Айбат » Кечээ эле ат чаптырып жүргөн Келдибековго эмне болду, кокуй?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кечээ эле ат чаптырып жүргөн Келдибековго эмне болду, кокуй?

КелдибековТизесинен операция болуп ооруканадан чыкпай жаткан, коррупцияга шектелип, чыныгы орду түрмөдө болгон Акматбек Келдибековдун адвокаттары көбөйдү.

Мисалы, депутат айымдар Надира Нарматова менен Бөдөш Мамырова биринен-бири сөз талашып Жогорку Кеңештин трибунасынан Келдибековду жакташып, биринен сала бири ооруканага ат тезегин кургатпай жарышып барып, эптеп кайрадан УКМКнын СИЗОсуна кетирбей алып калуунун айла-амалын издешүүдө.

Белгилүү болгондой, Келдибеков камакта жаткан жеринен ден соолугунун начарлашына байланыштуу тизесине операция жасаш керек деп Травмотология жана ортопедия борборуна алып келинип, тизесиндеги мениск деген жерине операция жасалган. Муну аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков тастыктап, өзүнүн дарыгерлик бүтүмүн чыгарып берген.

Бул операция тууралуу академик Жумабеков жогорку технологияларды колдонуу менен ортоскопдун жардамы менен жасаларын, абдан кылдат иш экенин билдирди жана калыбына келүүсү эки айга чейин барарын айтты.

Бирок биз “Википедия” сайтынан тизенин менискине жасалуучу операциядан кийинки реабилитация үч жумага чейин гана созуларын окудук. Анын үстүнө Россияга Сочидеги Олимпиаданын ачылышына барган ажобуз Алмазбек Атамбаевдин да тизесине дал ушундай операция жасалып, жакынкы күндөрү эле кайрадан ишке кирише турганы белгилүү болду.

Ошондой эле Келдибековдун кайдан-жайдан чыканактары да ооруп, аларга да операция жасаларын Жумабеков айтууда. Биз болсо кечээ эле улак тартышта ат чаптырып жүргөн Келдибековдун мындай ден соолугунун тез арада кескин начарлап кетишин түшүнбөй турабыз. Же ооруканадан жаздын келишин күтүп, андан ары эмне болуп кетер, бийлик алмашып калар деген изги тилек болуудабы?

Айрым адистердин пикиринде, Келдибековдун айланасындагы мындай чуу атайылап уюштурулууда жана бир канча себепке ээ. Келдибеков жана анын акыл кошчулары операциялар аркылуу айыпка тартылуунун мөөнөтүн узартууда. СИЗОдогу бир күн эки күнгө тете болот, муну менен дагы мөөнөтүн кыскартуу амалына барууда. Же баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга алмаштыруу боюнча соодалашып атат. Ал эми дарыгерлер болсо уйку келтирүүчү дарылар, ар кандай капельницалар аркылуу ден соолугун начарлагандай түр көрсөтүүдө.

Эми академик Жумабеков калайык калкка кеңири түшүндүрүп берер, ал деле Гиппократтын антын сактап, Келдибековду СИЗОдон сактап калуу аракеттери сыяктуу терс иштерге барбас деген үмүттөбүз. Жумабековдун Бакиевдин убагында саламаттыкты сактоо министри болгону, бир тууганы Дастан Жумабеков “Ата Журттан” депутат экени, ал эми өзү болсо Келдибеков менен тыгыз достук мамиледе экени эле роль ойноп кетпесе…

Негизи эле камакка алынган коррупционер чоңдор бир жума өтүп-өтпөй эле оорукчан болуп чыга калышкандары коомчулукту таң калтырууда. Бул жоопкерчиликтен качуунун эң мыкты ыкмасына айланганы көрүнүп турат.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru