Айбат » Бакиевчилер апрель революционерлерин «сатып» алууга кириштиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевчилер апрель революционерлерин «сатып» алууга кириштиби?

Мекен шеиттериКурманбек Бакиевдин жана анын уулдары, инилеринин кандуу режимине чыдабаган карапайым калк 2010-жылдын 7-апрелинде түп көтөрүлүп, апрель революциясын жүзөгө ашырган эле. Ошол окуяга түздөн түз катышкан жаштар кийинчерээк «Айкөл Ала-Тоо», «Мекен шейиттери» сыяктуу коомдук бирикмелерди түзүшкөн. Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, убагында Бакиевдердин камчысын катыра чаап, «бөрк ал десе баш алган» «азаматтар» эми апрель революционерлерин «сатып» алуу аракетине өтүшүптүр.

«Инимдин бөйрөгүн алмаштырам» деген шылтоо менен Белоруссиянын борборуна кире качкан Садыр Жапаров тымызын саясатын улантууда. Ал кандашы Сабыр Жапаров аркылуу «Айкөл Ала-Тоонун» М.Мискенбаев, А.Жамгырчиев сындуу өкүлдөрүн өзүнө тартууга киришти. Сабыр Жапаров 4-февралда борбордогу «Фрунзе» кафесинде Мискенбаев жана Жамгырчиев менен жолугушуп, адатынча бийликти катуу сындады. Сабыр мырза бийликти оппозиция лидерлерин куугунтукка алды деп айыптап, аларды катарына кошулуу сунушун айтты. Ошол жолугушуусунун эртеси Садыр Нургожоевич М.Мискенбаевге коңгуроо кагып, жашыруун жолугушуу демилгесин көтөрүптүр. Бирок, М.Мискенбаев сунушунан сылык баш тарткан экен.

«Айкөл Ала-Тоо», «Мекен шейиттеринин» лидерлери муну укканда чалкасынан түшүп: «Бизди эмне бакиевчилер сатып алмакчы болуптурбу? Аларга көргүлүктү көргөзөбүз» дегендей билектерин түрүнүп, жакынкы аралыкта атайын маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалга карата пикирин билдирүүгө ниеттенип жатышыптыр. Апрель каармандары катуу шымаланса жыйынтык чыкчу эле, дегенибиз аларды сатып алабыз деген бакиевчилер эми кандай арга табышар экен?

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru