Айбат » Калмира: “Ойношум кызымды зордуктап салды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Калмира: “Ойношум кызымды зордуктап салды”

кемпирЭне болбой куруп калайын!

Мен эне болбой куруп калайын! Өзүмдүн кызымдын тагдырына балта чапканым аз келгенсип, күнөөсүз неберемди тирүүлөй жетим кылдым. Жолдошум менен ажырашып кетип, ал экинчи аял алып аны менен очор-бачар жашап кетти. Мен болсо темселеп балдарымды бага албай ар жерде жүрдүм. 2 уул 1 кызым бар. Кызымды эч нерседен кем кылбайын деп базарда иштеп, болгон кем-карчысын алып берчүмүн. Балдарым болсо мага жардам берип айылдагы эшиктин иштерин жасашчу. Балдарым кичине чоңоюп калган кезде, мен да өзүмө карап жасанып калдым. Ал кезде балдарым мектепти бүтүп, кызым 11-класс эле.

Балээнин баары мончодон башталды

Өзүбүздүн айылдагы мончо иштеткен Нурбек аттуу жигит менен жакшы мамиледе болчубуз. Бир күнү мончого барсам эч ким жок экен. Өзүм да түнкү саат ондордо барган элем. Бир маалда эшиги тарсылдады, ачсам Нурбек экен. Бир бөтөлкө арагын көтөрүп туруптур. Жуунуп бүтүп анын үйүнө кирип баягы бөтөлкөнү ичтик. Андан кийинкисин билбейм. Ошентип экөөбүз ысык мамиледе болдук. Азыркыдай окуя болуп кетээрин билгенде өмүрүм өткүчөктү мончого барбайт элем да.

Кызым кызарып келди

Эч кимге билгизбей жолугушуп жүрдүк. Ал жигит менден он жаш кичүү болсо дагы, экөөбүздүн жылдызбыз келишти. Биздин жолугуп жүргөнүбүздү эч ким деле билчү эмес. Бир күнү кызымды мончого түшүрүп койчу деп өзүм үйдө конок тозуп калдым. Бир маалда кызым кыпкызыл болуп маанайы чөгүңкү үйгө кирди. Маани бербей, ысык мончодон шалдырады го деп чай берип жылуу жаап жаткырып койгом. Ошол күндөн тарта кызымдын маанайы жок, менден бир нерсени жашыргандай, ооругансып эле калды.

Куса баштады

Арадан бир ай өттү, кызым куса баштады. Ашказаны ооруп аткан го деп доктурга алып барсам, ашказаны таза болуп чыкты. Өтүн да текшерттим таза экен. Май айлары болуп калган эле. Мамлекеттик экзамендерге даярданып отурган болчу, бир  маалда кулап түштү. Жүрөгүм түшүп барып бетине суу чачсам, эсине келди. Доктур чакыртайын десем убараланбаңыз, мен жакшы элемин деп болбой койду.

Нурбек менен мамилебиз дале жакшы

Кызымдын өзүн-өзү ичинен жеп жүргөнүн билип турсам дагы жардам бере албай жатканыма кыжаалат болуп жүрдүм. Алдап сурасам да мага сырын айткан жок. А тигил Нурбек менен болсо баягыдай мамилебизде эле жүрдүк. Ал да мага сыр бербей, мурункудан да жакшы мамиле кылса, жүрөгүм жылып калчу. Балдарым шаарга иштегени кетишкен. Өз күчтөрү менен университетке тапшырып, сабактан чыкканда иштеп жүрүштү. Азыр экөө тең үйлөнүп, бири айылда турса, экинчиси Россияга кеткен.

Кызымдын менин ойношуман боюнда бар экен

Кызым Надира дагы деле кусканын токтотподу. Барган сайын бетине сепкил чыга баштады. Бир күнү дагы жыгылып түштү. Доктур чакыртсам, боюнда бар экен. Кызымды алдап урушпай сурадым. Балаңды эч кимге бербей өзүм багып алам кызым айт десем ыйлап айтты. Көрсө мен Нурбекке кызымды мончого түшүрүп койчу деген күнү, мончого түшүп жаткан жеринен кызымды зордуктаптыр. Ишин бүткөн соң, сенин бул ишиңди элге жаям, ошондуктан мени менен такай мен каалаган убакта келип моокумумду кандырып кетип турасың! – дептир. Коркуп калган кызым макул болуп ыйлап, менден жашырып жүрүп ушуга келиптир.

Дүйнөм көңтөрүлдү

Кызымдын сөздөрүн угуп атып менин башым айланып, дүйнөм көңтөрүлүп, бакырып алдым. Шүмшүк десе, эмнеге мага жакшы мамиле кылып калган десе, көрсө кызымды да пайдаланып жүргөн тура акмак. Ошол түнү менен Нурбектин үйүнө бардым. Бетин тытып, кызымдын ичиндеги баланын атасы сенсиң, кызыма үйлөнүп, толук кандуу үй-бүлө болуп жашагының, болбосо жетчү жерге жетип ит-абийириңди кетирем! – деп чаң салып келдим. Кызым ага турмушка чыкканга макул болду. Арадан бир жылдай өттү. Кызым эркек төрөп, уулуна 4-5 ай болгон учурда кызымды уулу менен кыштын ызгаарында эшикке чыгарып коюптур. Кызым аны менен жашаганга такыр көңүлү келбей калып, ыйлап мага келди. Экөөбүз уулумду үйлөнтүп, шаарга келип алдык. Азыр неберем 3-класста окуйт, тикмечи болуп иштейт.

Эч качан ойнош күтпөгүлө

Апасынын итчилик кылганын кызым алигиче билбейт. Нурбек ичип алып жиндиленип кызыма болгон сырды айтып салбаса экен  деп чочулайм. Жашообуз болсо жакшы эле, болгону кызымдын тагдырына балта чапканым үчүн өзүмдү өзүм такыр кечире албай койдум. Ойнош оттон ысык, боктон сасык, – деген ушул экен. ысыктыгы куруп калсын, кара чечекей кызымдын тагдырын талкалап, анын балалык баёо сезимин, келечегине болгон үмүт-кыялдарын түп тамырынан бери кырккан мендей эне энеби? Өз өмүрүмдү канча жолу кыйганга аракет жасадым, жан таттуу экен колум дитим барбай койду. Ошондуктан жалгыз бой энелерге, кыздарга айтаарым, эч качан ойнош күтпөгүлө. Мен түшкөн орго силер да түшүп калбагыла.

Жазып алган Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №65



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru