Айбат » Искендер Шаршеев: “Кыргызстан эл аралык соттордон жеңилүүдө, “Кумтөр” боюнча да жеңилет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Искендер Шаршеев: “Кыргызстан эл аралык соттордон жеңилүүдө, “Кумтөр” боюнча да жеңилет”

Шаршеев Искендер- Бажы союзу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки этабы 2014-жылдын жаз айларына дайындалган. Бул кыска убакытта Кыргызстандын экономикасында бир нерсе өзгөрөбү?

– Жарым жылдан аз убакыт калды, бул олуттуу өзгөрүүлөр үчүн эң эле аз мөөнөт. Төрт жылга жакын мөөнөт реалдуураак болуп турат. Кыргызстанда көмүскө, параллелдүү экономика бар. Бул жаатта абдан жакшы өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары 16 млн доллар айланууда деген шек бар. Ишкерлер акырындап бутуна тура башташты. Алар салык төлөөдөн кутулуу жана акча каражаттарын бекитип алуу боюнча миллиондогон мыйзамдуу же башка жолдорду таап алышууда. Мындан улам, буларда экономиканын реалдуу тармагына кайрадан инвестиция кылган кошумча капитал пайда болууда.

Эгерде бул тенденция сакталып кала берген болсо, 4 жылдан кийин биз ишенимдүү түрдө бардык экономикалык союздарга кире берсек болот, анткени чакан болсо да, өз чарбабыз пайда болот.

- Сиз азыр оптимисттүү вариантты айтып жатасыз. Бирок мамлекет бюджет түзүүчү ишканалар менен мамилесин жолго койбосо жана доо арыздар боюнча компенсацияларды төлөп отурса, республиканын бюджети эмне болот?

– Айрым сот процесстери жүрүүдө, айрымдарынан жеңилдик. Мисалы, Москванын арбитражында кореялык компанияга 22 млн долларлык доо арыздан жеңилдик, анткени Кыргызстан чет элдик инвестицияларды экспроприация кылган. Кыргыз тарап сотко жөн гана келбей койду.

Ысык-Көлдөгү казактардын пансионаттарын улутташтыргандыгы үчүн казактар 3 млн долларлык арыз беришкен. Бул процесстен да Кыргызстан жеңилди. Буга чейин түрк ишкерлерге тиешелүү “Пинара” мейманканасын өкмөттүк структуралар тарабынан рейдерлик басып алуу болгон. Бул доо арыз боюнча 8 млн доллар төлөндү. Соттун чечими менен түрк тарап “Центерранын” 1 акциясын алды. Ошентип, эми бизде ишкананын акцияларынын 33 эмес, 32 гана калды.

Эгерде “Кумтөр” кени улутташтырылса, чет элдик инвесторлор 600 млн доллардан 2 млрд долларга чейинки доо арызын беришет. Кыргызстан соттон жеңилсе, кыргыз өкмөтүнө тиешелүү чет жактарда жайгашкан мүлктөрдүн баарына арест салынып, рыноктук баасы аныкталат. Мисалы, Кыргызстандын элчиликтеринин аймактары.

- Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Баары жаман болгону кайра жакшы. Мамлекеттик аппарат мамлекеттик чыгымдарды азайтуу үчүн тез арада реформаланып, бюджеттен социалдык басымды алышы керек, ошондо абал оңолот. Бизде бул сыяктуу реформаларды өткөрө алган жаңы кадрлар бар. Абал пессимисттик жакка оогон күндө да мен жакшы жактарын көрүп турам.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru