Айбат » Эски жүздөр тууралуу эссе

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эски жүздөр тууралуу эссе

Суваналиев ӨмүрбекРавшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов жана Өмүрбек Суваналиев – өлкө саясатындагы эски жүздөр. Булардын үчөөсү тең буга чейин чоң кызматтарды аркалап келген. Алардын кызматта турганда эл үчүн кандай пайда алып келгенин ар ким өзү таразаласын. 

Аталган оппозициялык кыймылдын лидери көп жылдар бою экс-президент Акаевдин үй-бүлөсү менен жакын мамиледе болуп келген. Биринчи президенттин шарапаты менен Р.Жээнбеков өз карьерасын түптөгөн. Ал Мамлекеттик мүлктү жетектеп турганда өлкөнүн жүздөгөн кыймылсыз мүлктөрү ит бекер сатылган. Р.Жээнбеков жетектеп турган 2002-жылдан 2004-жылга чейин 342 объект 504 млн. 611 миң 341 сомго сатылган. Ошол кездеги доллардын орточо курсу менен эсептегенде 342 мекеме 12 млн. долларга гана пулданган. Тактап айтканда, Равшан мырза СССРден калган бала бакчаларды, пасионаттарды, балдар лагерлерин жана туристтик аймактагы жүздөгөн гектар жерлерди   аткаминерлерге бөлүштүрүүгө чоң салымын кошкон.

Р.Жээнбеков бул учурду такыр эстегиси келбейт. Ал мындай маалыматты тараткан ММКларды жогору жактын атайын буйругу катары баалап, андан кутулуп кетүүнү үйрөнүп алган. Бирок, өлкөгө кыйанатчылык кылган фактылардан эч качан качып кутула албайт.

Эми өзүн оппозициямын деген Аликбек Жекшенкуловдун бейнесине токтололу. Ал 2008-жылдын декабрь айында Башкы прокуратура тарабынан ТИМди жетектеп турганда “Мамлекеттик сатып алууларды өлкөнүн кызыкчылыгына каршы жүргүзгөн” жана “кызмат абалынан кыйанаттык менен пайдаланган” деген негизде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Аликбек мырза тендерлерди өткөрүүдө жең ичинен көптөгөн мыйзам бузууларга жол берген. Ал ТИМдин имаратын оңдоо маалында Кытай өлкөсүнөн бөлүнгөн 73 млн. сомду максатсыз пайдаланган. Мындай алешемдик Эсептөө палатасы тарабынан да аныкталган.

Мындан сырткары Аликбек мырзага тиешелүү курал менен түрк жараны өлтүрүлгөнү да маалым болгон. Бул боюнча ал темир тордун да даамын татып калган.

Көпчүлүк жарандар Бакиевдин командасы оппозицияны ушундай жолдор менен талкалаганын жакшы билет. Ал учурда Исмаил Исаков менен Эмильбека Каптагаевге да кылмыш иши козголгон.

А. Жекшенкулов 2010-жылдагы бийлик алмашууда да бир катар түшүнүксүз жүрүштөрдү жасаган. Мисалы, «Альфа Телеком» ишканасынын коопсуздук департаментинин башчысы Тилен-Аалы Кызалаков 2011-жылдын мартында  билдиргендей, 2010-жылдын 8-апрелинде «Акыйкат» партиясынын лидери Аликбека Жекшенкуловдун жардамчысы Рашид аттуу жаран аталган компаниядан 4,5 млн. сомду коркутуу жолу менен алып кеткенин айтып чыккан. Бул маалыматтын өзү эле Аликенин талап-тоноочулуктан кур эмес экенинен кабар берет.

Өмүрбек Суваналиевди “Каттани” деп көпчүлүк суктануу менен карап келген. Милициянын генералы наамын алган бул киши бандиттер менен күрөшүүдөн саясатка өткөндөй. Ал саясий багытын өзгөрүү боюнча өтө шыктуу экенин көрсөттү. Мисалы, өзү туу туткан “Ар-Намыс” партиясынан кыска убакытта эле үч жолу “кирип чыккан”. Акыркы жолу Бишкек мэри болууну самап, аталган партия аркылуу шайлоого катышты. Бирок, борбор калаанын тургундары “каттанинин” ким экенин аныктап койду. Тактап айтканда, буга чейин борбор калаанын добушуна ишенген “Ар-Намыс” Ө.Суваналиевди алдыга чыгарып, туура эмес кылганын шайлоодон кийин аңдады окшойт.

Мелисбек Мырзакматов 2010-жылдан бийлик алмашуудан кийин “жылдызы жанып” бакиевчилерге таянуу менен 2014-жылдын январына чейин бийлигин сактап келди.  Ал Бакиевдин командасына өзгөчө кызмат өтөгөн жана ага жакын саясатчы болгон. Апрель окуясынан кийин качкын президент түштүктөгү аракеттерин колдогон акциялардын башына ушул кишини дайындаган. Бирок, Мелис мырза алардын акчасын өз бийлигин сактап калууга жумшаганын көпчүлүк айтып жүрөт.  .

Ал эми 2010-жылдагы июнь окуясында М.Мырзакматовдун күнөөсү бар экенин эл аралык комиссия аныктаган. Жергеликтүү өзбек диаспоралары аны кандуу калабанын авторлорунун бири  катары сыпаттап келет. Андан сырткары, Мелис мырза “Улуттар биримдиги” партиясынын шаардык кеңештеги жеңишинен кийин өзүң Оштун “ханы” сезип алганы белгилүү.

Мелисбек Мырзакматов Ош шаарынын мэрлик кызматына өтпөй калгандан кийин реванш  алууну күтүп жатканы белгилүү. Ал опозициялык кыймылга кошулуу менен өз кызыкчылыгын ишке ашырууну самап келет. Бирок, анын кызматта турганда мыйзамсыз иштерге барганы укук коргоо органдары тарабынан аныкталууда. Муну байкаган Мелис мырза оппозиияга кошулбай коюуга аргасы жок.

Камчыбек Ташиевди болсо такшалган саясатчы катары баалоо мүмкүн эмес. Анын келечек перспективасы жок экени белгилүү. Колуна тийген депутаттык мандатынан да өзүнүн туура эмес аракети аркылуу кол жууду. Анын өмүр таржымалына токтолосок, ага карата бир катар кылмыш иштери козголгон. Бакиевдин учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жашыруун эмес. Бул боюнча Бакиевдик бийлик тарабынан кылмыш иши да козголгон. Бирок, Камчыке акесинин бийлигине бир да каршы сөз айта алган эмес.

Белгилүү болгондой, 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Максим Бакиев менен Жаныштын телефон сүйлөшүүсү жарыяланып кеткен. Анда өлкөдө массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча сөз болуп, ага жардамчы катары Ташиевдин да ысымы айтылган. Ушул эле сүйлөшүүдө Максим,Камчыбек мырза өзү ушундай сунуш менен байланышка чыкканын баяндаган.

Жаңыдан түзүлгөн оппозициянын ички табияты да ар кандай. Алардын ичинде бири-биринен жийиркенген саясатчылар да бар. Буга мисал катары Равшан Жээнбеков менен Салмоорбек Дыйкановду айтсак болот. Р.Жээнбеков батыштан билим алган, демократия деп кыйкырып келген адам болсо, С.Дыйканов ачык эле “кыргыз тилинин граматикасын терең билбесең да кыргызча сүйлөгөн жетиштүү” деп айтып келет.

Ал эми  Мавлян Аскарбеков жаш саясатчы катары өзүнүн “жаңы санаалаштары” менен качанга чейин бир болору күмөн. Бул жигитти карт бөрүлөр жаш балача пайдаланбайт деп эч ким кепил боло албайт. Бул багыттан алганда Өмүрбек Суваналиевге сөз жок.

Каалайбызбы, каалабайбызбы жаңыдан түзүлгөн оппозициялык бул блок көпкө узабайт. Анткени, өлкө тарыхында бир да оппозициялык күчтөр көпкө чейин бирдиктүү боло алган эмес. Азыркы команда да ар кимиси өз кызыкчылыгы үчүн гана аргасыздан биригип жатат. Себеби, ар биринин амбициясы аттын башындай. Баары эле президент же премьер болгусу келет.

Түз айтканда

«Бизди кыймылдын лидерлери чакырды. Сүйлөшүүлөр болду. Өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу маек алыштык. Биздин партия (Эркин Эл) өлкөдөгү саясий турмушка активдүү аралашып келет. Тилекке каршы, мамлекеттеги көптөгөн көйгөйлөр көз жаздымда калып кетүүдө. Ага мисал катары Батукаевдин чыгып кетиши, чек ара маселелери, “Кумтөрдүн” айланасындагы ызы-чууларды айтсак болот Андан сырткары, бийликтин жаңы элитаны мамлекеттик бишкарууга тартуу тууралуу убадасы сөз жүзүндө калып келет. Ал эми бийликтин болсо өз каршылаштары менен констрктивдүү сүйлөшүүгө каалоосу жок”, дейт ал.

«Эркин Эл партиясы буга чейин да саясий муунду алмаштыруу зарылчылыгын көп жолу айтып келген. Бул мезгилдин жана элдин талабы. Азыркы бийлик баардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүп, саясий күрөштү ачык жүргүзүсү керек. Жаңыдан түзүлгөн саясий күчтөр көз карандасыз жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн аракеттениши зарыл. Биз ушул багытта иштеп жатабыз. Азыркы биздин кадамыбыз бул биздин тактикалык жүрүш”, – дейт М.Аскарбеков.

Май кармаган колун жалайт

Депутат Өмурбек Абдырахманов  да оппозициялык кыймылдан чакыруу болуп жатакынын айтып, азырынча ойлонуп жатканын билдирди.

«Азыркы оппозициялык топто бир топ эски саясатчылар бар. Буларга жаңы идеа керек болуп турат. Өлкөнү демократиялык стандарттар менен  башкарууга алып баруу зарыл. Бул азырынча кыяландануу катары эле. Ал кандайча ишке ашат аны убакыт көрсөтөт”. – дейт Абдырахманов.

– Р.Жээнбековдун оппозициялык топту жетектеп жатканына кандай карайсыз. Ал Акаев маалында анан үй-бүлөсүнө жакын адам катары Маммүлктү жетектеп турганда жүздөгөн мекемелер сатылып кеткен. Ал эми Бакиев маалында өлкөнү таштап чет элге качып кеткен эле?

– Менчиктештирүү ошол кездеги парламент жана өкмөттүн чечими менен ишке ашкан. Р.Жээнбеков аны аткарган. Бул көрүнүштү “май кармаган колун жалайт” деген учкул кепке салыштырсак болот. Мүмкүн ал уурдагандыр. Ким эле уурдабаптыр? Биз анда тааныш эмес болчубуз. А.Атамбаев чоң заводду менчиктештирип алган. Бирок, ал мага пансионатты берген эмес.  Ооба, Р.Жээнбеков менчиктештирүүнү башында турган.

P.S. Кайсыл гана бийлик болбосун анын оппоненти болот. Бул жалаң эле домократиялык норма эмес. Бийлик өз элинин кантип жашап жатканы жана эмнени эңсеп жатканын билиши керек. Оппозиция да кандайдыр бир митинг өткөрүүдө ага чогулган элди башкарууга жөндөмдүү болгону оң. Ал эми эксперттер жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдан аракеттерине көз салып турат.

 Ал эми азыркы бийликтен болсо ишенич кете элек. Бийлик тарабынан кеткен анча-мынча кемчиликтерди жоюуга мүмкүнчүлүгү азырынча бар… 

Булак: 24.kg

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru