Айбат » Венера Маймендеева: “Кыргызстанда нерв, жүрөк оорулары менен ооруган адамдардын саны көбөйүп жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Венера Маймендеева: “Кыргызстанда нерв, жүрөк оорулары менен ооруган адамдардын саны көбөйүп жатат”

масаж- Атуулдаштарыбыздын көбү, Бишкек калаабыздан алыс эмес жайгашкан, Кыргызстан санаторийин, анын өзгөчөлүктөрүн, дарылоонун кандай багыттары бар экенин билбесе керек, санаторий жөнүндө айтсаңыз?

– Кыргызстанда, акыркы жылдары тилекке каршы нерв, жүрөк жана муун оорулары менен ооруган адамдардын жылдан жылга саны көбөйүп бара жатат. Ага негиз болгон жашоо шарттары, социалдык жана экономикалык факторлор да тиешеси бар. Андан тышкары жогоруда айтылган оорулар жашарып бара жатат, мурун орто жаш адамдардын көп кезиксе, азыр болсо жаштар да нерв, жүрөк оорулары менен ооручу болушту. Ошол адамдардын көбү бизге келип кайрылат, аларга колдон келген мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдонуп, медециналык жардамдарды көрсөтөбүз. Санаторийдин негизги максаты жана милдети карапайым адамдардын ден-соолугун жана саламаттыгын чындоо, биз ошол үчүн талбай эмгектенип келе жатабыз.

Ал эми  «Кыргызстан» санаторийи жөнүндө кыскача айта турган болсок, 1982- жылдан бери мурунку «Эс алуу үйүү» деп аталган эс алуучулардын жайынын ордунда иштеп келет. Бишкек калаабыздан алыс эмес 26 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 1450 метр бийиктиктеги Аламедин районуна караштуу Малиновка (Кашка-Суу) айылында жайгашкан. Эс алуучуларды жылы бою кабыл алуу менен бирге,150 кишилик орунубуз бар. Сананториябызда төмөндөгү оору менен ооруган адамдар дарыланышат: жүрөк кан-тамыр оорулары;  муун оорулары;  кан  басымы жогору оорулар жана  нерв оорулары. Санаториябыздын эн негизгиси дарылануучу жайыбызда массаж, парафин, ылай, физиотерапиялык дарылоо, анын ичинде суу процедуралыры ванна, душ (хвой, туз, жемчужная ванналары) ийне терапия жана лазератерапия менен дарылоо ыкмалары кенен колдонулат.

«Кыргызстан» санаториябыздын эң негизги өзгөчөлүктөрүнө абанын курамында кычкылтектин көлөмү төмөн болушу менен бирге, абанын жумшактыгы, ошого байланыштуу бизге «климатотеррания» деген процедурабыз эн чоң негизди ээлейт. Ден соолугун чыңдап, дарыланып аткан жана эс алуучуларыбызды төрт маал ысык тамак менен камсыз кылабыз, эс алган адамдарыбыз баардыгы, рахматын айтып, ыраазы болуп, ден соолугун чындап алышып кетишет.

- Замандын талабы болуп калды окшойт, азыркы кардарлар шарттарды көбүн карап калышты, «заманбап» стандарттарын жакшыртуу боюнча Кыргызстан санаторийинде кандай иш-чаралар жүрүп жатат, талаптарга жооп бере алабы?

– Биз дагы замандын жаңы шарттарынан калбай, замандын талабына ылайык шарттарды түзүүгө аракеттенип жатабыз, Айта кетсем санаториябыздын ичинде талаптагыдай стандарт түрүндө люкс, полулюкс жана стандарттуу номерлерибиз бар. Жылуулук менен колдон келишинче камсыз кылуу менен бирге, ысык суу менен  камсыздап турабыз. Заманбап стандарттарды жакшыртуу иши менен  банкеттик зал, конференциялар өтө турган жыйындар залы, эс алуучулар дем алып, көгүлтүр экрандан жаңылыктарды көрү абзели бар шарттарды түзүүгө жетиштик. Менин оюмча санаториянын ичинде жүргүзүлүп жаткан иштер, коюлган талаптарга толугу менен жооп бере алат деп  ойлойм.

- Келип, ден-соолугун дарылап, чындап аткандардын  көбү кандай оорулар менен кайрылышат жана аларды кандай медициналык ыкмалар менен дарылайсыңар, кимдер келип, ден-соолугун чыңдашат жана дарыланышат, ошол боюнча маалымат берсеңиз.

– Биз жогоруда айтып  кеткендей биздин санаториябызда көбүнчө жүрөк, кан-тамыр оорулары менен ооруган адамдар дарыланып, ден-соолугун чындап жана эс алышат. Муун артроз, радикулит, остехондроз, палиатрит, кан басымы жогору жана нерв ооруларынан запкы жеген пациентерибиз дарыланышат. Биз  санаторияга келип дарыланып, ден-соолугун чыңдап кеткен адамдардын баардыгы катардагы эле эмгекчилдер, профсоюздун мүчөлөрү, кадырман карыялар, эмгек ардагерлер.

Учурда, заманыбызга жараша нерв оорулары калк арасында көбөйдү, учурдун чырмалышкан, динамикасы ылдам жашоо шарттары негиз болуп атса керек, муун оорулары да тилекке каршы көбөйүп жатат, ошого байланыштуу ошол оорулар менен бизге кайрылган адамдардын саламаттыгын ыкчам ондогонго аракет көрүп атабыз. Бизде азыр ваннанын жана душтардын түрлөрү, парафин, баткак, физиопроцедуралар массаж, ийне, лазер менен дарылоонун түрлөрү бар. Бардык процедураларды жогорку квалификациялуу тажрыйбалуу кесип көй кызматкерлер аткарышат.

- Турмуш саясатташып кетти, биз билгенден айрым бир топ, Кыргызстан санаторийи боюнча айрым маалымат булактарына, санаторийдин жетекчилиги мыйзамсыз иштерге аралашып, кызматкерлерди каалагандай алып, каалагандай жумуштан бошотуп атат деген маалымат таратышты, бул боюнча пикириңизди билдирсеңиз?

Сиз туура айтып атасыз, турмуш саясатташып кетти, маалымат булактарда канчалык деңгээлде чындык маалымат таралышы, ал да өзүнчө бир маселе, менимче бир тараптуу маалымат таратышты, ошол маалымат булактар, баарын тактап, эки тараптан алып анан коомчулукка айтышса, мен калыс болот элем. Кыргыздар айткандай, ар бир сүйлөшүлүп же жасалып жаткан иштердин аркасында кандайдыр бир адамдар турат дегендей, бул маалыматтын берилип жатышы туура эмес жана чындыкка жатпайт деп айткым келет. Башка санаторийлер жөнүндө айта албайм, бирок биздин санаторияда адамды иштегенине, ишке берилгендигине, жоопкерчилигине карап ишке алабыз.

Штатты ээлеп эле, квалификациясы төмөн, жалкоолонуп иштебеген адамдардын эч кимге кереги жок болсо керек. Санаториянын ичинде кадрлар жөнүндө өзгөрүү жок, баардык кызматкерлер өзүлөрүнүн орунда эмгектенип жатышат. Айыл ичинде жумуштун аздыгынан, байланыштуулуктан санаториябызда мүмкүн болушунча айыл тургундары гана эмгектенишет. Колумдан келишинче аларга болгон жардамымды көргөзгөнгө аракет жасоодобуз.

- Ден-соолукту дарылоо жана чыңдоо, кызматкерлердин жумушун жакшыртуу боюнча алдыга коюлган кандай максаттарыңар бар? 

– Ден-соолукту дарылоо жана чыңдоо боюнча алдыбызга койгон чоң максаттарыбыз бар. Алардын бири дарылануучу жана эс алуучуларга «комфорттук» шарттарды жогорулатуу иштерин жүргүзүп жатабыз, ал иш токтобойт, улана берет. Дарылоонун жаңы түрлөрүн, жаңы ыкмаларын  киргизүүнү чечтик, аны да жакын арада ишке ашыруу боюнча   ниетибиз бар. Ошол эле учурда кызматкерлердин квалификациясын да жогорулатуу  ойлорубуз бар. Кайрылган адамдардын дарылануу, чыңдоо шарттарын жакшыртуу максатында, инфраструктураны өзгөртөлү, эски, колдонуудан чыгып калган жабдууларды алмаштыруу жана ремонт жасообуз керек.

Айбат гезити №64



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru