Айбат » Назира Курбанова: “Мамлекет дин тармагына жардам берүүчү мезгил келип жетти”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Назира Курбанова: “Мамлекет дин тармагына жардам берүүчү мезгил келип жетти”

АрабаеваИ. Арабаев атындагы кмунун гуманитардык билим берүү Институтунун деканы менен маек.

- Кечээ Коргоо кеңешинин жыйынында муфтияттын иши сынга алынды. Тактап айтканда муфтият коммерциялык борборго айланып калганы тууралуу айтылды. Сиздин оюуңуз кандай?

– Кыргызстан 1991-жылдан бери карай дин иштерине кийлигишпей келди. Анын негизинде өлкөбүздөгү диний тармакта кырдаал көйгөйлүү болуп калды. Көйгөйлөрдүн көпчүлүгү муфтиятта болуп атат. Өлкөбүздө 80 пайыздан ашуун калк мусулмандар. Бирок, мусулмандар интеллигенциясы жок болууда. Бул багытта жетекчилик кылып келе аткандардын көпчүлүгү эски түшүнүктөрү менен иш жүргүзүп келет. Анын негизинде мусулмандар дагы жамаат-жамаатка бөлүнүп алып, муфтияттын сөзүн укпай атат. Биримдик деген жок. Мына ушуну мамлекет да байкап атат. Аны чечүүгө мамлекет жардам бербесе, анда көйгөйлөр да дагы-да көбөйөт. Ушуга байланыштуу кечээ күнү Коргоо кеңешинин жыйынында дин тармагы менен мамлекеттин биргеликте иштөөсү тууралуу пикирлер айтылды. Муну азыркы тапта муфтийдин милдетин аткаруучу дагы туура деп эсептерин билдирди. Азыркы күндө муфтият 2009-жылы кабыл алынган Устав боюнча иштеп атат. Бирок биз бөлөк шартта жашап атабыз. Андыктан муфтийди курултай аркылуу шайлоо керек. Биз сотторду тандагандай эле муфтийди да тандаш керек. Анын билим деңгээлине караш зарыл. Бир эле талапкер эмес, бир нече талапкерди караш шарт. Дагы бир маселе диний билим берүү боюнча да долбоор бар. Аны да жөнгө салуу керек. Ислам боюнча магистратура, докторантура дегендер болуш керек. Башкача айтканда исламды таратуучу интеллигенция өсүп чыгышы абзел.

- Диний иштерге мамлекеттин көзөмөл кылуусу туура болобу? Себеби биздин Конституция боюнча дин мамлекеттен бөлүнүп салынган эмеспи?

– Жогоруда айтып өткөнүмдөй биз динди жыйырма жылдан ашык убакыт бөлүп, кийлигишпей койдук. Анын жыйынтыгы кандай болуп жатканын көрүп жатабыз. Андыктан мамлекеттин бул маселеге көңүл бурганы туура кадам. Мамлекет диндин өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бергенинин жаман жагы жок. Дин иштерине таптакыр кийлигишип кетпейт. Болгону көзөмөлдөп, жардам берет.

- Ошол эле Коргоо кеңешинин жыйынында айрым саясатчылардын диний уюмдарды курал кылып алгандарынан улам Сириядагы, Египеттеги окуялар болуп атканы айтылды. Мындай коркунуч бизде жокпу?

– Албетте бар. Буга чейин түштүк аймагыбыздан 16га жакын жаштар ошол жакка кетип калганы тууралуу айтылган. Анын экөөсү кайра кайтарылыптыр. Эгерде дин маселесине туура жол көрсөтүлсө мындай болмок эмес. Экинчиден, мамлекет социалдык-экономикалык маселелерди чечип, жаштарды жумуш менен камсыз кыла турган болсо дагы, мындай жолго түшкөндөр болбойт болчу.

Аида ИШЕНГУЛОВА

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru