Айбат » Өмүрдүн кыскалыгы үчүн өкүнөм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өмүрдүн кыскалыгы үчүн өкүнөм

Ак куу сүйүүМен сени жек көрөм жалган сүйүү,

Жеткизбедиң чуркаттың арман сүйүү.

Токто деп кайтып барбайм баары бүттү,

Кандай күнгө туш болдум арман күчтүү

 

– деген сыяктуу армандуу ыр саптар канчалаган адамдардын жүрөгүнүн түпкүрүнө сакталып келет. Эх… Жашоо кандай сырдуу, бирок жашоонун сырын чечиш сүйүүнүн жандырмагынан жеңил болуш керек. Табышмактуу сүйүүнүн жандырмагын бир дагы акын, ойчул, жазуучу далилдеп, бир тыянактуу чечим чыгара элек. Сүйүү – бул жандырмаксыз табышмак, учу кыйырсыз, чексиз кереметтүү улуу ой, туптунук шаркырап аккан суу. Жашоонун маңызы да, даамы да, ачуусу, таттуусу да бул сүйүүгө байланышкан. Өмүрдүн таттуулугун сезбей, анын даамын издеп, жолунан адашкан адамды да сүйүү тарбиялайт, ал жол көрсөтөт. Бирок, мен чексиз бактылуумун!

Сен менин өмүрүмдү гүлгө орогон, көңүлүмдү кубанычка бөлөгөн аруу затымсың. Сен менин туңгуюкка түшүп калган жан дүйнөмө, караңгы каптаган жүрөгүмө, муздактык орноп алган көөдөнүмө жылуулук, жарыктык алып келдиң. Менин ушундай мүнөзүмдү эркелигимди, жашоомду, жан дүйнөмдү жүрөгүң менен түшүнүп, менин баардык кылыгыма чыдап өз агамдай, атамдай эркелетип, көзүм менен тең айланып, мени сыйлаганыңа ыраазымын.

 

– Сүйүү ырын кимдер гана жазбаган.

Дастан кылып ай ааламга жар салбаган.

Бирок да ошо айтылган дастандар,

Жетпес менин бул ырыма жазылган.

Ак барактай аппак сүйүү тазасы,

Аккан суудай агат сүйүү дайрасы.

Ачык асман сыяктуу ап-ачык,

Болсунчу сүйүүбүздүн айланасы.

Чыккан күн, баткан нурду чогу көрүп,

Жан дүйнөмдүн сырларын сага бөлүп,

Асылым деп эркелешкен бул өмүрдө,

Айтчы эркем, ким коё алат бизди бөлүп?

 

Эки жүрөк бири-бири үчүн гана жаралып, жарыктыктын жыргал күнүн экөөбүз гана сүрүп жаткан сымал. Сен менин күнүм, түнүм, ачык асман, нурум дагы экениңди бүтүндөй жер жүзүнө, ааламдын ар тарабына кыдыра айтып жар салууга даярмын. Сенин ысымыңды жүрөгүмдүн тээ түпкүрүнө тумар кылып тагып алгам. Ал ысымды мен жүрөгүмө эле эмес, жер шаарынын ар бир жерине, жолдоруна, тоолоруна, сууларына, бактарына, баардык жерине кол менен жазып чыксам да, ал менин сүйүүмдүн далили үчүн жетишсиз нерсе. Сендей түшүнүктүү, керемет адам бактыма буюруп бергени үчүн Аллахыма ар убак шүгүр кылам. Өмүрдүн кыскалыгы үчүн өкүнөм. Бул тирүүлүктө жашап жаткан жылдар мен үчүн өтө аздык кылат. Себеби мен сенден эч качан ажырагым келбейт. Экөөбүздү кудайым эки дүйнө бир кылса деп тилейм жана бул нерсени сенин да жүрөгүң кааларын сезем, сенин да сүйүүңдүн чексиздигине ишенем жана ишене берем менин жашоом.

Калыкова Эльнура

Айбат гезити №65




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru