Айбат » Тополоң кылам деген Мырзаев да торго илинди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Тополоң кылам деген Мырзаев да торго илинди

Мырзаев Абдималик“Элдик фронт” деген кыймыл түзүп алып, урунарга тоо, урушарга жоо таппай жүрүп, акыры камакка алынган Абдымалик Мырзаев тууралуу биздин гезит көп жазган.

Архивдик материалдарга көңүл бурсак, Мырзаев эки жылдан бери эле Казакстандагы “кожоюну” Данияр Үсөновдун айдактамасы жана бөлүп берген ири акчалары менен Кыргызстанга революция жана тополоң уюштурууга белсенип, ачык эле Бегалы Наргозуевдин сайты аркылуу элге бийликти күч менен басып алууга чакырык таштай баштаган.

Ошондой эле Данчиктин тапшырмасы менен ар кайсы оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөгө аскер диктатурасын орнотуу боюнча кызматташуу үчүн кайрылгандары да бар.

Эми акыр-аягы ушинтип камак менен аяктап отурат. Аны менен кошо дагы эки адам камакка алынган. Айрым маалыматтарга караганда, Мырзаев куралдуу топ түзүп алып, куралдуу төңкөрүш уюштуруп, аскер диктатурасын орнотмокчу болгон. Ошондо анын чет жакта качып жүргөн кожоюндарына Кыргызстанга карай жашыл жарык күймөкпү?

Азырынча укук коргоо органдары бул боюнча ачык билдирүүсүн жасай элек, расмий билдирүү менен чыкканда маселенин чоо-жайын билербиз. А бирок А. Мырзаев бүтүн эле бир мамлекеттин тагдыры менен ушул сыяктуу эч жазасыз ойной берем деп эсептесе, терең жаңылышкан. Акыры бир жерден жаза тайып, камалмак.

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru