Айбат » Жаңы оппозициялык кыймылдын жыйынында бир да жарытылуу сунуш чыкпады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жаңы оппозициялык кыймылдын жыйынында бир да жарытылуу сунуш чыкпады

оппозиция26-февралда Ак-Кеме мейманканасынын чоң залында жаңыдан түзүлүп аткан Улуттук оппозициялык кыймылдын расмий ачылышы болуп өттү. Бул кыймылга кимдердин киргендиги, алардын ар биринин көздөгөн максаттары кандай экендиги тууралуу маалыматтарды буга чейин эле массалык маалымат каражаттары кең-кесири чагылдырып беришти. Андыктан бул УОКтун (адегенде булар Бириккен оппозициялык кыймыл болуп түзүлүшкөн, бирок аны кыскарткандагы аталышы өздөрүнө да жакпай калса керек) мүчөлөрүнүн ар бирине токтолуп отуруунун деле кажети жок. Андан көрө ошол оппозициялык кыймылдын  расмий ачылышындагы сүйлөнгөн сөздөргө көңүлүбүздү бурсак.

Алда неден чочулаган Равшан Жээнбеков

Жыйындын башын баштап үлгүрө элек жатып эле аталган оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков «Бул жерде менин уруксатым жок, эч ким сүйлөбөйт. Эгерде менден уруксаты жок сүйлөгөндөр болсо, биздин атайын даярдаган коопсуздук кызматыбыз бар, ошолор келип эшикке чыгарып коюшат» деп баштады. Анан дагы «бийлик атайын провокация да жасап коюшу мүмкүн» деген кыстырмасын кошо кетти. Анан жыйын ошол Равшан Жээнбековдун рамкага салып койгон «авторитардык режиминин» негизинде уланганын айтып коюшубуз керек. Кыязы журналисттер тарабынан УОКко мүчө болгон саясатчылардын былык-чылыгына байланыштуу суроолор болуп кетет деп чочулады окшойт. Эгерде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн кача турган болушса, анда неге ал жерге ММК өкүлдөрүн топтоп алышканын түшүнүү кыйын. Же бири Батышты, бири президенттик башкарууну, бири регионалдык көз карашты пир туткан саясатчылардын башын кантип бириктирип алганы менен эле мактанып алайын дедиби?

“Кумтөр” Бакиевдердин убагында көтөрүлүп атканда Талант Мамытов “уйкуда” беле?

Бул кыймылдын жыйынына келиши күтүлгөн «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин карааны көрүнбөдү. Равшан Жээнбековдун айтымында ал «өтө жүйөөлүү» себептер менен келе албай калыптыр. Андыктан аны ар дайым көлөкөсүндөй ээрчип жүрчү партиялашы Талант Мамытов чыгып сөз сүйлөдү. Анан Камчыбек акесинен үйрөнүп алган ыкмага салып, бийликти колунан келишинче шыбап, эч кандай өнүгүү болбой жатат деп билдирди. Негизи Талант Мамытовдон мындан башкача деле олуттуу ойлорду эч ким күткөн эмес. Бирок, дагы бир эч ким күтпөгөн нерсени айтып койгону кызык болду. «Буга чейин «Кумтөр» маселесин эч ким көтөргөн эмес. Мына ошону «Ата-Журт» партиясы көтөрдү» дейт Талант мырза. «Баракелде» дебегенде эмне дейбиз. Эгерде Талант мырза Бакиевдердин убагында кызуу уйкуда жаткан болсо, анда анын эсине салып койгонубуз туура болор. Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибековдор Бакиевдин убагында май талкан кызматтарда отурганда «Кумтөр» маселесине күйүп чуркап, түрдүү материалдарды, фактыларды топтоп жүргөн Эркингүл Иманкожоеванын эмгегин да сыйлап коюңуз. Мына ошол депутат айымдын эмгектерин сиздин партиялашыңыз Садыр Жапаров уурдап алып, дисктерге чыгарып, өзүнүн эмгеги катары менчиктеп алганын эч ким билбейт дейсизби? Ал эми «Ата-Журттун» үч мушкетеру «Кумтөрдү» жөн эле курал катары көтөрүнүп алып, Ак үйдү көздөй атырылып жөнөгөндөрүн элдин баары билет. Алардын ою «Кумтөр» эмес, эптеп бийликти басып алуу эле болгонун кантип танабыз, ыя?

“Кечээ эле бири-бирин өлтүрөбүз дегендер бүгүн биригип отурушат”

Мына ушул жыйынга катышкандардын арасынан кара кылды как жарган калыс сөзүн парламенттеги эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов айтты. «Бул жерде кечээ эле бири-бирин жамандаган, бири-бирин өлтүрөбүз деген чогулуп отурат. Биз эки жолу революция жасадык. Эми бул жолу да биригип алып, Атамбаевди кетирип, анын ордуна отуруу үчүн эле бириге турган болсок, анда мамлекетибизде эч кандай өзгөрүү болбойт. Мына Украинада эки жолу революция болду, бизде да эки жолу болгон. Бирок, биздин алардан айырмабыз бар. Алар идея үчүн күрөшсө, биз кресло үчүн күрөшөбүз. Эгер биз азыр дагы бир революция жасайбыз десек, анда эл аркага кетет. Андан көрө мамлекетибизди кандай концепция менен өнүктүрө алабыз деген суроого жооп издесек болот. Кимде кандай сунуштары, идеялары болсо айтсын. Биз Атамбаевдин стратегиясына альтернативалуу стратегия жазсак колдоого алынышыбыз мүмкүн. Болбосо эл колдобойт» дейт Абдрахманов. Албетте, орундуу сөз. Бирок, УОКго кирген саясатчылардан ушул кезге чейин олуттуу идеялар чыгып көргөн эмес. Бири чогулган элден пайдаланып, Ак үйгө жүрүш жасаганды жакшы көрсө, бири эл алдына чыкканда эрдемсип кетип, өзүн «кожоюн» сезип алат. Бири батыштын саясатын жүргүзөт, бири болсо жеке таарынычынан улам ар дайым Атамбаевди жамандап басып жүрөт. Болбосо булардын бардыгы жаш саясатчылар эмес. Жетишээрлик деңгээлде мамлекеттик кызматтарда иштешкен. Эгерде мамлекетти оңдоого конкреттүү идеялары болсо, ушул күнгө чейин жок дегенде бирин-экисин ишке ашырышат эле го?..

“Ж. Оторбаев 2003-жылы вице-премьер болчу …а Равшан Жээнбековчу..?”

Мына ушул эски саясатчылардан куралган жаңы оппозициялык бирикмеде  жападан жалгыз жаш саясатчы бар. Ал Мавлян Аскарбеков. Бирок,  жаш  экендигине карабай артынан эмитеден эле ар кандай терс пикирлер ээрчип калганын да жашыра албайбыз. Ал кезегинде оппозициясын да, бийлигин да катары менен сындап жүргөндөрдүн бири болчу. Анан бул жыйында эмне себептен эски саясатчыларга кошулуп жатканын түшүндүрүп берди. «Биз эски саясатчыларга биригип жатканыбыздын себеби, үнүбүздү бийлик уксун деп атабыз» дейт. Өтө таң калычтуу. Мына ушул элди тажаткан саясатчыларга биригүү менен бийликке үнүн угузгусу келип жаткан Мавлян мырза мына ушул саясатчылардын шарданы менен бийликке баргысы келип жатабы деген суроо туулат. Анан ошол эле агалары учурдагы бийликти кандай жалпылаштырып сындап келсе, дал эле ошол калыбынан өзгөртпөй бир сыйра сындап алды. «Учурда жумушсуздуктун айынан классташтарым, досторум, агаларым, инилерим, эжелерим, карындаштарым Россияда, Европада, Америкада миллиондоп тентип жүрүшөт» дейт ал. Эгерде жаш, билимдүү саясатчы болсо, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, жадакалса өнүккөн өлкөлөрдө да башка өлкөлөргө барып иштеген жарандар миллиондоп саналарын билиши керек эле. «2003-жылы «Кумтөр» келишимине кол коюлуп жатканда Жоомарт Оторбаев вице-премьер министр болчу» дейт Мавлян мырза. Ал эми анын жанында турган Равшан Жээнбеков ошол 2003-жылы Мамлекеттик мүлк министрлигин жетектеп турганын неге айтпайт?..

“Америка базасы болгону үчүн Кытай кыргызстанды басып албайт”

Кадимки тарыхчы, жазуучу Баяс Турал дагы бул оппозициялык кыймылдын куралы болуп калганы байкалды. Ал «Кытай 2050-жылга чейин 6 согуш жарыялап, басып ала турган мамлекеттерин белгилеп коюптур» дейт ал. Анан андан ары «Бирок ошол басып ала турган мамлекеттеринин арасында Кыргызстан жок экен. Себеби алар Кыргызстанда Америка базасы болгону үчүн бизди басып алууну пландабаптыр. Болбосо…» дейт жазуучу агабыз. Кызыгың түшкүр, биз акыйкаттыкты айтат деп жүргөн агаларыбыз эми Равшан Жээнбековдун идеяларын өздөрүнүн ооздору менен айта баштаганбы? Баяс Туралдын бул айткандарында ачык эле Американын кызыкчылыгы байкалып турган жокпу? “Ээ, кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” болуп жаткан өңдөнөт деп калдык, биз…

“Баары эле сын айтып атат, мен деле айтып коеюн”

УОКко мүчө болуп кирген «Улуттар   биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов дагы Равшан мырзанын сөзү боюнча өтө «олуттуу» себептер менен келе албай калыптыр. Анын ордуна келген партия мүчөсү У. Ботобеков чыга калып эле «бардыгы эле бийликке сын айтып атат, мен деле сын айтып коеюн» деп баштады. Кыязы, «Тээтиги тоонун артында дарбызды бекер таратып атыптыр» деп топтолуп турган жаш балдарды алдап койсо, алданган балдар чуруу-чуу түшүп ошол тоону көздөй чуркап калган анекдот бар эмеспи? Анан балдардын бардыгы чуркап кетип баратса, өзүнүн айткан калпына өзү да ишенип алган апенди «Кой мен деле барып көрүп келейинчи» деп кош чуркаарын да билебиз да. Ошол сыяктуу булар деле бири сын айтса, ошону экинчиси кайталап айта бергенден тажаган жок. Ал эми «Каршылык көрсөтүү кыймылынан» келген Өмүрбек Суваналиев баягы эле эски пластинкасын жаңырта электигин көрсөттү. Дагы деле кимдир-бирөөгө болгон таарынычы таркабай, ичинде кеги көк таштай болуп катып турганын байкадык.

Оппозицияны  куттуктап,”эки канат тагынып” калган Турсунбек Акун

Бул оппозициялык кыймылдын ачылышына расмий чакырылбаган конок – экс-акыйкатчы Турсунбек Акун болду. Жыйын өзүнүн официалдуу бөлүгүн жыйынтыктай турган болгондо, 1-класстын баласындай болуп колун көтөрүп, «Мен да сүйлөп коеюнчу» деп суранып атып Турсунбек Акун ортого чыкты. Анан ал «Мен бул Улуттук  оппозициялык кыймылдын түзүлүшү менен бардыгыңарды «Чоң куттуктайм» деп билдирди. Кыязы, сүрдөп аттыбы, же кошоматтанып аттыбы, сөзүн таап айталбай, бир аз алдастап турду. Анан андан ары «Мен эки жагыма эки канат бүтүп калгандай болуп, өзүмчө эле жыргап атам» деп билдирди. Кыязы, Омбудсмендик ордунан оодарылып түшкөнүнө ичи ачышкан Турсунбек Акун эми эптеп бул оппозициячылдардын этегине эрмешип күн көрөйүн деп жатса керек.

Соңку сөз

Равшан Жээнбеков кайра-кайра эле ММК өкүлдөрүнө кайрылып, «маалыматты туура чагылдырсаңар, өзгөчө КТРК, ЭлТР, 5-канал» деп атты. Анан кайра, булардан суранган менен деле пайда жок деп күлдүргүсү келди. Бирок, ал жерге барган журналисттер бул УОКтун мүчөлөрүнөн мамлекетти кантип оңдосо боло тургандыгы тууралуу бир да жарытылуу идеяларын уга алышкан жок. Баягы эле бийликти шыбамай, жамандамайлар менен башталып, аягы деле ошону менен бүттү. Андыктан Равшан мырзанын суранычын толук аткарып, ошол жыйындагы маалыматты толук, ачык-айкын жана туура жеткиргенге аракет кылдык. Болгону ушундай…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru