Айбат » Нарындагы МАИчилердин жоруктарынан

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарындагы МАИчилердин жоруктарынан

N0001AНарын шаардык МАИ кызматкерлери быйылкы жылы абдан “мыкты” иштеп жатышыптыр. Алардын “мыкты” иштегенин бизге Нарын шаарынын айдоочусу  Нурсултан айтып берди. Анын айтымында Жол эрежесин көзөмөлдөгөн МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган автоунааларды токтотпостон, жол эрежесин бузбагандарды токтотуп, керек болсо айдоочулук күбөлүгүн да алып жатышыптыр. NB 013 номерлүү кызматтык машинени айдаган Смаилов жана Темирбеков Мирлан аттуу Нарын шаарынын МАИ кызматкерлери 11-февраль күнү эртең мененки саат 10дор чамасында У. Таранчы көчөсү менен Ленин көчөсүнүн кесилишинде  жол эрежесин бузган Ауди 100 үлгүсүндөгү автоунааны токтотпостон, Мерседес үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп, анын айдоочусу Нурсултандын айдоочулук  күбөлүгүн  алып коюшкан. Биздин гезит коомдогу ар кандай көйгөйлөрдү жазып, калың журттун катылып жаткан маселелерин коомдун талкуусуна салганын билген Нарын шаарынын тургуну Нурсултан бизге кайрылды: “Мени токтоткон жол көзөмөлдөө кызматкери Мирлан Темирбековдун төш белгиси да жок болчу. Алдымдагы Ауди 100 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол эрежесин бузган, аны токтотпой, мени токтотуп айдоочулук күбөлүгүмдү алып коюшту. Мен мага жазылган айып пулду  төлөйм албетте, бирок мен ага күйгөнүм жок. Нарын шаарынын МАИ кызматкерлери өз иштерин жакшы билип, өздөрүнүн да, айдоочулардын да укуктарын сыйлап жана сакташса дейм” , – дейт Нурсултан. Албетте, бул биздин коомдо болуп жаткан кичинекей гана көрүнүш. Бирок, ушундай көрүнүштөрдү керектүү ишканалар, жетекчилер колго албаса, көбөйүп эле баратат.  Нарын шаарынын МАИнун начальниги Талант мырза, кол алдыңызда иштеген кызматкерлериңиздин иштеп жаткан иштеринен кабар, отчёт алып койсоңуз жакшы болчудай.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru