Айбат » Нуркыз Караева: “Майкл Жексондун жана Лара Фабиандын ырларында чоңойдум”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Нуркыз Караева: “Майкл Жексондун жана Лара Фабиандын ырларында чоңойдум”

Караева Нуркыз

Замана студиясынын ажарлуу жана токтоо айымы Нуркыз Караева менен маек курдук

- Нуркыз, журналистиканын казанында канча жылдан бери кайнап келе жатасыз?

– Журналистиканын казанында кайнаганыма быйыл 7 жылдын жүзү болуптур. Өкүнбөйм. Мен окууга тапшырып жаткан жылдары (2005-ж.) Журналистика факультетин тандагандар аз эле, 4 группа, 20 студенттен эле. Бюджет көп, контрагы да аз болчу. Башка каалаган окуусуна өтпөй калгандар, журналистикага тапшырып коюшчу. Ал эми азыр бюджет дээрлик жок, окууга болгон контракттын баасы 3 эсе өскөн. Студенттердин саны да бир кыйла көбөйдү. Журналистикага өтө албай жүргөндөр канча. Демек, бүгүн журналисттик кесип керек жана популярдуу кесип десек болот.

- Ата-энеңиз кесибиңизге кандай көз карашта?

– Менин ата энемдин шаарда туруп калгандарына 40 жылдын жүзү болуп калды. Атам өзү Бишкек шаарында окуп, совет мезгилинин тарбиясын алган. Бирок, кыргыз- тили, кыргыз көрсөтүүлөрү деп, биздин үйдө дайым улуттук каналды тандап көрчүбүз. Көбү “шаарда өстүңөр «орус чалышсыңар»- деп, айтып калышат,  бирок андай эмес. Биз үйдө дайым кыргыз- тилинде сүйлөп, кыргыз көрсөтүүлөрүн калтырбай көрөөр элек. «Көз караш», «Жетиген», «Ыр-кесе», «Арноо концерти» аттуу көрсөтүүлөрдү көрүп чоңойдук десем болот. Кийин окуудан практикага жөнөтөөрдө, улуттук каналды өзүм тандап алгам. 2006- жылы «Ала-Тоо» маалымат программасына келип иштеп, кийин күзүндө штаттан тышкаркы кабарчы катары иштеп калдым. «Ала- Тоо» мен үчүн мыкты мектеп болду.  , Абды Сатаров,  Бердибай Саматов,  Вера Черникова, Назира Ахмедова, Кыял Шаршеева, Эрнист Кыязов аттуу белгилүү журналисттер менен иштешип сабак алдым. Репортаж даярдоону, 15 минут сүйлөгөн адамдын 20 секунддук ток этер жерин монтаждап кыскартууну, такыр сүйлөй албаган инсанды, камерадан корккон адамды сүйлөтүп алууну үйрөндүм. Акылдуу, сөз байлыгы кең, интеллектуалдык деңгээли мыкты инсандар камера алдында өздөрүн жоготуп коюп, такыр ачылып сүйлөй албай калган учурлар болот, мына ошондо журналист ага өзүнүн суроолору менен, чеберчилиги менен ал адамды сүйлөтүп алууга шыктуу болушу шарт.

- Замана студиясына кантип келип калгансыз?

– Кийин «ЗАМАНА» таңкы студиясына  жаш журналисттер талап кылынат, деп «Замана» студиясына которулгам. Ал учурда  Кыргыз Республикасынын  эл артисти Тамара Жаманбаева продюссер болуп турду эле. Менин жашоомдогу эң бир жетишкендик- десе, Тамара эже менен иштешип калган мезгилди айтат элем. Тамара эженин мыкты тажрыйбасы, менин жаш потенциалым  менен өспүрүмдөргө жана жаштарга арналган бир топ  рубрика, передачаларды даярдадык. Андан тышкары Тамара эжеден адамга тиешелүү сапаттарды үйрөндүм. Тактык, жоопкерчилик, өзүңдү тыкан алып жүрүү, адам менен сүйлөшүү, баарлашуу жада калса туура түстүү кийимди тандоону да эжеден үйрөндүм.

- Замана студиясында үзүрлүү эмгектенип келесиз, эгер башка телеканалдар иш сунуштаса барасызбы?

– Мен биринчиден кабарчы- журналистмин, анан барып алып баруучумун. КТР босогосун аттаганда алып баруучу болом деп ойлогон эмесмин. Мыкты журналист болсом деген тилегим зор эле. Туз эфирге мен акыркы 3 жылдан бери чыгып келем. Тамара эже айтаар эле, туз эфирди самолётту айдап бара жаткан пилот менен салыштырса болот деп.   Бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Бир дагы ката болбошу керек. Бирок азыркы жаш студенттер келип, бат эле эфирге чыгып, жылдыз болгусу келишет. Түз эфирди оңой иш көрүшөт. Андай эмес. Эфирдин аркасында канча кызматкер бар, канча иш- мунун барын көрүп түшүнгөндөн кийин гана кесибиң сен үчүн алмашкыс жанга айланат. Дарак бир- жерден көгөрөт демекчи, сүйгөн ишимди чанбайм.

- Теледен токтоо көрүнөсүз, чыныгы жашоодо кандайсыз?

– Туура байкадыңыз. Көп адамдар ушундай ойдо. Мындай мүнөзгө мени  Замана студиясы тарбиялады десем туура болот. Себеби, биздин көрсөтүү башка каналдардын таңкы көрсөтүүлөрүнө караганда маалымат – музыкалык программа. Биз башкаларга окшоп, орунсуз тамашалап, көп сүйлөбөйбүз. Кыска маалымат айтабыз. Алып баруучулар дээрлик токтоо. Көрүүчүлөрдү тажатпаганга аракет кылабыз. Сөзгө, сүйлөмдөрдүн курулушуна басым жасайбыз.  Студиябызга ак үйдөн, өкмөттөн, жогорку кеңештен коноктор, эл артисттери, эмгек сиңирген ишмерлер келишет. Алар менен токтоо жана тиешелүү деңгээлде маек куруу керек. Ал эми чыныгы жашоодо, дагы деле бала мүнөз, бала кыял болушум керек.  Кесиптештеримдин жана досторумдун көбү өтө жөнөкөйсүң дешет.

- Эфир учурундагы кызыктуу моменттерден эскере кетсеңиз?

– Биз бир жумада 3 сааттан туз эфирди алып барабыз. Кызыктуу, күлкүлүү окуялар көп эле болот. Бир жолу кардиолог- дарыгер келип, жүрөк кан- тамыр оорулары тууралуу телекөрүүчүлөргө түз байланышта  кеңеш берип жаткан. Бир телекөрүүчү телефон чалып: Менин жүрөгүм ооруйт- анын себеби- Нуркыз Караева, деп телефонду коюп койгон учурлар болгон. Кадр сыртындагы оператор, режиссёрлор күлүп, туз эфирде отурган дарыгер экөөбүз да күлкүбүздү тыя албай, ал ситуациядан эптеп чыкканбыз.

- Кайсы инсан менен бир эфирде маек кургуңуз келип жүрөт?

– Мындан бир жыл мурун бир журналист ушул суроону берди эле, анда мен Роза Отунбаевадан интервью алсам деп жүрөм дегем. Кудай буйруп өткөн жылы күзүндө атайын долбоордун негизинде өзүмдүн суроолорумду Роза Отунбаевага бере алдым.  Ал эми азыр Баткен областында 11 кыз торогон аял заты бар экен, мына ушул айым менен жолугуп репортаж даярдасамбы деп жүрөм.

- Эфирге чакырган конокторуңар кечигип калып же келбей койгон учурлар болобу? Андай учурларда ситуациядан кантип чыгасыздар?

– Андай учурлар дээрлик аз болот. Туз эфир жоопкерчиликтүү иш. Биз конокту бир жума мурун даярдап, суроолорду сүйлөшөбүз. Анан келе турган конокко таң эрте телефон чалып, ойготкон күндөрүбүз да болот. Ал эми конок кечигип келбей калган күндөрдө, режиссёр менен алып баруучуга көп иш жүктөлөт.

- Башка телеканалдар менен атаандашуулар болобу?

– Мындан 2-3 жыл мурун таңкы студиялар саналуу гана болчу. Бүгүн ар бир каналдын таңкы программалары бар.  Атаандаштык болот- ансыз иш алдыга жүрбөйт да. Азыр КТРК санариптик форматка даярданып жатат. Биз дагы бул форматка даярданып изденүүнү үстүндөбүз. 200 каналдын арасында жоголуп кетпейли деген тилектебиз. Ал үчүн талыкпай иштеш керек. Жаңылануу керек. Журналисттер көрүүчүлөрдү санариптик берүүгө даярдашы шарт.

- Журналистикада иштеп жүрүп жан дүйнөңүзгө кандай азык таба алдыңыз?

– Жан дүйнөнүн азыгы, бул жакшы китеп, анан музыка дээр элем. Мен кичинекей кезимден тарта, Майкл Жексондун жана Лара Фабиандын ырларында чоңойдум. Алар мага дем күч берээр эле. Себеби, Майкл Жексондун 5 минуттук чыгармасында канча философия, ой жатат.   Ал эми журналист болуп эмгектенип жакшы жашоону адам өзү-өзүнө тартуулайт- деген тыянакка келдим. Адам өзү жакшы- жашагысы келсе ага умтулат. Өзүнө гана ишенип, максатты алдыга катуу коюу керек. Анан кылган иштериңди анализдөө шарт. Ансыз адам өзүнүн эмне иш аткарып жүргөндүгүн баалай албайт. Мусулман баласы болгондуктан шүгүр дегенди унутпоо керек деп ойлойм.

- Журналистикада жүрүп саясатка аралашкандар көп эмеспи. Сизди кийин Кыргызстандын саясатынан көрө алабызбы?

– Солдат барып-генерал болот, мугалим- барып мектеп директору болот, дарыгер барып- башкы дарыгер болот, ал эми журналист барып- саясатчы болот, дешет.  (күлүп) Эртең эмне болорун эч ким билбейт. Мен дагы саясатчы болом же болбойм дегенден алысмын. Бешенеге жазганды көрө жатарбыз.

- Дагы кандай телекөрсөтүүнү алып баргыңыз келет?

– Учурда биз Замананын аудиториясын кеңейтүү менен алекпиз. Жаңы долбоорлорду жаздык. Мага жаккан тема социалдык –экономика, маданият, улуттук баалулуктар. Мына ушул жаатта азыр «Кыргыз даамы» теле долбоорунун үстүндө бир команда түзүп иштеп жатабыз. Кыргыздын унутта калган тамак- аштарын алып чыгып, аларды пропагандалап, жаштарга үйрөтсөкпү деген максатта. Байыркы кыргыздардын тарыхын карап көрсөк, биз билбеген 400дөн ашык тамак аш бар экен. Аларды даярдоо ыкмасы, сактоо технологиясы өзүнчө чоң материал болот. мына ушунун барын топтоп, тартып өзүнчө диск кылып чыгаралы деген тилектебиз. Биздин демилгени колдогондор көп.

- Маегиңизге рахмат!

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru