “балам балалык кылып коюптур” деп моюнга алсаңыз да “жигит экен” деп калмакпыз. Анан дагы ошол эле маегинде  “Бизди куугунтуктап, бирден камап жок кылгылары келет. Саруулуктарды ошентип четинен камап жатышпайбы. Бирок, бүгүн Саруу айылындагы баатыр адамдардын барып камашсын, мени кайра түрмөгө тыгышсын, Равшан Жээнбековду мандатынан ажыратышсын, анткен менен, бийлик минтип бүткүл кыргыз элин камай албайт да” дейт.  Биринчиден, сиз бүткүл кыргыз элинин атынан сүйлөгөнгө укугуңуз барбы? Экинчиден, Саруу айылынын элин бүтүндөй эле камап жаткан эч ким жок.

Мыйзамды бузгандарды мыйзамдуулукка чакырып жатат. Сиз минтип Саруу айылынын элине жагынам деп ойлосоңуз терең жаңылышасыз. Ал жакта сиздин атыңызды уккусу келбегендер да бар. Эптеп Саруунун элин бийликке каршы тукургуңуз келип жатканын алар деле түшүнүп жатат. Аларды колдоп аткандай түр көрсөтүп, эптеп бийликке жеткиңиз келип жатканын кантип аңдабай калалы. Бийлик азыр бүтүндөй кыргыз элин эч качан камабайт. Бийлик бүтүндөй кыргыз элинин ырыскысына кол салып, ченебей байып алгандарды жоопкерчиликке тартат. Муну коррупцияга каршы күрөш деп коёт. Аны бүтүндөй кыргыз эли колдоп жатат. (Биз муну сизге окшоп догурунуп жалпы элдин атынан сүйлөбөй, социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча айтып жатабыз) .

“Биз “Кумтөр” маселесин көтөрүп, элди ойготтук” деп мактанасыз. Бакиевдин убагында неге элди ойготкон жок элеңиз? Же министрлик кызматыңыз майдай жагып атты беле? Эгерде билбесеңиз, бул маселени сизге чейин эле Акаевдин убагынан бери көтөрүп келаткандар бар. Сиз түштөн кийинки кыйкырган короздой болуп атасыз. Кыргызда түштөн кийин кыйкырган корозду жаман көрөт (башын жулуп коет). ““Кумтөр” боюнча 67 пайызга ээлик кылууну колдошпосо, “атажуртчу” депутаттарга катуу чара көрүлөт” дейсиз. Муну менен ар бир депутаттын өзүнүн эркин добуш берүүсүнө чектөө коебуз дегенди айтып жатасыз. Бул бир жагы.

Экинчи жагынан азыр сизди өзүңүздүн мурдагы фракциялаштарыңыз деле анчейин сыйлабай калганын кайда жашырасыз? “Башчыбыз жаш баладай болуп шиш менен ойноп атса, уялат экенсиң” дегендерин уга элексизби? Анан дагы президент менен өкмөт башчынын ““Кумтөр” эң жакшы иштеп атат, ага эч кимди тийгизбейбиз жана коргойбуз” деп хор менен айтышканын кайсыл жерден уктуңуз эле? ““Кумтөр” ишин токтотпош керек” деп айтышкан. Бирок, алар дагы буга чейинки келишимдердеги калпыстыктарды, катачылыктарды айтып, белгилешип, атайын мамлекеттик комиссия да түзүшкөн.

Тактап айтканда Бакиевдердин убагында сиздин итиңиз чөп жеп турганда 2009-жылы келишимди ратификациялап, Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелеп, укугун азайтып койгонуңуздардын азабын бүгүнкү бийлик тартып, аны оңдоо менен алек болуп атат. Сиздер болсо, өзүңүздөр чалган боткого бүгүнкү бийликти күнөөлөп коюп отурасыздар. Айтор, сүйлөп алып, анан ойлонгончо, адегенде ойлонуп алып анан сүйлөгөндү үйрөнсөңүз жакшы болмок. Болбосо, жалпы кыргыз элине өзүңүздү өзүңүз улам барган сайын катуулап шерменде кылып жатасыз…

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru