Айбат » Мелис Мырзакматов: “Мадумаров бизди сатып кетти”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мелис Мырзакматов: “Мадумаров бизди сатып кетти”

Мадумаров АдаханОрдолуу Оштун «түбөлүк кожоюну» эместигин 15-январдагы шайлоодо жеңилгенден кийин билген Мелис Мырзакматов тынчыбай койду. Ал 10-февралда борборго учуп келип, «Айкөл Ала-Тоо» кыймылынын өкүлү К.Карабаев жана башкы идеологу У.Ботобеков менен сүйлөшүү жүргүздү. Мелис мырза «Кумтөр» боюнча макулдашуу, Бажы биримдигинин тегерегинде оюн ортого салып, бийликти армансыз шыбап алды. Сөз арасында «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун дарегине ачуу сын ыргытып, аны «оппозициянын кызыкчылыгын сатып кетти» деп айыптады. Мындан сырткары, К.Ташиев, А.Келдибековдун жактоочулары «баштагыла» деген эле буйрукту күтүп турганын, ал үчүн, ири каражат талап кылынарын жашырган эмес. Бул багытта Кубанычбек Кадыров Ысык-Көлдө ири митинг өткөрүп, керек болсо облустук имаратты басып алышы керектигин кыйытканы эмнеси? Мунусуна караганда оппозиция лидерлери жазында «баскынчылыгын» улантканы калышканбы? Мындай шартта тийиштүү органдар тыкыр иликтеп, андай «басмачылардын» тизгинин тартышы керек эмеспи? Себеби бу жерде мамлекетибиздин бүтүндүгү, Кыргызстаныбыздын келечеги турат…

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru