Айбат » Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы депутаттык комиссиянын корутундусуна макул эмес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы депутаттык комиссиянын корутундусуна макул эмес

1Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү мамлекеттик дирекциясынын ишмердигин депутаттык комиссия текшергени маалым. Аталган депутаттык комиссия бир катар эскертүүлөрү менен корутундусун чыгарган. Комиссиянын айрым жазгандарына карата дирекция каршы пикирин даярдаган.

Дирекциянын маалыматына ылайык, аларга баш-аягы гумжардамды кошуп, 9 308,8 млн. сом бөлүнүп берилген. Ал эми депутаттар айтып жаткан 11 млрд. сом курулуп баштала элек, курулуп бүтө элек, же жарым-жартылай курулган объектилерди кошкондо, чыгышы мүмкүн.

Ошондой эле депутаттар Мамдирекция бөлүнүп берилген каражатты колдонууда атайылап коррупцияга ылайыктуу шарт түзүшкөн, натыйжада каражаттын бир бөлүгү Фонддун эсептери аркылуу өтпөй, көзөмөлдөн сырткары калган деп жазышкан. Мамдирекциянын жообуна ылайык, донорлордун талаптары сырттан келген жардам казына аркылуу эмес, коммерциялык банктардын эсептери аркылуу өтүшү керек болгон. Айрым эл аралык уюмдар кылган жардамы боюнча өз структураларына отчёт берип, КР өкмөтүнө отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Ал эми долбоорду кошумча каржылоо боюнча маселелер казына аркылуу жүргүзүлгөн.

Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) 60 млн. долларды бөлүп берген. Долбоор боюнча банкта атайын эсеп ачуу каралган эмес, АӨБ бардык төлөмдөрдү түз эле подрядчиктердин эсептерине которуп турган. Долбоор боюнча бардык төлөмдөр КР Каржы министрлигинин макулдугу менен жүргүзүлүп, республикалык бюджеттин өнүктүрүү бюджетине киргизилген. Ошондой эле Түрк Республикасынын өкмөтү гранттык негизде 11 млн доллар бөлүп берген. Гендирекция эч кандай макулдашууларга кол коюп жана төлөмдөрдү жүргүзгөн эмес. Түрк тарап өздөрү бардык тендерлерди өткөрүп, подрядчиктер менен контракттарды түзүп, аларга акча которуп берген. Ал эми Гендирекция болсо каражат маселелерине киришкен эмес. 2010-жылдын октябрында Оман Султанатынан кайрымдуулук фондунун директору Али Ибрахим Шенун Аль Раиси келип, 65 турак үй куруу боюнча макулдашууга жетишкен. 825 миң доллар акча каражатын кайрымдуулук фонду подрядчиктер менен түздөн-түз иштеп, сарптаган.

2Кытай Эл Республикасы Ош шаарында турак-жай комплексин курмакчы болуп, 5 млн. доллар бөлүп берген. Долбоор боюнча кытай тарап каражатты кыргыз тарап аныктаган жерге которуп берген. Өкмөттүн буйругуна ылайык, бардык жардам РСК Банк аркылуу өткөн.

Депутаттык комиссия Гендирекциянын ишмердүүлүгү бир да орган тарабынан көзөмөлдөнбөгөн деп корутунду чыгарышкан. Ал эми гендирекция билдиргендей, Байкоочу кеңештин жыйындары дайым өтүп турган жана премьер-министрлердин төрагалыгы астында 30 айдын ичинде 6 жолу жыйындар өткөн. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар да дирекциянын иштерин мониторинг кылып турганы белгиленди.

Мамдирекциянын жоюлушу 30 айлык мөөнөттүн өтүшү менен ишке ашкан. Каржылык жана гуманитардык жардамдын аякташы, мурдатан кабыл алынган резолюцияга ылайык, 30 айлык мөөнөттүн бүтүшү, дирекциянын жоюлушуна себеп болгон.

Мамдирекция эч кандай максатсыз чыгымдар болбогонун баса белгилейт. Жабыр тарткандарга жеңилдетилген ссуда катары бериле турган жана кайрымсыз жардам катары берилчү 9,7 млн сом жана жабыркаган ишкерлерге 3,1 млн сом суммасындагы каражаттар башка максаттарга колдонулбастан жыл аягында республикалык бюджетке иштетилбей калган калдыктар катары кайтарылып берилген.

Турак жайлардын курулушу боюнча да айрым маселелер белгиленген. Турак-жайдын 1 кв.метрдин баасы салынып жаткан участоктун өзгөчөлүгү, кандай материалдар менен салынып атканынан көз каранды. Оор саясый-экономикалык шарттарда тез арада көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарылчылыгы турган. Мамдирекция тарабынан курулган үйлөрдүн 1 кв.метринин баасы 430-460 долларга барабар, ал эми 16 кабатуу үй боюнча 585 доллар. Бул баалар Бишкектикине салыштырмалуу эки эсе арзан жана кандайдыр бир киреше таап калуу максаттары абдан чоң күмөн жаратат. Турак-жайларды куруунун долбоордук-сметалык документациясы лицензиясы бар мекемелер аркылуу иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өтүп, тиешелүү органдар тарабынан дайым көзөмөлдө болуп турган жана Мамлекеттик кабыл алуу комиссиясы тарабынан кабыл алынып, Ош шаарынын балансына өткөрүлүп берилген. Айрым үйлөрдүн баасы башындагы баасынан кичине айырмасы чыгып калгандыгынын себеби – ал үйлөргө кошумча инфраструктуралык объекттерди киргизгенинде (ылдам лифт, газ, суу, жылуулук өткөрүү, насос станцияларына кошуу ж.б.)

Депутаттык комиссиянын Мамдирекциянын аппаратын камсыздоодо айлык акылардын жогорулатышы, соцфондго туура эмес эсептерди бериши жана эмгек өргүү менен премия мыйзам бузуучулук менен берилгени боюнча төмөнкүчө маалымат берилет.

3Мамдирекциянын кызматчыларынын саны, штаттык тартиби, айлык акысы Убактылуу өкмөттүн токтому менен бекитилген. Бул иш кагаз бекитилип жатканда жабыркаган үйлөрдүн, объектилердин саны белгисиз эле. Мониторингдин алгачкы жыйынтыктары 2010-жылдын сентябрында гана белгилүү болгон, андан соң жабыркаган 4 миңден ашуун ишкерлер, 2 миңден ашуун мародерлуктан жабыркаган адамдар белгилүү болду. Казакстан жана Россиядан гумжардамдар келе баштап, айрым адистердин айлыктары кыскартуу жолу менен дагы 13 жумушчу алууга мажбур болушкан. Соцфондго төлөмдөр, отпускной жана премиялар Эмгек кодексине ылайык төлөнүп турду.

Мамлекеттик дирекция 2010-жылдын 27-июлдагы донордук жолугушууда 30 айга түзүлөт деп чечилген. 2012-жылдын бюджетинде дирекциянын иши 2012-жыл 1-октябрга чейин, башкача айтканда Жантөрө Сатыбалдиевдин премьер-министрлик кызматка киришкенге чейин 9 ай иштемекчи болгон. Бирок курулуш иштери аягына чыкпай калгандыктан бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип, мөөнөт 2013-жылга чейин узартылган. Мөөнөт аяктап, курулуш-калыбына келүү иштери бүтүп, андан аркы каржылоо токтогондуктан, Мамдирекцияны жоюу боюнча чечим кабыл алынган.

Мамдирекция тарабынан белгиленгендей, алардын ишин текшерүү үчүн сырттан 11 адам тартылган. Бирок алардын арасында атайын билими жок, курулуштун жаңы шарттарын билбеген, массалык курулушта тажрыйбасы жок адистер аз эмес. 30 айлык ишмердигинде Мамдирекцияны 18 ай бою Эсеп палатасы 3 жолу текшерген, үч жолу депутаттык комиссиялар текшерип, одоно каржылык бузуулар жана иштин сапатына карата терс пикирлер болгон эмес. Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын бардык структуралары дагы тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүп турган.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru