Айбат » Келдибеков үчүн «согуш ачмакчы» болгон Аттокуровго кандай чара колдонулат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Келдибеков үчүн «согуш ачмакчы» болгон Аттокуровго кандай чара колдонулат?

Аттокуров Иосиф«Акматбек Келдибековду бошотпосо согуш ачабыз» деп күпүлдөгөн Иосиф Аттокуров аттуу «эргул» А.Келдибековду колдоо максатында ордолуу Ошто үлкөн митинг өткөрүүгө киришти дешет. Ал Данияр Үсөновдун «куурчагы», «Элдик фронт» кыймылынын лидери Абдумалик Мырзаевге: «Оштун борборуна нааразычылык акциясын уюштуралы. Сен да кол кабыш кылбайсыңбы?» дегендей оюн билдириптир. А.Мырзаев кандай жооп кайтарганы азырынча белгисиз, бирок, ушундай эле сунушту ат үстүнөн түшпөгөн, жалаң көө жапмай менен алектенген Абдылда Капаровго да айткан экен. Чыр-чатак тутансын дегенде жантыгынан жата калган А.Капаров макул болгону турган иш. Пикет-митингдерди өткөрүү – ар бир жарандын укугу. Бирок, демократия деп эле И.Аттокуров кайрадан: «Согуш ачабыз!» деп кайрадан кыйкырып чыксачы? Анда укук коргоо органдары мыйзам чегинде чара колдонушу керек го, ыя?

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru