Айбат » Текебаев эмне эдиреңдейт десе..?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Текебаев эмне эдиреңдейт десе..?

Текебаев ӨмүрбекЖогорку Кеңеште Кыргыз Өкмөтүнүн Канадалык компаниялар менен “Кумтөр” алтын кенин иштетүү үчүн жаңы долбоордун маселеси каралып жаткан күнү тактап айтканда 2014 – жылдын 6 февралында “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев катуу эдиреңдеп: “Кыргызстан мурдагы келишимди бир тараптуу бузуш керек” -деп чыкты. Ушул эле Ө. Текебаев өткөн 2013 жылдын ноябрь айында “Кумтөрдү улутташтырыш керек” -деп дагы бир оолуккан. Башка го башка, карапайым адамдар мыйзамдарды жакшы биле бербейт. Бери дегенде Кыргызстандын бийлигинин мыйзам чыгаруу бутагында 23 жыл бою  депутат болуп жүргөн Ө. Текебаев “Кумтөрдү” улутташтыруу жөнүндө ооз ачпас керек эле. Себеби, Ө. Текебаев депутат болуп жүргөндө, Жогорку Кеңеш тарабынан 1997 жылы  кабыл алынган “Жарандык Кодекстин” 288 – беренесинде көрсөтүлгөндөй эгер “Кумтөрдү” улутташтырганда канадалык компанияларга алардын мүлкүнүн баасын, ала турган кирешелерин Кыргызстан төлөп бергенге мажбур болмок. Мындай чыгымдын көлөмү болжолдуу 3 миллиард АКШ долларына барабар. “Кумтөрдү“ улутташтыруу  Кыргызстанды жарга түртүүгө барабар эле.

Кыргыз бийлигинде, парламенттик шайлоолордо, жедеп “алчы таасын жеп” суудан кургак чыкканга маш болуп калган Ө. Текебаевдин, анын “Ата Мекен” фракциясынын “Кумтөр” боюнча жаңы долбоорго каршы добуш бериши:  айрым фракциялаштарынын өздөрү болбосо да, алардын балдары аркылуу эл алдында жууса кетпей тургандай болуп булганып калган абройлорун, актаганга далалат жасашып, келерки парламенттик шайлоодо саясий упай топтоонун амалы-деп баалашууда коомчулук.

Катарларында Болот Шерниязов, Карганбек Самаков, Өмүрбек Абдрахманов, бизнесмен болбосо да жыйып койгон арбын дүйнөсү бар Равшан Жеенбеков сыяктуу акчаны асманга сапырышкан бизнесмендери болсо да “Ата Мекенчилер” Бакиевдин тушунда 2008-жылдан тарта 2010- жылдын 7-апрелине чейин партияларына офис кармаганга акчалары жок, тиштеринин кирин сорушуп, бир бечаранын кебетелерин кийишип, Аликбек Жекшенкуловдун атасынын үйүнө башпаанек кылышып жүрүшчү. Сыягы, бул кимдир бирөөлөрдүн боору  ооруй тургандай “бечаралык”- чет жактан акча алуунун амалы болсо  да керек. Анткени, “бечаралар”- 2010-жылдын октябрындагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо акчаларын сапырып чыгышты. Ушул шайлоого сарптаган болжолу 5 млн. долларды “Ата Мекенчилер” кайдан алышкан, же алардын ата-энелеринин байпактарына катып жүрүшкөн пенсиялары болду бекен? Түк  окшошпойт, коошпойт!!!

Тышкы күчтөр үчүн тигил же бул мамлекеттин бийлик чөйрөсүндө каршылаштар көп болсо аларга “майдай жагат”. Бийликке каршы топторду акча менен тымызын колго алышып, аларды  өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланат. Кандай болгондо да келерки парламенттик шайлоого “Ата Мекен” саясий партиясы катышпай койбойт. Бул партия бийликте атайлап карама каршылык жаратып чет элдик  кайырмакка өздөрү илингиси келип жаткан жокпу? -деген бүдөмүк ой жаралбай койбойт.

Ата Мекенчилердин “Кумтөр” жаңы келишими боюнча келечекте Кыргызстандын юрисдикциясында түзүлүүчү компанияга, Кыргызстандын үлүшү 50 көтөрүлүп дагы канадалык компаниялар 100 млн. АКШ долларын берүүгө макул болушуп, 2026 -жылга чейин Кыргызстандын үлүшү 67 көтөрүүчү долбоорго каршы болуп жатышында бир мандем бар.

“Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган келинди үй чечкенде көрөбүз” -дейт кыргыз макалы. Ушул макалда айтылгандай келерки шайлоодо көрөбүз “Ата Мекенчилерди” шайлоочу эл кандай кабыл алышаарын.  Бирок, алар шайлоодо “Кумтөр” маселесин “байрак кылып желбиретээри” бышык.

Болот Кожогелдиев

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru