Айбат » Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне

Мидин Алыбаев(Башы газетанын
2014 ж. 17-24 январдагы сандарында )

Мен бала кезде , тээ өткөн кылымдын 50-60 жылдары Жумгал суусу кирген кезде, бууракандап жээкти чапчып, ургулап отуруп жар жылып жиберээр эле. Суу кирген учурда чабал  ат кечип өтө алчу эмес. Жумгал суусунун  уландысы, Көкөмөрөн дариясы ээ жаа бербей, асканы ургулап бодо малдай таштарды ала салдырып кетчү. Миш-куш, Суусамыр  жака кеткен жолдо кокус жүк ташуучу автоунаалар Көкөрөмөгө түшүп кетсе аларды ширенкенин кутусундай агызып кетээр эле. Мөнгүлөрдүн азайышынан эми андай ташкындаган суу жок.  Мидиндин кыска  өмүрү дал ушул Жумгал суусундай, Көкөмөрөн дариясындай элестеп кетет мага. Мидикемдин “Пушкин менен сүйлөшүү”-деген ыры бар. Ошол ырында акын өзү жөнүндө митип айтат.

Ырас,

Менде да бир аз,

Жаңылыштыктар болгон.

Кыйын дебеңиз,

Ошончолук эле оркойгон.

Себеби:

Өз билгенимди эч кимге бербей,

Кичине “буйнюураак” чоңойгом.

Андыктан,

Анча мынча чатак салчумун,

Пивнойдон!

Чынында Мидин бул жашоодо кандай жүргүсү келсе ошондой жүрүптүр. Эч кимден: атүгүл мамлекетин жетекчилеринен жазганып, жазакерленип көрбөптүр, тартынып, тайбаптыр. Жогоруда сөз кылган өзү жээгинде жүрүп кумарланган   кирген Жумгал  суусудай, Көкмөрөн  дариясындай, күргүчтөп: Ал сөзү менен, ыры менен нечендерди апкаартып, мукактантып  ала салдырыптыр жүрүп өтүптүр бул жарыктан. Мидикем, өзү айткандай “буйнуюраак” болбой жоош, момун, өң карама болгондо, анда  анын калеминен түбөлүктүү ырлар, оозунан жебедей курч сөдөр  жаралмак эмес.

 

Мидин жана студенттер

Белгилүү комузчу, азыркы колдонулуп жүргөн комуздун формасын жараткан уста, маркум Чалагыз Иманкулов Мидиндин мындай окуясын  айтып берди эле.

Мидин биздин үйгө көп келүүчү. Жубайымды “Пушкиндин небереси”-деп койчу. Себеби жубайым орус кызы эмеспи. Мидин каза болоор жылы негедир:

– Чалагыз аба, эшеке минип бир сүрөткө түшүп койбойлубу?-деп калчу.

– Эмнеге эшеке минип? Атка минип сүрөткө түшсөк жаман болобу?-десем анда Мидин:

– Атка минип сүрөткө түшүп  эле жүрөбүз.  Түшүңдө: “адам эшек минип жүрсө бактылуу” болот-деп жорулат экен, түшүбүздө эмес эле өңүбүздө эшекке минип бактылуу болбойлубу! -деп күлдүрдү. Анан ал:

Эшек күлкүлүү жаныбар, кулагын делдейтип. Биз эшекке минип сүрөткө түшсөк, айрымдар “баягы Чалагыз менен Мидин эшеке минишип сүрөткө  түшүшүптүр” -дешип шылдыңдашып далайлары күлүшөөрү бышык-деп өзү каткыра күлдү. Ушундан көп өтпөй Мидин

– Жүрүңүз Чалагыз аба, бир эшек табалы да, сүрөткө түшөлү-деп калды. Мен: Мидиндин көңүлү калбасын деп, макул болуп ээрчишип жөнөдүк. Темир жол вокзалынын  үстү жагында базар бар эле ошол жака бардык. Ал базарда өзбектердин эшек арабалары боло турган. Базарда турган бир эшек арабаны көрүп эле Мидин түз ошо жака бет алды. Мидинди арабанын ээси тааныйт экен дароо эле:

“Тууган кел,  эшегиңди арабадан бошот, бизге бер. Эшегиңди эстеликке  сүрөткө түшүрүп келебиз!” -деди эле тиги өзбек:

– Хозыр, хозыр, Мидин ака,-деп эшегин арабадан бошото салды.  Мидин эшекке  бир нерсе жаба салып минди да:

Жүрүңүз Чалагыз аба төмөн жактагы сүрөтчүлөргө -деди. Биз Логвиненко көчөсү менен төмөн карай жөнөдүк. Кетип бара жатсак бир топ жаш жигиттер аялдамада турушкан экен, сыягы Мединституттун студенттери окшойт,  алар Мидинди көрүшүп:

– Мидин ага, автобус жок лекцияга кечигип жатабыз, ала кетиңиз!-деп кол көтөрүшүп тамашалап калышты эле Мидин токтолбостон, ойлонбостон туруп артына бурулуп, эшектин куйругун жогору көтөрүп:

– Лекцияга кечигип жатсаар түшкүлө баарың кабинага! -дегенде эле студенттер бет тырмашып каткырышып калышты. Мен да алар менен көзүмдө жаш алгыча күлдүм. Ошентип күлкүгө тоюп алып, ары карай сүрөткө түшкөн жерге бардык. Оболу, эшекке минип бирден сүрөткө түшмөй болдук. Мен эшекке  минип  түшүп жаткан элем Мидин:

– Чалагыз аба, “кабина жакты бир кылчайып карап койсоңуз!”- дегенде эле, мен күлкүмө чыдай албай,  эшектен ооп баштадым. Ошол эшектен ооп жатканымды сүрөтчү тарта салыптыр. Кийин ошол сүрөттү көргөндөр ыкшып эле жүрүштү. Айтор, Мидин айткандай эле болду.

Кеч күздө  Мидин Жумгалга барып калса теңтуштары:

Мидикени “Миң-Теке” тоосуна кийикке алып чыгып көңүлүн ачтыралы, өзүбүз да анын сөздөрүн, ырларын угуп кумарыбызды бир кандырып келели дешип: “Мидике, эртең кийик уулаганы чыгабыз, сен үчүн тың ат дайын. Эртең менен дайынданып тур” -дешсе:

Эмне, үйүңөрдө тамак, ашыңар жок беле? Баарың эле “куу казан болуп калгансыңар- деп айтат дейт.

 

Мидин үй алганда.

Жазуучулардын айрымдары Абдрасул Токтомушев, Райкан Шүкүрбеков, манасчы Саякбай Каралаевдер жаңы үйгө көчүшөт. Мидинге болсо Саякбайдын мурдакы  үйү (Панфилов көчөсүндөгү №12)  тийет. Андан тааныштары:

Мидике, эмне жаңы бүткөн үйгө барган жоксуң? дешсе анда ал:

Жаңы үйгө барганда эмне, бала-чакалуу болсом. Сырттагы кермеге кир жайылат. Анан жазуучулардын аялдары терезеден шыкаалашып:

“Апий, ботом, баягынын көк көйнөгүнүн көкүрөгү дагы тытылыптыр!”

Ак шымынын аласы дагы айрылыптыр!” -деп күлүшсө кантем? Мен андай шылдыңга чыдай албайм. Андан көрө ээн эркин  жалгыз эшик үйдө жашайм.

Сакеме, рахмат! Ашканасында эт илген кыл аркан керилген боюнча калтырып кетиптир, ошону күнүнө бир карыштан кесип боршко кошуп, көптөн бери базардан сөөк  сатып албай калдык. -деген тура.

Акын, прозаик, драматург маркум Шатман Садыбакасов ал кезде КМУ студенти, Мидин көз жумганда 1959 жылдын  26-декабрында  мындай ыр жазган экен.

 

Кош Мидин

Кош Мидин! Акын Мидин, каран Мидин!

Шылк этти сабагынан кызыл гүлүң.

Таш жарган Тянь—Шандын булагындай,

Таза эле, күлүк эле сенин үнүң.

Кош Мидин!

Кош Мидин, өткүр Мидин, сөзмөр Мидин!

Кош-десем болкуй түштү жүрөк-жүлүн.

Аркыттын, Ысык-Көлдүн булбулундай,

Шаңдуу эле, мукам эле сенин үнүң.

Кош Мидин!

Жердешим, наардашым, агам Мидин!

Өмүрүң бир нукуму-батты күнүң?!

Сөң-Көлдүн, Суусамырдын гүлдөрүндөй,

Кооз эле, назик эле сенин тилиң.

Кош Мидин!

Талантың неге адашты айтчы Мидин?!

Неге сен таскак урбай мүдүрүлдүң?

Кокуй күн”, “кошоматчы”, “ак чүчтөргө”,

УУ эле, тикен эле сенин тилиң.

Кош Мидин!

Гүл соолот, соолбойт бирок сенин тилиң.

Булак тоңот, бирок тоңбойт сенин үнүң!

Айтууга ооз барбайт, жүрөк даабайт,

Айтпаска арга да жок,

Түбөлүккө кош Мидин!

Болот Кожогелдиев

Уландысы газетанын келерки санында. Мидинин классикага айланган ырлары, өлбө сөздөрү  али алдыда.

Айбат гезити №64




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru