Айбат » Орозбек Дүйшеев: “Өкмөттү да, парламентти да таркатуунун кереги жок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев: “Өкмөттү да, парламентти да таркатуунун кереги жок”

Дүйшеев Орозбек

- Орозбек мырза, оппозициячыл саясатчылар түштүктү калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик дирекциянын ишинен кынтык издөө менен өкмөттү отставкага кетирүүнү максат кылышууда. Андан кийин Жогорку Кеңешти  мөөнөтүнөн мурда таркатып, өлкөбүзгө Украинадагыдай кырдаалды түзүүгө аракет кылып жатышкандыгы тууралуу айрым ММК булактары жаза баштады. Оппозициячылдардын бул аракетин кандай баалайсыз?

– Мен азыркы оппозициячылдардын жасап жаткан аракеттерине терс баа берем. Булар Кыргызстанга жакшылык каалаган жок. Алар эптеп эле өлкө ичинде ызы-чуу болуп турса, анан анын негизинде экономикалык абал начарласа, андан пайдаланып бийликке келсек деген максатта турушат. Андан башка жакшы багыттарын көрө элекмин. Буга чейин өкмөттү “Кумтөр” маселеси менен жарга такап, кетирүүнүн айласын кылышты. Андан майнап чыкпаган соң, эми өкмөттүн мурунку иштерине асыла башташты. Кыргыз эли азыр тынчтыкты, стабилдүүлүктү күтүп атат. Өткөн жылы ар кандай окуялардын болгонуна карабастан экономикабызда 10 пайыз алдыга жылуу болду. Эгер быйылкы жылы тынчтык, стабилдүүлүк болсо, 15 пайыз алдыга жылуу болот. Андыктан оппозициячылдар дагы элдин кызыкчылыгы үчүн тынчтыкты, мыйзамдуулукту, стабилдүүлүктү сактоолору керек.

- Учурда өкмөттү кетирүү, парламентти таркатуунун канчалык зарылчылыгы бар?

– Кыргызстандагы эң жаман көрүнүш мына ушул болуп атат. Бекем турган иш болбой атат. Жаңы шайланган өкмөттүн ишин түшүнгөнчө канча убакыт кетет? Эми көнүп, анан иштей баштаганда эле кетире берсек кантип өнүгүү болот? Мурун министрлер 10-15 жылдап иштеген учурлары болгон. Жеңил өнөр жай министри 25 жыл иштеген. Андыктан өкмөт канчалык узак мөөнөткө иштесе, ошончолук максаттуу иштейт. Эгерде азыркыдай болуп, бир жылдан кийин эле кетерин түшүнүп турса, анда кантип максаттуу иштесин? Анда “баары бир кетем” деген ой менен өз кызыкчылыгын көздөп кетиши мүмкүн. Коррупция ошондон улам чыгып атат. Демек, бизге азыр туруктуу, узак мөөнөткө иштей турган өкмөт керек. Андыктан өкмөттү да, парламентти да таркатуунун зарылчылыгы жок.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru