Айбат » Р.Жээнбековдун кулагы эле тикчийет да

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Р.Жээнбековдун кулагы эле тикчийет да

Жээнбеков Равшан«Жаштар парламенти 2013» долбоорунун негизинде АКШ каржылаган Эл аралык республикалык институт «Достук» мейманканасында семинар уюштурду. Жыйында «Жаштарды жумушка орноштуруу», «Жаштар саясатынын көйгөйү» темалары талкууланды. Иш-чарага Батышчыл саясатчылар: Равшан Жээнбеков жана Өмүрбек Абдрахманов, «ар-намысчы» Дастан Бекешов, «Демократияны колдоо фондунун» кызматкери С.Темиралиев, Бишкек шаардык кеңешиндеги айрым депутаттар катышты. Жаштардын көйгөйүн көтөрүмүш болгону менен, мунун артында Американын тымызын саясаты турары калетсиз. Ал эми Равшан Бабырбекович ага көшөгө артында «дирижерлук» кыларын божомолдош иттен оңой. Кайсы бир саясатчы үтүктү сайсам деле мен чыга турган болдум дегендей, өлкөнүн келечегине доо кетирчү, океандын ары жагынан агылып келген каражаттарга уюштурулган иш-чараларда Р.Жээнбековдун кош кулагы тикчийип чыкчу болду. «Саяк жүрсөң таяк жейсиң» макалын эстесек, Равшан мырзанын мындай элге каршы саясатына карапайым калк жооп кайтарчу күн жакын калды…

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru