Айбат » “Демократияны колдоо фонду” батыштын долбоорубу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Демократияны колдоо фонду” батыштын долбоорубу?

WispoРавшан мырза парламент трибунасында кооз сөздөрдү сүйлөп, “чымындан төө жасап”, бийликти шыбап гана тим калбастан, жеке бизнесин гүлдөтүү менен алек. Мисалы, “САНТА-БАЛАЗ” ЖЧКсы, “Гүл-Бак” ЖЧКсы, “Адвокат профи”, кыргыз-араб биргелешкен “WISPO” ишканасы, эл аралык “Манас”-Киноэпопея” фонду, “А и Ф-Бишкек” гезити, “Асыл Таш” пансионатына ээлик кылган “Мун Вей Тревел” ЖЧКсы сыяктуу компаниялар Р.Жээнбековго жана анын жакындарына катталган. Биз санаган компаниялар учурда жигердүү иштеп жаткан кези. Эгер ал: “Бийлик саясый куугунтукту күчөттү, оппозиционерлерди жарга такап, сазайынын колуна карматууда” деп ботодой боздогону чын болсо, анын фирмалары иштейт беле? Албетте жок, иштемек түгүл, эчак жабылмак.

Р.Жээнбековго тиешелүү делген “Демократияны колдоо фонду” аталыштагы коомдук фонд негизинен Батыштан каржыланары айтылып жүрөт. “Демократияны өнүктүрүү” шылтоосу менен бул фондко АКШдан ири каражаттар агылып келип, “адалданарын” божомолдош иттен оңой. Ушунун өзү: “Равшан Жээнбеков Американын “агенти”, океандын ары жагынан келген буйруктарды аткарат” деген божомолдун чындыгы бардыгын ырастабайбы? Муну укук коргоо органдары изилдесе, балким, суроонун жандырмагы чечилеттир…

Жаза берсек сөз көп. Кыскасын айтканда, Р.Жээнбеков эл үчүн күйгөн патриот эмес, өзүнүн кара башын ойлогон, бир кездеги мыйзамсыз иштери үчүн жооп берүүчү мезгил келгенин туйганы оппозиционер терисин жамынып, “булбулдай” сайрап калганын карапайым калк билгени оң. Эгер эл анын табигый жүзүн билсе, анын айткандарына ишенбей, эчак жүзүн үйрүп кетмек…

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru