Айбат » Марс Сариев: “Парламентти, өкмөттү таркатуунун арты менен башка оюндар болуп кетиши мүмкүн”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марс Сариев: “Парламентти, өкмөттү таркатуунун арты менен башка оюндар болуп кетиши мүмкүн”

Сариев Марс- Маалымат сайттарынын бири өлкөбүздөгү оппозиция өкмөттү кетирип, андан соң парламентти таркатып, натыйжада Украинадагыдай кырдаалды түзүүнү көздөп жатышкандарын жазып чыкты. Бизге ушунун кереги барбы?

– Албетте, кереги жок. Украина кандай болгон күндө дагы Европага жакын, цивилизация бар. Канча убакыттан бери тирешүү болуп атса дагы чоң кырсык болгон жок. Бизде болсо менталитет башка. Маселен, 2010-жылдагы революцияда эмне болду? Ошол мезгилдеги бийлик ойлонуп отурбастан, элге ок чыгарып туруп качып кетпедиби? Андыктан бизге мындай көрүнүштүн кереги жок. Бирок, тилекке каршы ошондой пландар, долбоорлор бар. Алар бул пландары ишке ашып кетсе, мамлекет эмне болот дегенди ойлонушкан жок. Өз кызыкчылыктарын эле ойлоп жатышат.

- Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатып, кайра жаңы шайлоо өткөрүүнүн канчалык кажети бар?

– Азырынча Жогорку Кеңешти таркатуу туура эмес. Анткени чоң чатак чыгып кетиши мүмкүн. Азыр ансыз да кырдаал жакшы эмес. Коңшулаш Казакстанда да теңгенин долларга катар курсу өтө төмөн түшүп кетип, эмне болуп атат? Парламентти таркатуу, өкмөттү кетирүү бул саясый оюндар. Аны ойноонун азыр кереги жок. Биз парламентти канча жактырбасак дагы таркатууга болбойт. Себеби анын арты менен башка оюндар болуп кетиши мүмкүн.

 Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru