Айбат » Нурлан Орозбаев: “Кыргызстанда оппозиция жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев: “Кыргызстанда оппозиция жок”

Орозбаев Нурлан- Оппозициянын учурдагы абалына кандай баа бересиз?

– Бизде оппозиция жок десем жаңылышпайм. Ал эми кайсы бир деңгээлде саясый оппоненттер бар. Алардын аракеттеринин мүнөзү чачкын позицияда болгондуктан бирдиктүү идеянын негизинде бириге албай келишет.

- М.Мырзакматов, К.Ташиев, А.Бекназаров, А.Жекшенкулов, К.Кадыров, С.Жапаровдор өздөрүн оппозиция лидери эсептеп жүрүшпөйбү?

– Жок, сиз атагандар саясый оппоненттердин белгилүүлөрү. Себеби оппоненттер ар дайым мамлекеттик саясатын кемчиликтерин гана айтат. Ал эми чыныгы оппозициялык күчтөр мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнүн альтернативасын элге айтып көрсөтүп, өз тарапкерлерин көбөйтөт. Биздин өлкөдө андай саясый күчтөр же оппозиция калыптана элек.

- Ысымы аталган саясатчылар биригүү аракетин көрүшүүдө. Бул канчалык жүзөгө ашышы ыктымал?

– Аталган саясатчылардын биригүү аракеттери ишке ашпайт. Анткени, алардын саясый максаттары бир болгон менен позициясы жана саясый көз караштары башка. Буга чейин да бир нече жолу биригүүгө аракет жасашып, бирок натыйжага жетпей келишкен. Маселен «Кумтөр” маселесинин тегерегинде ар кандай саясый оюндарды гана уюштуруу менен гана алектенишип, эч кандай бирдиктүү идеясын коргой алышкан жок.

- Кыргызстанда да Украин сценарийин кайталоо аракети көрүлгөнү байкалууда. Сиздин пикириңиз кандай?

– Бизде Украинадагыдай кырдаалдын курчушуна негиз жок. Анткени, жалпы жарандардын саясый маанайына түрткү берүүчү саясый кырдаал түзүлө элек. Бирок кайсы бир сырткы күчтөрдүн аракети менен кырдаалды пайдаланып, ызы-чуунун негизинде максатын жүзөгө ашыргысы келген топтор бар.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru