Айбат » Жээнбекодун жеп ичкендери жетишээрлик…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жээнбекодун жеп ичкендери жетишээрлик…

1Кыргызстандын  алгачкы президенти А.Акаевдин доорунда коррупция  Ак үйдүн  жетинчи кабатына  жеткенин  президент өзү моюндаган жери бар. Өлкө башчысы айтып жаткандан кийин элдин баары ишенбеске чарасы жок эле. Анын үстүнө  Кыргызстанда завод-фабрикалар тонолуп, ири ишканалар чет өлкөлүктөргө ит бекер тыйындарга сатылып кетип жатканына жалпы коомчулук күбө болду. Президенттин коюн-колтугуна кирип алган мамлекеттик чиновниктер каалагандай байлык топтошту. Кой деген кожо, ай  деген ажо болбоду. Алардын бири бүгүнкү күндө  КР ЖК депутаты Равшан Жээнбеков. Азыр ар кимге акыл айтып  мойсопу болгону менен бул мырзанын артында канчалаган “калбырлары” катылып жатканын    тийиштүү органдар жакшы билет болуш керек. Анткени бул мырза Акаев доорунда  бүтүндөй Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фондун мыкчып  төрага болуп турган. Сөзүбүз кургак болбос үчүн  бир кызык фактынын четин чыгаралы. Анткени Равшан мырза тактыкты “сүйгөн” инсан эмеспи…

Ал маммүлктү башкарган алгачкы жылдары  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып бир топ иштерди жасагандыгын күч түзүмдөрү жакшы билет. Эң негизгиси “ВЛКСМ” атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасынын мамлекет акцияларынын сатылып кетишине Р.Жээнбековдун тийешеси тууралуу  чырдын аягы “чубактын кунундай чубалды”. Ким  эмне сатат? Кимге сатат? Биздин ишибиз эмне? А бирок ошол  америкалык «Марвел Ворлвайд» компаниясы   акыры жүрүп Р.Жээнбековго Америкадан түнөк бериши да мыйзам ченемдүү  көрүнүш сыяктанат. Болбосо, Р.Жээнбеков  Америкага неге качты? Бул эми кийинки  маселе… Азыр сиздердин көңүлдү башкага буралы. Эмесе, кеп башынан болсун…

Маммүлктү башкарып жаткан адам борбордогу ар бир ишкананы  жакшы билет. “ВЛКСМ атындагы Бишкек  кийим  тигүү  фабрикасы” эң ири ишканалардын бири. Ал 1982-жылы ишке киргизилген. 1988-жылы “Бидерманн” француз фирмасы бардык инженердик коммуникацияларды алмаштырып, 300дөн ашуун немец, италия, француз жана  америкалык жабдууларды коюп чыгышкан. Фабрика  бир жылда 198 миң  костюм чыгаруу долбоордук кубаттуулугуна ээ болуп, акыркы мезгилде айымдардын кийимдерин чыгарып жаткан. 1991-2004 -жылдары бир дагы технологиялык жабдуу башка тарапка сатылган эмес. 1995.29.12. №17/2 – 369  КР Маммүлк фондусунун Токтому менен  «ВЛКСМ» атындагы БКФ  уставдык капиталы 6 млн. 366, 7 миң. сом турган акционердик  коом болуп  кайра түзүлгөн. «ВЛКСМ» атындагы  БКФ  ААК  1993-жылы АКБ “Кыргызстандан” 1,5 млн. сом кыска мөөнөткө кредит-насыя алган. Аны 1995-жылы  төлөгөнү менен  кошумча  пайыздык  төлөмдөр чогулуп отуруп банкка 7,7 млн. сом карыз болуп калган. Андан тышкары 1996-жылы фабрикага Япон Өкмөтүнүн реабилитациялык займынан 1 млн. 136 миң 711  АКШ доллары, 10 жылдык мөөнөткө жылына 5 менен иштеп жаткан жабдууларга кошумча бөлүктөрдү жана жабдууларды сатып алууга техникалык кредит катары берилген.

1999-жылы мамлекеттик пакет акцияларды  300,000 АКШ долларына сатып алуу жөнүндө  америкалык «Марвел Ворлвайд ЛТД» компаниясынан (компаниянын президенти Савицкий В.) арыз түшкөн.

Ал  кезде фабриканын жетекчилиги  ишкана үчүн 2,0 млн.  АКШ долларынан кем эмес көлөмдөгү инвестициянын  зарылдыгы, анын ичинен 1,0 млн. доллар жабдуу каражаттарына жумшала тургандыгы тууралуу  коңгуроо кагып жаткан кези эле. А бирок түшүнүксүз жагдайлардан улам «Марвел Ворлвайд» компаниясынын 500,000 миң доллар көлөмдөгү инвестиция боюнча бизнес-планы өтүп кеткен. Ошентип КР Маммүлк фонду “ВЛКСМ” атындагы БКФ “ ААКсынын мамлекеттик акцияларын сатуу жөнүндө 2000.306.№79 буйругун чыгарып, анын жыйынтыгында наркы 19 млн. 106 миң сом болгон акциялардын 80,37 % «Марвел Ворлвайд»  америкалык компаниясына 300,000  миң АКШ долларына сатылып кетет. Мунун негизинде сатып алуу-сатуу келишими түзүлүп,  анда Япониядан алынган 1 207,4 миң АКШ доллары суммасындагы  техникалык кредитти компанияга жүктөө боюнча  жана 500,0 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция алып  келүү тууралуу милдеттенмелер каралган.

Келишимдин шарты боюнча инвестиция тартуунун аныкталган мөөнөттөрү көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу бул шарттын аткарылышына көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Фабриканын  акцияларынын мампакетин  өтө төмөнкү баада  сатып алуу-сатуу И.К.Гусаровдун ортомчулугу жана ошол кездеги вице-премьер-министр Б.И.Силаевдин кысымы астында ишке ашкан.

2003-жылдан тартып “ВЛКСМ” атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасынын негизги каражаттарын Япон Өкмөтүнүн техникалык насыясы боюнча  КР Каржы министрлигинин күрөөсүнөн алып чыгууга аракеттер жасалды. 2003-жылы фабриканын акцияларын «Твинсити холдинг» компаниясына сатып алуу үчүн Д.Усенов (“Темир банк” Казахстан) баштаган адамдар фабриканын эшигин жырта башташат. Акыры, КР Маммүлк фондусунун эки кызматкери фабриканын акциясы «Твинсити холдинг»  компаниясына сатылып кеткенге чейин келген  инвестициянын аныктыгын текшерет. Бишкек кийим  тигүү фабрикасынын жетекчилиги  контрактта каралган 500,0 миң доллардын ордуна «Марвел Ворлвайд» компаниясы иш жүзүндө  326.0 миң долларга  гана  инвестиция бергендиги жөнүндө маалыматты беришкен. «Марвел Ворлвайд» компаниясынын алган милдеттенмесин аткарбагандыгына  карабастан КР Маммүлк фондусу, тактап айтканда төрагасы Р.Б.Жээнбеков “ВЛКСМ” БКФ   ААКсынын 80,34 акциясын «Твинсити холдинг»   компаниясына 1 млн. 300 миң долларга сатууга  уруксаат берген.  Кептин ачыгы, КР Маммүлктүн төрагасы    Р.Жээнбеков бул ишке түздөн-түз көмөк көрсөткөн. Биз ишенген Жээнбековдун чыныгы жүзү акырындап ачылуунун үстүндө. Деги бул иш  Равшан мырзанын “акактай тунук” экендигинин айкын фактысы го. Кийинчерээк күрөөгө коюлган фабриканын негизги каражаттарын бошотуу  үчүн  тийиштүү түрдө КР Өкмөтүнүн 2004.7.05. №366  Токтому чыккан. Бул токтомго кол коюуга көмөк көрсөткөндүгү үчүн премьер-министрдин кеңешчиси А.А.Иорданга сый акы катары 80,0 миң АКШ доллары ыйгарылса, “ВЛКСМ” атындагы БКФ ААКсынын акцияларын жөнгө салууга уруксаат бергендиги үчүн Р.Б. Жээнбековго 50.0 миң АКШ доллары тартууланган.

Адистердин айтуусуна  караганда «Твинсити холдинг» компаниясы  даяр турган өндүрүштүн кубаттуулугун пайдаланып, күрөөгө коюлган негизги каражаттардын шартында деле иштеп кете алат.  Бирок алар күрөөгө коюлгандын бардыгын чыгарып кетүүгө катуу аракеттерди көрүп жатпайбы. Кандай жагынан алып карабагын «Твинсити холдинг» компаниясы пайданын  гана үстүндө марый берет. Мына Р.Б.Жээнбековдун кыраакы саясатчылыгынын бир үзүрү. Кыргыз мамлекетинин экономикасына кошкон  “зор салымы” үчүн  2005-жылы КР КК 304, 305-статьялары боюнча Р. Жээнбекого карата кылмыш иштери  №084-07-5026  КИ козголгон. Анда мамлекеттик каражаттарды ашыкча чыгым кылгандыгы (“ВЛКСМ” фабрикасынын мампакетин сатуу фактысы боюнча) деген айып тагылган. Кандайдыр бир себептер менен Р.Жээнбековдун күнөөсү жоктугуна байланыштуу кылмыш иши  токтотулган азырынча? Не себептен токтотулган? Фактылар айдан-ачык болуп турса да чырмалышкан коррупциялык  схема өз  кесепетин тийгизип жатканы айдан ачык.

Акыркы мезгилде И.К.Гусаров такай Б.Савицкий менен АКШдан арзан баада медикаменттерди сатып алуу жөнүндө , ошол эле мезгилде ВЛКСМ атындагы Бишкек кийим тигүү фабрикасынын иштери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн маалыматтар ачыкка чыгып жатат. Кандай айткан күндө да Р.Жээнбековдун жең ичинен жеп ичкендери толук далилдене турган күн келет. Мамлекеттик мүлктү каалагандай калчаган адамдар депутат болуп, тоок уурдагандарды кылмышкерге айлантууну токтотуу зарыл. Болбосо, кыргыз элинин келечеги эч качан кең болбойт. Муну мыйзамчы Равшан мырза жакшы билет болуш керек?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru