Айбат » Мамлекеттик дирекциянын алдында эң башкы милдет – коогалаңдан жабыркагандарга үй куруп берүү болгон

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мамлекеттик дирекциянын алдында эң башкы милдет – коогалаңдан жабыркагандарга үй куруп берүү болгон

Ош блок постЖакшыны жакшы, ийгиликти ийгилик деп айтканга көнө албайт окшойбуз. Дегеним 2010-жылкы түштүк коогалаңынан кийин түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик дирекциянын жигердүү жасалган ишин өз деңгээлинде баалабай, тескерисинче жумурткадан кыр издөө менен алек боло баштадык.

Тактап айтканда, аталган дирекциянын ишин иликтөөгө алуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия азыркы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев дирекцияны жетектеп турган маалдагы ишмердүүлүгүн иликтөөгө алып, эч кандай мыйзам бузууларды таппаса да, курулай дооматтар менен күнөө жабууга аракет жасай баштады. Өзгөчө “Республика” фракциясынын депутаттары Мамлекеттик дирекциянын ишинен кынтык таап, анын аркасы менен Сатыбалдиевди өкмөт башчылыгынан эңип түшүүнү көздөп турушат. Анын артында кандай максаттары турганы бир өздөрүнө, анан Кудайга гана маалым болсо керек. Ошентсе да биздин боолголообуз боюнча убагында дал ушул партиянын лидери өкмөт башчылыгынан ыргыгандан кийин өкмөт башына Жантөрө Сатыбалдиев келген. Андыктан муну реванш алууга болгон аракет деп бааласак деле болот.

Парламент трибунасынан туруп, “Мамлекеттик дирекция ушул кезге чейин бир да жолу финансылык отчётун бере элек” деп күпүлдөп жаткан депутаттар кыязы кыш чилдесинде чээнге кирип алып, уктап жаткан аюудай болуп жаткансыйт. Андыктан алар “уктап” жатканда болуп өткөн маалыматтарды айтып койгонубуз эп болот. Биринчиден, депутаттардын “дирекция финансылык отчётун бере элек” деген дооматтары 100 пайыз жалган экендигин айтып коёлу. Анткени ушул күнгө чейин аталган дирекция өздөрүнүн байкоочу кеңешине 6 жолу финансылык отчёт беришкен. Кече жакында эле 95-98 пайыз бүткөрүлгөн 8 объектини өткөрүшкөн. Эсептөө палатасы 18 ай текшерүүгө алган. Бирок, эч кандай мыйзам бузуучулукту таба алышкан эмес. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуучулук болсо эсептөө палатасы ушул күнгө чейин унчукпай отурмак эмес. Мындай маалыматтан түк кабары жок депутаттар “уктап” жатып эле тура калып эмчек сурап  ыйлаган жаш балдардан кандай айырмасы бар?

Мамлекеттик дирекция болгону 30 ай, же болбосо 2,5 жыл иштеген. Ал эми анын үстүнөн текшерүү депутаттык комиссияны кошкондо 31 айга созулган. Албетте, текшерүү керек. Бирок, 30 ай иштеген дирекцияны 31 ай текшерүүгө алуу деги эмнени түшүндүрөт? Же эптеп эле коркутуп-үркүтүп, жарга такоо максатпы? Экинчиден, ошол 2010-жылдагы түштүктөгү элдин абалын, маанайын азыркы кыйкырып аткан депутаттар унутуп калгансыйт. Эл бузарлардын айынан бир тууган эки эл кагылышып, натыйжада үйлөр өрттөлүп, жүздөгөн мекендештерибиз көчөдө калган. Алар ал убакта эч кимге ишенбей калган болчу. Мына ошолордун бардыгынын кайгы-муңун тең бөлүшүп, маанайларын көтөрүү дагы ошол убакта Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Мамлекеттик дирекциянын милдети болгон. Коогалаң жайдын ортосунда болсо, андан кийин күз, анан эле кылычын сунуп кыш мезгили кирип келмек. Ошол мезгилге чейин үйсүздөрдү үй менен камсыз кылуу милдети турган. Мына ушул милдетти Мамлекеттик дирекция жигердүүлүк менен жасаган. Кыш мезгилине чейин көчөдө калган адамдар үйлүү болушкан. Кыска мөөнөттө эле ушундай натыйжа берген дирекцияга алкыш айткандан көрө, алка-жакадан алып отурганыбыз акылга сыябы?

Мамлекеттик дирекция өзүнүн 30 айлык ишмердүүлүгүндө жалпысынан 173 обьекти курган. Алардын ичинде турак-жайлар, социалдык жана инфраструктуралык объектилер бар. Мына ушулардын ар бирине токтоло турган болсок, өтө узун сабак сөз болот. Андыктан айрымдарын гана мисалга тарталы.

Жалпы жонунан Ош жана Жалал-Абад шаарларына курулган көп кабаттуу үйлөрдүн саны 36га жеткен. Алты административдик мекеме курулган. Маданият жана спорт тармагында 21 обьект, инженердик-инфраструктуралык тармакта 23 обьект, Кең-Сай жана Ачи конуштарын өздөштүрүүдө 8 обьект,  башка тармактарда 60 обьект курулган. Ош шаарындагы маданият мекемелеринин имараттары – Ош шаардык филармониясынын бир залы, Ош шаардык улуттук драма театры, ардагерлер үйү капиталдык оңдоодон өткөн. Ош шаарындагы 25 жатакананын суу өтүп турган чатырлары алмаштырылган. Жалал-Абад шаарында көзү азиздер үчүн атайын үй курулган. Коогалаңда өрттөлүп кеткен мектептер оңдолуп гана токтоп калбастан, дагы башка жаңы мектептер курулган.

Айтор, айта берсек жогоруда айткандай узун сабак сөз. Мындай ири курулуш иштери СССР маалында болсо болгондур, бирок Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон бери мындай иш жасала элек болчу. 2,5 жылдын ичинде 173 обьектин курулушу бул эбегейсиз чоң жумуш, ийгилик. Мына ошону баалап-барктабаган депутаттык комиссия эмне максатты көздөйт? Алар үчүн мамлекетибизде жалаң мыйзам бузуулар гана болуп туруш керекпи? Акыры ийгиликти да тааный биле турган кез келди го. “Биз жаманбыз” дей берсек, курулай кыйкырык сала берсек, анын түбү акыры жакшылыкка алып келбесе керек.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru