Айбат » “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы келишими өлкө экономикасына бир миллиард доллар ашыкча каражат алып келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы келишими өлкө экономикасына бир миллиард доллар ашыкча каражат алып келет

долларКече жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн “Кумтөр” боюнча токтомун кабыл алуу менен өлкөбүздү жардын кырынан алыс түртүп салуубуздан сактап калышты. Болбосо курулай популизм, саясый кызыкчылык үчүн бул маселени Кыргызстан үчүн өтө чоң глобалдуу көйгөйгө айлантууга аракеттер жасалып аткан. Акыркы мүнөттөрдө гана көпчүлүк эл өкүлдөрү сындаш оңой, ал эми иш жасоо кыйын экендигин моюндарына алгандай болду. Жадагалса, өкмөттү ур-тепкиге алып аткан депутаттар деле “жаңы келишим мурунку келишимдерге караганда бир топ алдыга жылуу” деп белгилешти. Бирок, көшөрүп “67 пайыз алышыбыз керек” дегендер да болбой койгон жок. Ачыгын айтканда алар деле мындай үлүшкө жетүү мүмкүн эмес экенин, өкмөттүн жетишкен ийгилиги бүгүнкү кырдаал үчүн өтө чоң ийгилик экендигин сезип турушту. Бирок, адатка айланган ич күйдүлүк чыныгы реалдуулукту таанууга мүмкүнчүлүк бергиси келбей жатты көрүнөт. Өкмөттүн жетишкен жаңы келишиминин долбоору боюнча 50-50 пайыздагы биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, биздин мамлекеттин мыйзамдары менен иш алып барат. Бул ишкананы директорлор кеңеши башкарат. Ал эми бул кеңештин төрагасы Кыргызстан тараптан дайындалат. Андыктан биргелешкен ишкананы башкаруу мүмкүнчүлүгү Кыргызстандын колунда болот деп ишенимдүү айтсак болот. Адистердин айтымында бул ишканадагы биздин үлүшүбүз 50 пайыз деп аталганы менен таба турган пайдабыз 70 пайызга чейин барат. Мунун сыры өтө эле жөнөкөй. Себеби, мамлекетибиздин казынасына биргелешкен ишканадан киреше эки агым келет. Биринчи агымы бул – салык жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна түшө турган каражаттар, социалдык фондго төлөнчү төлөмдөр. Экинчи агымы – биргелешкен ишканадагы 50 пайыз үлүшүбүзгө жараша таза пайдадан ала турган кирешебиз. Демек, бул ишкана канча көлөмдөгү алтын казып алса да, аны өндүрүүгө кеткен чыгымдарынан сырткары таза пайданын 50 пайызы Кыргызстанда калат. Андан тышкары жогоруда айткандай салык, социалдык фондго, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна түшүүчү каражаттар калат. Ошондо канадалыктар таза пайдадан болгону 30 пайыздын тегерегиндеги кирешени алышат. Ошентип Кыргызстан жаңы келишимдин негизинде мурдагыга салыштырмалуу бир миллиард доллар ашыкча каражат алат. Эгерде Кыргызстандын 20 жылдан ашуун убакыттан берки алган тышкы карыздары 3 миллиард болсо, “Кумтөрдөн” түшүүчү ашыкча бир миллиард доллар оңой-олтоң каражат эмес экендиги белгилүү. Мындан сырткары 2009-жылы алынып келинген техникалык жабдуулар 2026-жылдан кийин биргелешкен ишкананын менчигине өтөт. Келишимдин долбооруна ылайык 2026-жылдан кийин Кыргызстан өзүнүн үлүшүн 67 пайызга чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Андыктан биз “Кумтөр” маселеси боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына багыт алдык десек болот. Мурунку бийликтегилердин катачылыктарын мыйзамдуу сүйлөшүү жолу менен оңдоого жетишкен бүгүнкү өкмөттүн ишмердүүлүгүнө оң баа берсек гана болот. Ал эми “Кумтөр” боюнча келишимдин токтомуна каршы добуш берген депутаттар кезеги келгенде бармактарын тиштеп калышы мүмкүн. Анткени алар бул жаңы келишимдин мурдагылардан бир  топ жакшы экендигин билип туруп да, билмексенге салып, элдин башын айланткылары келди. Буларга мезгил өзү баасын берээр.

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru