Айбат » Күн тийди, күн тийди, Садыр Жапаровго Мотуев келип бир тийди…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Күн тийди, күн тийди, Садыр Жапаровго Мотуев келип бир тийди…

Мотуев«Окшошконго мушташкандар чогулуп алыптыр» деген кеп айтылып калат го. Ошол сыяктуу акыркы учурларда «секирчээк», «бакырчаактардын» бардыгы издешпей эле табышып башташты.

Өзүнүн мыйзамсыз жасаган кадамынан улам депутаттык мандатынан ажыраган экс-«атажуртчу» Садыр Жапаров өз инисине донор болот элем деп Минскиге кире качкан боюнча Кыргызстанга кайтып келе элек экендигин билебиз. Бирок, өздөрүнө тиешелүү басылмалар аркылуу байма-бай маектерди берип, кере кулач «шыпыргы» макалаларын жарыялап турат.

Кече жакында эле ал «Ата-Журт» партиясынан чыгып жаткандыгын маалымат булактары аркылуу расмий жарыялаган. Ошентип жаңы эле «талак» алган келиндей болуп жүргөнүндөн улам 18 жаштагы кызга үйлөнгөндү жактырган Нурлан Мотуев менен саясий «баш кошууга» баргандыгы маалым болду. Муну уккан Садыр Жапаровдун айрым тарапташтары «алаканын шак коюп, көчүгүн жерге так коюп» алышты. «Ата-Журттан» чыкканына жараша, андан бир тепкич болсо да өйдөрөөк тургандар менен «баш кошсо» жакшы болбойт беле, ка-ап» дегендер көп.

Ошол эле Садыр Жапаровдун күйгүлтүккө түшкөн тарапташтарынын пикиринде «Мотуев сахнага чыкпаган саясий куудул» экен. Ырасында эле Мотуев сүйлөп атканда, өмүрү бети-башын бырыштыргысы келбегендер да бир чүйрүйүп алмайы бар эмеспи? Андан олуттуу деле ойду эч ким күтпөйт. Болгону концертке барып, билет сатып алып күлгөндөн көрө бекер эле көчөдөн «концерт» көрүп, Мотуев «куудулдун» айткандарына күлүп кайткан жакшы эмеспи? Анан ушундай ойду-кырды чалгытып сүйлөгөн саясатчы чалышка азыраак болсо да «аптарыйкаты» бар Садыр Жапаровдун кошулушу албетте кызык эле көрүнүш эмеспи? Бул биринчи жагы.

Экинчи жагынан кандайдыр бир максатка жетиш үчүн ар дайым эле акылдуу баштын кереги болбойт. Айрым учурларда алаңгазар, аңды-дөңдү билбегендер көп ишке жарашат. Мүмкүн табиятынан өтө митаам жаралган Садыр Жапаров Мотуевди ушул жагынан мелжеп туруп, колтугуна кысып алды көрүнөт. Эске сала кетсек, Мотуевге караганда бир аз эстүүрөөк Камчыбек Ташиевди да күүлөп-күүлөп туруп Ак үйдү көздөй «агытып» жиберген да дал ушул Садыр Жапаров эмес беле? Анан ал да мандатынан айрылып, кашыктап чогулткан кадыр-баркын төгүп алгандан кийин, элдин ишениминен чыгып калган соң «талак» берип, эми Мотуевди күүлөгөнү турат окшойт.

Өзү кызык… Жаз келгенде мурда кыздардын сулуулугу артып, жигиттердин сөзү менен айтканда «ачылат» болуп калчу эле. Бизде болсо жаз келгенде саясатчылар «ачыла» турган болуп калды. Мисал катары акыркы «ачылууларды» айта кетсек болот. Кече жакында эле Камчыбек Ташиевдин 7-каналы аркылуу Москвада баш калкалап жүргөн Кыргызстандын биринчи качкын президенти «ачылган» эле. Бул адам жыл сайын жаз мезгилинде алыскы Орусиядан «ачылып» турат. Кыязы «дагы революция болуп кетеби?» деп үмүт артат окшойт. Жаз алды менен ар кандай саясатчылар биригип, кыймылдарды түзүшөт. Бул жолу деле ал салтыбыз унутта калган жок. Буга «Улуттук оппозициялык кыймылдын» түзүлүшүн айтсак болот. Анан Мотуевден кем калбаган 99, же 101 Доктор Апас «ачылат». Мына ушундай «ачылуулар» мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болуп жаткан болсо, эч ким эч нерсе дебейт эле.

Тилекке каршы, булар ар качан мамлекетибиздин өнүгүшүнө кедергисин гана тийгизип келишет. Андыктан мындай «ачылуулар» эми модадан калып, кадимки турмуштун агымындагы «жаз жарыш, күз күрөш» деген салтыбызды улай турган кез келди. Жазында жарышып жер айдап, эгин эгип, күзүндө түшүм жыйнап жайбаракат турмушка өтпөсөк, 99 жана 101лердин «ачылуулары» менен мамлекетибизди жылдан-жылга талкалоонун гана үстүндө бара жатабыз.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru