Айбат » Мырзакматов Ормоновдон токмок жебесе болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Мырзакматов Ормоновдон токмок жебесе болду

Мырзакматов Мелис14-февралда дүйнө жүзүндөгү жаштар сүйүү күнүн белгилеп жатса, мурдагы «Ак жол» фракциясынын лидери Улугбек Ормонов, Жаныш Бакиевдин көздөй кадры Элмурза Сатыбалдиев, «түшкөн хан» Мелис Мырзакматов жана аны «чанып» кеткен Бакыт Төрөбаев баштаган саясатчылар борбордогу «Кара-Суу» чайханасында чайлашып отурушту. Өзгөн күрүчүнө демделген палоодон сугунуп, көк чайдан терлери акканча ичкен фигуралар саясаттан кеп козгошту. Дасторкон үстүндө Ормонов менен Сатыбалдиев  М. Мырзакматовго нааразычылыгын билдирип, анын башбаканга тийишкенин сындашты. Кырдаалдан «чайкоочулук» менен чыкканды мыкты өздөштүргөн Мелис мырза «болду, мындан ары премьердин короосуна таш ыргытпайм» дегендей убадасын дүңүнөн бериптир. «Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей, ошол жолугушуудан көп өтпөй Мырзакматов акебиз жолуккан жерде өкмөт башчысын ушактап жүрөт. Деген менен, экс-мэр мындай «ушакчылдыгынын» азабын тарткан жайы бар. Убагында Садыр Жапаров убадага турбаганы үчүн М.Мырзакматовду «ийлегенин» тар чөйрөдөгүлөр жакшы билишет, эми Э.Сатыбалдиев менен У.Ормоновдон токмок жеп абийири төгүлбөгөй эле?

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru