Айбат » Равшан Жээнбековдун формуласы: Мыйзамсыз менчиктештирилген Москвадагы имарат, жер жайнаган компаниялар таржымалы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Равшан Жээнбековдун формуласы: Мыйзамсыз менчиктештирилген Москвадагы имарат, жер жайнаган компаниялар таржымалы

Небоскребы_МосквыТуңгуч ажо Аскар Акаевдин убагында мамлекеттик мүлк фондун жетектеп, мамлекеттик ири объектилерди текейден арзан менчиктештирип, баштан ашкан байлык жыйнаган Равшан Жээнбеков бүгүн оппозиционер болуп чыга келгени көпчүлүктү мыйыгынан жылмайтты. Бул макалабызда анын элге белгисиз “секреттерин”, ага катталган компанияларын тизмектейбиз. Ушундан эле анын канча жүзү бар экенин билесиң.

Кыргызстандын өнөр жай министрлигинин Москвада атайын өкүлчүлүгү болгон. Өкүлчүлүк Москванын борборунда жайгашып, үч гектар жерди ээлеп турган экен. 1994-жылы 12-майда ал кездеги өнөр жай жана соода министринин орунбасары С.Асаналиев жана өкүлчүлүктүн башчысы Максатбек Айткулиев тарабынан өкүлчүлүк мыйзамсыз менчиктештирилген. Мыйзамсыз дегенибиз, бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн жана мамлекеттик мүлк министрлиги макулдук берген эмес. Буга карата ошол мезгилдеги мамлекеттик мүлк министри Равшан Жээнбеков тийиштүү чара колдонгонго жараган эмес. Натыйжада өкүлчүлүк “Кыргызснабимпорт” болуп атын өзгөртүп, кайрадан каттоодон өтөт.

Мына ушул окуя боюнча 2006-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) тыкыр иликтөө жүргүзүп, ошол жылдын 18-майында “Өтө ири көлөмдөгү мамлекеттик мүлктү уурдоо”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Сурак учурунда Максатбек Айткулиев окуянын чоо-жайын кенен баяндаган. Анын айтымында, 2003-жылы Р.Жээнбековдун чакыруусу менен Бишкекке келиптир. “Р.Жээнбековго жолуксам, ал “Кыргызснабимпорттун” 35 акциясын ханзаада Айдар Акаевге, 20ын өзүнө берүүмдү талап кылды. Мен андан жаңы акционерлердин аты-жөнүн расмий берүүсүн сурансам, ал берген жок. Москвага барганда элчи К.Нанаевге сүйлөшүүнүн жүрүшүн айттым” деген М.Айткулиев мыйзамсыз менчиктештирүүнүн артында Равшан Бабырбекович турганын баса белгилеген.

Ушул окуя боюнча Россиядагы тийиштүү органдарга кайрылуу жасалганы менен тилекке каршы жооп келген эмес. Анын негизинде 2007-жылдын 2-февралында кылмыш иши жабылган.

Бардык мыйзамсыз иштер унутта калбашы керек, мамлекеттин, элдин байлыгын талап-тоногондор мыйзам чегинде жазасын алышы абзел. Дегенибиз, Р.Жээнбековдун килтейген өкүлчүлүктү мыйзамсыз менчиктештирип жибергени өз баасын алышы зарыл. Же оппозиционер терисин жамынгандарга кылмыш иши козголбошу керекпи?

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru