Айбат » Советбек Байгазиев, профессор: “Мамлекет дин иштерине көзөмөл кылбаса, коопсуздугубузга коркунуч жаралат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Советбек Байгазиев, профессор: “Мамлекет дин иштерине көзөмөл кылбаса, коопсуздугубузга коркунуч жаралат”

Байгазиев Советбек- Советбек мырза өткөн жумада Коргоо кеңешинин жыйынында дин иштери тууралуу талкуу болду. Анда Кыргызстан үчүн жаңы диний уюмдар өздөрүнүн ишенимин таркатуу менен олуттуу конфликттерди жаратып жатышканы айтылды. Чын эле ушундай коркунучтар болуп атабы?

– Андай коркунучтар болуп атат деп айтат элем. Анткени андай көрүнүштөр биздин көз алдыбызда эле өтүп атат. Бул маселеге бийиктиктен караганда эл аралык күчтөрдүн жаш Кыргызстанды бир жагынан христиандаштыруу, экинчи жагынан исламдаштыруу аркылуу бөлүп-жаруу максатын көздөп аткандарына өтө көп болуп калды. Кыргызстан демократиянын эйфориясына кирип кетип, романтик болуп, чет өлкөлүк диний уюмдарга эшикти кенен ачып койгон. Мындан пайдаланып дүйнөдө канча диний агым болсо, ошонун бардыгы агылып кирип келди. Романтик дегеним – ошондо кыргыз бийлиги өзүнүн жеринин, элинин, улутунун өзгөчөлүгүн, кыртышын эске алган эмес. Коммунисттик идеология учурунда кыргызды маңкуртташтыруу процесси жүргөн. Ошондо кыргыздар же исламды тутунбаган, же башка динди карманбаган, же өздөрү башында тутуп келген теңирчилигин да унуткан. Айтор кандайдыр бир ишенимге ээ болбогон, карманган туткасы жок жаштар өскөн. Мына ушундай сыйынып турган улуттук каадасы жок өтө эле интернацияланышып кеткен чөйрөгө дин эркиндигин киргизип жибергенде кыргыз эли ар кандай диндерге кирип кетти. Эсиңиздерде болсо керек, ошол эгемендиктин алгачкы жылдарында христиан динине кирип кеткен кыргыздардын “Россия” кинотеатрында курултайы болуп, Манасты өрттөшкөн. Мына ушунун бардыгы дин эркиндигинин натыйжасы болгон. Жогоруда айтканымдай сыйынаар каабасы жок чөйрөгө дин эркиндигин киргизип жиберүү өтө опурталдуу болгон. Бул жагынан Армения өтө сак өлкө экендигин көргөзгөн. Ал өлкөнүн лидерлери өз улутунун өзгөчөлүгүн билген, сактоону көздөгөн жетекчилер экен. Анткени ошол демократиянын шарданы менен аларга да дин эркиндиги кирип келген. Анан аны байкаган Армения бийлиги “Чет элдик дин үгүтчүлөрү 24 сааттын ичинде Армениянын аймагынан чыгып кетсин” деген токтом чыгарган. “Армениянын аймагында Армян чиркөөсү гана жашайт” деген. Бизде болсо Юстиция министрлиги коррупциялык аракеттери менен “шапкесин” алып туруп, ар кандай диний уюмдарды каттай берген. Азыр 300дөн ашык диний уюмдардын лицензиясы бар экен. Ошонун айынан бир үй-бүлөдө бирөөсү баптист, бирөөсү христиан, бирөөсү мусулман болуп атат. Бир сөз менен айтканда чет өлкөлүк миссионерлер Кыргызстанда каалаганын кылып атат. Орто Азияга Халифат орнотобуз дегендер да бар. Азыр кыргыздар ислам дининин ар кайсыл агымдарына ойлонбой кирип кетүүдө. Бир четинен ислам динине киргендери жакшы. Бирок, ислам дининде да тескери аракеттеги агымдары бар экен. Ошондуктан диндик кырдаалды көзөмөлгө албаса, өлкөбүздө согуш оту да чыгып кетиши мүмкүн.

- Буга чейин Кыргызстан дин иштерине таптакыр кийлигишпей келген. Мындай стратегия катачылык болгондугун Коргоо кеңеши белгиледи. Демек, дин иштерин да мамлекет көзөмөлгө алганы туура болобу?

– Мамлекет өзүнүн коопсуздугун кайсыл жактан коркунуч болуп жатса, ошол жагынан сакташ керек. Ал дин маселеси болобу, чек ара маселеси болобу, бардыгын иликтеп, күзөтүп турушу керек. Атамбаев мамлекеттик кызыкчылык болушу керек деп жакшы айтты. Өз аймагында мамлекет кожоюн болушу керек. Тизгинди колго алышы зарыл.

- КР президенти Алмазбек Атамбаев муфтият акча каражаттарын эсептеген гана финансылык уюмга айланып калды деген пикирин билдирген. Чын эле ошондой болуп калдыбы?

– Мен муфтиятты сыртынан гана билем. Анын ички кухнясын билбейм. Биз башка мамлекеттерде дин башкармалыгы кандай иштеп атканын карашыбыз керек. Мисалы Россияда христиандар кандай иштеп атат дагы, мусулмандар кандай иштеп атат? Биз кыргызга кайсыл дин ылайыктуу болсо, ошол динди өнүктүрүшүбүз зарыл. Муфтият бул жагынан бардыгы менен эле дос боло бербей контраракетти да жасашы керек. Кыргыз элинин менталитетине башка диндер үстөмдүк кылбашы шарт.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru