Айбат » Эшектен акыл сураган “Шрек-4”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эшектен акыл сураган “Шрек-4”

Шрек4Мулжуңдаганы, кулжуңдаганы, кээде так секирип кетмейи кудум Американын “Шрек” мультфилминдеги эшектин образына куюп койгондой окшош кесиптешибиз бар экенин билесиздер. Кебетесинин окшошун да эч кайда жашыра албайбыз. Көз караштарычы?.. Кудум эле эшек да… Анан майпаңдаганы, дардаңдаганы боюнча бул “мультпилимдин” баш каарманы Шрекке окшош саясатчыбыз Элмурза Сатыбалдиевди билбеген жан болбосо керек (Мультфилимдеги Шректин сырткы келбетинин образын америкалыктар биздин Шректин, т.е. Элмурза Сатыбалдиевдин кебетесинен алышса керек). Экөөнүн кудум мультфилимдеги Шрек менен эшектей болуп ээрчишип, эзилишип, сыр чечишип, анан эң башкысы бири экинчисине ушак ташышып жашаары да эч кимге сыр болбой калды. Экөөнүн урушканы да, табышканы да бат. Бирок, такыр ажыратпай турган бир нерсе бар. Ал нерсе Шректин, тү-үй ата, Элмурза Сатыбалдиевдин өз атаандаштарын Эшектин, кечиресиздер Аслан Сартбаевдин “Азия Ньюс” аттуу гезити аркылуу “поктоп” алмайы. Ал эми Эшектин, дагы кечирим сурайбыз, (тилибиз өзү эле Аслан Сартбаевдин өз атынан атап жиберип атпайбы), Аслан мырзанын Элмурза акасынан ажырай албаган себеби – кытыраган акчага болгон “өл-лө” катуу сүйүүсү. Мына ушул нерсе экөөнүн тандемин бекемдеп келет. Биз бул “Шрек” менен “Эшек” темасын токтотсокпу деп турганбыз. Бирок, эки эрен өздөрү эле теманын уланышына себеп берип коюп жатышпайбы? Элдин көзүнө аябай сабырдуу, акылман адамдай көрүнүүгө аракет кылган Элмурза ака тынч жүрбөстөн баягы көнүп калган ушакчылыгын кайра баштап атпайбы. Ушакты уккандан кийин эле алаканы кычыша берген Аслан ука болсо алаканын карт-карт тырмап коюп, төкпөй-чачпай бардыгын гезитине уруп жиберип жатат. Алаканынын кычышканын Элмурза акасы кытыраган акчалар менен “тырмап” койгон экен, Аслан укасы гезиттин чыгышы менен деп кафеде отуруп, пиводон кере-кере жутуп, дагы бир ушакты жакшы көргөн кесиптеши менен отуруп, Элмурза акасы кандай ушактарды айтып бергенин, ар бир ушакка канча “жашылбайдан” санап таштаганын айтып, “Досум сен деле ушундай бир Шрек кармап албайсыңбы? Экөөбүздүн кебетебиз окшош эле го?” деп койгон экен. Аны ошол эле кафеде отурган “Чокчолой баатыр” угуп калып атпайбы? Анан ал бизге айтып келип жатат да. Ал кайсыл ушактар экенин билгиңер келип турса, “Азия Ньюс” гезитинин жаңы санын барактасаңар табасыңар. Ал эми ал ушактардын канча сомдон бааланганын кийинки сериябызда айтып берели. Бардыгын “сразу” айтып койсок кызыгы кетип калат да. Кийинки сериябызда ушактардын баасы менен кошо, Эшектин кайсыл кымча белдүү суйкайган сулууну кылтакка илип, Шрек агасына “подарить” эткени жатканын да айтып беребиз. Андыктан күтүңүздөр.

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru