Айбат » Оппозициянын кезектеги максаты: Өкмөттү кулатуу, андан соң бийликти алсыратуу…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Оппозициянын кезектеги максаты: Өкмөттү кулатуу, андан соң бийликти алсыратуу…

оппозиция

Кандай гана жол менен болбосун бийликке келүүнү көздөгөн оппозиция лидерлеринин жашыруун максаттары ашкереленди. Ишенимдүү булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, оппозиция бийликти «басып алуунун» төрт вариантын түзүптүр. Ал үчүн, адегенде өкмөттү ээрден оодарып түшүүгө билек түрүнө киришкени айтылат.

Бүгүнкү күндө өкмөттү кетирүүгө олуттуу себеп жок. Бирок, бийлик «абысындары» үчүн бул маселе деле эместей. Парламенттеги «Республика» фракциясы Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүчү мамлекеттик дирекцияны жетектеген кезин иликтөөгө алып, олуттуу мыйзам бузуу таппаса дагы, эптеп аны отставкага кетирүү аракетин көрүшүүдө. Депутаттык комиссиянын отчёту парламент жыйынында талкууланганда мунун аныктыгына ишенебиз. Бул биринчиси деп туруңуз.

Министрлер кабинетин «пошел» кылса, парламенттеги коалиция ыдырары калетсиз. Жаңы жармакташкан өкмөттү куроо биртоп убакытты алат эмеспи. Ал эми босогодо жадыраган жаз турат, жазгы талаа жумуштарын өткөрүш керек дегендей. Жаңы өкмөт куралгыча айдап-себүү иштери үзгүлтүккө учурашы ыктымал. Натыйжада өлкөдө социалдык-экономикалык кризис жаралбайт деп эч ким кепилдик боло албайт.

Өкмөттү кулатып, коалицияны ыдыраткандан кийин парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга өтүшөрү маалым. «Парламенттеги айрым фракциянын өкүлдөрү парламентти таркатуу демилгесин көтөрүшү мүмкүн. Эгер мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленсе, ал сөз жок кырдаалды курчутууну шартташы кажетсиз.

Мына ушул үч этаптан кийин президентке чабуул күчөрүн божомолдосок жаңылышпайбыз. Өкмөттү кетирип, парламентти таркатуу менен катар үлкөн пикет-митингдерди өткөрүү, «Кумтөр», Бажы бирикмесине каршы акцияларды уюштуруу «барбарос планында» жазылганын эскерте кетели. Бул Украинадагы саясый кризистин сценарийинин негизинде өнүгөрүн унутпайлы. Мындай карөзгөй тилегин жүзөгө ашыруу үчүн айрым депутаттар, саясатчылар Украинага байма-бай каттап, океандын ары жагынан келген буйруктарды кыйшаюусуз аткарышууда.

Кыскасын айтканда, оппозициянын маданияттуу түрдө бийликти «басып алуу» планынын төрт багыты ушундай. Бийлик оппоненттеринин мындан аркы кадамдары кандай болорун иликтеп, гезитибиздин кийинки санында  жарыялайбыз.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru