Айбат » Өмүрбек Абдрахманов: Бизде жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген саясат жүрүп атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Өмүрбек Абдрахманов: Бизде жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген саясат жүрүп атат

Абдрахманов- Кыргызстанда оппозициялык күчтөр адегенде өкмөттү отставкага кетирип, анын артынан парламентти “жыга чабуу” менен өлкөбүздө Украинадагыдай абал түзүүнү көздөп жатышканы тууралуу ММК булактары жаза баштады. Оппозициячылдардын бул аракетин кандай баалайсыз?

– Биздин Конституция боюнча оппозиция болууга мүмкүнбү? Мүмкүн. Митингдерди өткөрүүгө мүмкүнбү? Мүмкүн. Бирок, эч кандай мыйзам бузууларга барбай, революция жасабай бийликке келүүнүн аракетин көрсө болот. Эл кааласа колдойт, каалабаса колдобойт. Бийликтин кемчилдиктери болсо айтсын, сындасын, бирок мыйзамдын чегинен сырткары кетпесин.

- Азыркы тапта Жогорку Кеңешти таркатып, жаңысын шайлоодон мамлекетибиз пайда таба алабы?

– Кеп пайда тапкан, же таппаганда эмес. Биздин Украинадагы майдандан айырмабыз бар. Алар идеология үчүн күрөшүп атат. “Батыштык демократия болсун” дешүүдө. Бизде болсо жөн гана “Атамбаев кетсин, анын ордуна мен келем” деген саясат жүрүп атат. Мурда деле ошондой болуп келген. Андыктан мындай саясат болбойт.

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru