Айбат » Амангелди Жумадилов, “Прогресивдүү демилгелер” коомдук фондунун башкы директору: “Акыл борборунун” балдар, кыздарынын баары интузиасттар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Амангелди Жумадилов, “Прогресивдүү демилгелер” коомдук фондунун башкы директору: “Акыл борборунун” балдар, кыздарынын баары интузиасттар

Жумадилов Амангелди- Фондтун идеясы жана максаттары туурасында айтып кетсеңиз?

– Фонд бир жылдан бери иштеп жатат. Ушул бир жылдын ичинде фонд өзүн жакшы жактан көрсөтө алды. Себеби, ак ниет менен  иш алып барып жатат. Жасалма бир нерсени алып чыгайын деген ой болгон эмес. Сиз көргөндөй, бул фонддо жалаң жаш улан, кыздар иштешет, эң улуусу эле биз болуп калабыз. Балдардын баары интузиасттар, Кыргызстанга пайда алып келсек, өлкөнүн өнүгүшүнө өз саламыбызды кошсок, – деп болгон күч аракетин жумшап жатышат. Фонддун пайда болгонуна бир жыл болду. 2012-жылы Аскар Салымбековго кайрылып, “Аскар Мааткабылович, жаштардын арасында акыл борборун ачып, Кыргызстанга көз карандысыз жаңы идеяларды бербейлиби? Себеби, жаштар чет элдик фонддордун каржылоосунда иш алып барышып башкача ойлор пайда болуп жатат, биз аларга көз каранды болбогон башкача идеяны алып чыкпайлыбы?”- деп кайрылдык. Анан ары ойлонуп, бери ойлонуп саясатка аралашпаган коом түзсөк дедик. Анан акыры Аскар Мааткабылович чоңураак эле фонд ачпайлыбы? Атын “Акыл борбору” деп кыскарталык деди. Ал кишинин демилгеси менен “Акыл борбору” аталып калдык. Акылдууларга таянуу аракетин жасадык. Көчөдө революция кылбай, аң сезимде революция кылсак. Себеби, аң сезимде өзгөрүү болсо, өлкөдө да кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүү, өнүгүү болот. Кризис ойлордон чыгат. Эгер адам туура эмес нерсени көбүрөөк ойлонгон болсо туура эмес нерселер болот, маньяк болуп кетиши ыктымал, жалаң гана позитивди ойлонсо жакшы иштер көп болот. Ал эми акылдуу болуп бараткан кишилер бир нерсени ойлоп табышы мүмкүн. Акыркы убактарда Кыргызстанда окшош идеялар көп болуп жатат. Баарынын ойлогону: “Кыргызстанды өнүктүрүш керек, Бийликти басып алыш керек, жакшы кызматка барсам, байысам ж.б.” Карама-каршылык көбөйүп кетти. Неге өнүкпөй жатабыз дейсиз? Себеби, өлкөдө канча партия чыкпасын татыктуу идея чыгалек. Урушуп жаткан элди уруштурбай алып кете турган инсан чыкпай жатат. Мунун себеби, партиянын түпкү түзүлүшү, иштеген принциптерине жараша болуп жатат. Алар мыкты адистерге, окумуштууларга таянып иш аткарбай жатат. Алардын сөзүн укпай мен кыйынмын деген ураан менен жүрүшөт. А биздин фонддун негизги максаты саясатка аралашпастан арабыздагы интеллекти көтөрүп, Кыргызстандын асыл идеяларынын картасын ойлоп табалы дедик. Былтыр акыл идеясынын негизинде “Акыл Тирек” конкурсунда алтымышка жакын акылдуулар идеялары менен бөлүшүштү. Буга жалаң эле жаштар катышкан жок, мурунку премьер-министр, мурунку депутаттар, спикерлер, чет жакта окуп жүргөн студенттер катышышты. “Акыл Тиректин” негизинде буга чейин аты таанылбай келген жаш профессор, илимдин докторлорун алып чыгып 7-сентябрь күнү “Акыл Тирек” деген наам бердик. Ошол салтанатта Аскар Мааткабылович да “Силерге “Акыл Тирек” деген наам берип жатабыз, эми жарымын биз жасадык, андан ары алып кетиш силердин колуңарда”, – деди. Себеби, окумуштуулардын көбүнүн ою китептен ары чыкпай калып жатат. Батышты, чыгышты карасак биринчи окумуштуулардын оюн угуп анан ишти башташат. А бизде тескерисинче. Эгер акыл сураса башы жок экен деп ойлойт. Кеңешип иш кылганга көнүшүбүз керек. Карап отурсак “Акыл Тирек” журналисттерде экен. окумуштуулар окуп жазып китебин чыгара албай жүрүшсө, журналисттер макаласы менен ал ойду терең жеткире алышат. Булар ортомчулар экен. Ошондон улам аналитика жазган журналисттерин алып чыгалы деп 5-ноябрда диплом бердик. Биринчи жылда түшкөн маалыматтын негизинде “Акыл Тирек” журналисттерди аныктадык.

- Депутат, министр болом деген жаштар көбөйбөдүбү, Кыргызстанда жаштар саясаты кандай болуп жатат?

– Идея деп топтой баштаганда жаштар, карылар менен сүйлөштүк. Кыргызстанда ар бири өз салымын кошо турган жаштар көп экен. Бири Манасты көтөрөлү деп үй-бүлөсүнө карабай чуркап жүрөт. Дагы бири илим менен кетем десе, кай бири партия түзөм деп жүрөт. Негизгиси баары аракет кылып жатышат. Мунун себеби, өлкөдө күчтүү өкүм сүргөн идеянын негизинде акты ак, караны кара деп айтып берип койгондо эч ким саясатка кийлигишмек эмес, эл өзүнүн нанын таап жеп, тынч жашай бермек. Айла жок кырылыш болгон сайын, намысыбыз тебеленип, жашообуз оорлоп бараткандыктан ар ким  саясатка аралаша баштады. Беш алтоо болсо дагы кыйкырып – өкүрүп, аракет кылып жатышат. Ошентип бештен жүрө бербей, акылдуулар чогулуп жакшы иш кылсак деген негизде фондду түздүк. Идеяларды көтөрүп чыксак. Жакында бир баланы алып чыктык, электрондук өкмөт деп канчадан бери сунуш кылып чыкпай жатпады беле, ошону алып чыктык. Алардын президенти, министри менен иш алып барып жатабыз. Сыртта жүргөн эле бир бала өкмөткө жасай элек иштерин, табелдерин берип койду. Бир нерсе гана өкүндүрөт. Башка мамлекеттин куралына айланып баратабыз, бай-кедей деп, бөлүп коюшту. Патриот балдардын көбүнөн патриоттулук дегенди кандай түшүнөсүңөр? – дегенибизде алар бизге сын айтышты. Негизинен эң жакшысында патриоттук сезим жүрөктүн ичинде болуш керек. Ал фундамент. Анын үстүндө илим, акыл, туура жолдор туруш керек. Жаш балдар билим албай өлкөгө күйгөндөн кыйкырып чыгып атышат. Патриоттулукту алдыга алып чыгып алганбыз, бирок таяна турган билим жок. Ошондуктан 2 мүнөттө ары-бери кылып кое турган күчтөр бар. Жаштарга айта турган сөзүбүз, патриоттулук жүрөктө турса, илимибизди, акылыбызды пайдаланып ошо менен алдыга түртсөк Кыргызстан алдыга жылмак.

- Журналисттерди тандоону көрдүк, “Ак жүрөк” сыйлыгын тандоо кандай критерийлер менен өткөрүлдү?

– Айкөл  эл аралык фонду менен чогуу өткөрдүк. Былтыр да өткөргөн болчу алар. Быйыл да биздин фонддун алып барып жаткан ишмердүүлүгүн көрүп, бир өткөрөлү деп калышты. Критерийлер ири ишканалар өзүнчө, аты билинбеген кишилер өзүнчө тандалышты. Бир эле киши мектеп салып койгон. 77млн сом жардам берген кишилер бар экен. Ар бир региондордон акимиаттар сунуштап алардан тандап алдык. Анан ири ишканаларга бердик. Биз уюштуруучулук иш-чараларга жардам бердик, бирок алар өздөрү тандап алышты. Министрликтен өкүлдөр тандап алышты.

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru