Айбат » Максим “жыттанган” Наргозуев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Максим “жыттанган” Наргозуев

Наргозуев БегалыБегалы Наргозуев убагында ханзаада Максим Бакиевдин «арзыматына» да айланганын эч ким танбайт. Төмөндө анын маалымат каражаттары аркылуу Максим Бакиевге кантип кошомат кылганын комментарийсиз сунуштайбыз. Ушундан эле анын жүзү канчалык экенине күбө болобуз:

 

Бегалы НАРГОЗУЕВ:

«Максим Курманбекович президент болсо…»

- Бегалы мырза, сиз Максим Бакиевди “жаш реформатор” катары баалап, мактап жүрөсүз да. Айтыңызчы, сиз чын эле анын “реформатор” экенин билесизби, же “Ак жолдун” депутаты болгонуңуз үчүн жагалданып атасызбы?

– Мм… Ушул жигиттин акыркы жүрүштөрүн көрүп, натыйжалуу жыйынтыктар чыгат деген үмүттөмүн. Элдин турмушунун оңолушуна карай. Мындай ишенимге келгениме бир нече себептер бар. Биринчиден, мурда бюджеттин киреше бөлүгүнө канча акча түшсө, ошону жеп-ичүүгө аракет кылчу экенбиз. Ал эми азыр андай эмес, 2010-жылдан баштап өнүгүү бюджети түзүлдү. Келечекте бул иштин натыйжасы болгону турат, уурдалбай дегеним. Экинчиден, борбордук өнүктүрүү агенттиги аркылуу экономикабызга башкаруунун жаңы технологиясын киргизип атканын байкадым, өзүңүздөр көрүп атасыздар, быйыл бул агенттик негизги төрт долбоорду баштап, ишке киргизүүнү көздөп атат. Айталы, ипотека менен үй салууга элдерге мүмкүнчүлүк түзүлүп, ошого катар айыл чарбасына көңүл бурула баштады. Мунун өзү микрокредиттик уюмдарды түзүү менен жөнөкөй дыйкандарга каржы маселесин чечип берүү жагы каралууда. Бул кур ооз сөз эмес.

- Сиз буга ынанып атасызбы?

– Ооба. Бул жигит кызматка жаңы келди, ачык саясатка эмитен кадам таштап отурат. Натыйжада, жогоруда айткан долбоорлорду ишке ашырууга көзү жетип турат, эмне кылышты да билет дейт элем. Дал ушул баштаган иштери өзүнүн карьерасына жол ачат.

- Эми башка кемчиликтерин санабасак да, кыргыз тилин жандүйнөсү менен кабыл албаганы чынбы? Мыйзам боюнча “ажо болом” деген атуул эне тилди, мамлекеттик тилди билиш керек да. Бул жагына кандай карайсыз?

– Менимче, Максим Курманбекович үчүн кыргыз тил олуттуу деле көйгөй болбойт. Биз бир жолу чогуу сүйлөшүп отуруп калдык. Маегибиз орусча уланып аткан эле, бирөөнү талкуулап атканбыз, анан бир маалда Максим: “А-а, ал кишинин көзү ачык…” деп кыргызча таптак сүйлөп ийди. Таамай мүнөздөмө берди. Бала кезинде Жалал-Абадда, Тогуз-Тородо өскөндүктөн, кыргыз тилинен терең базасы бар экен. Анын үстүнө бу жигит англис тилин да билет эмеспи, ошондой эле анда тилге болгон жөндөмү да өнүккөн. Ошондуктан, кыргыз тилин үйрөнүү боюнча көйгөй деле болбойт деп ишенем.

- Кыскасы, “Максим Бакиев дареметин эл астында көргөзсө, аны президенттик шайлоодо эл колдойт” деген бекем ишенимде турбайсызбы?

– Ооба. Мен ушундай пикирдемин.

«Учур» гезитине курган маегинен

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru