Айбат » Сыйлыгыңар кут болсун!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сыйлыгыңар кут болсун!

Ысык-Кол айымдары элдик фольклордук топ22014-жылдын 13-февраль күнү Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый маданий корук – музейинде маданий расмий иш-чара болду. Иш-чарага КР маданият, маалымат  жана туризм министрлигинин орун басары, Кыргыз  кино департаментинин башкы директору М.А.Бектаналиев, КР маданий, маалымат жана туризм министрлигинин адис бөлүмүнүн башчысы М. Өзүбеков жана КР эл артисти, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  театр иштери боюнча кеңешчиси А.Абдыкалыков, ошондой эле жергиликтүү мамадминистрация башчысынын биринчи орун басары Р.Н. Борбукеева катышты. Алгач  Муса Абдыбекович: “Маданият министрлиги өзү эле чалкып жаткан көлдөй чоң тармак, ага маалымат, туризм тармагы кошулуп, абдан чоң министрлик болду. Министр С.А. Раев өзүнө ар тармак боюнча атайын кеңешчилерди дайындап атат. Сүрөт өнөрү, театр иштери жана башка тармактар боюнча кеңешчилердин катарына музей иштери боюнча биз урматтаган, биз сыйлаган Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый маданий корук – музейинин менеджери  Кеңешкан Ысмановнаны дайындады.  2014-жылдын 29-январь айынан тартып Кеңешкан Ысмановна КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин музей иштери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды”,  деп министрдин буйругу менен күбөлүгүн тапшырды.

Ошондой эле” кыргыз элинин маданияты көтөрүлмөйүн экономикасы өнүкпөйт” деп, маданиятка чоң салымын кошуп келе аткан Чолпон-Ата шаарындагы Ден-соолукту чыңдоо комплексинин башкы директору,  “БААША” коомдук бирикмесинин жетекчиси Т.Б.Мааткеримова маданият тармагынын “мыкты кызматкери” деген наамга татыктуу болуп, төш белгиси менен сыйланды жана “Ысык-Көл айымдар” элдик фольклордук тобунун мүчөсү Элчибаева Шаарбүбү да “мыкты кызматкер” аталып, төш белги менен сыйланды.  “Атын атаса куту сүйүнөт” демекчи, маданий- социалдык чөйрөдө канча жылдан бери талыкпай эмгектенип келе аткан айымдарыбыздын жакшынакай сыйлык менен сыйланып аткандыгы бизди абдан кубандырды. Иш-чаранын коноктору айымдарыбызды куттуктап, белек-бечкектерин тапшырышты.

Көлдүн аккуусундай каалгып, аппак көйнөктөрдү өзүнө келиштирип кийип, булбулдай созолонгон үнү менен “Ысык-Көл айымдары” элдик фольклордук тобу отургандарга чакан концерттик программасын тартуулады.

Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый маданий корук – музейинде 35 жылдан бери талыкпай эмгектенип келе аткан казына башчысы Мамытова Рыскүл да айымдарды алган сыйлыктары менен куттуктап, учурдан пайдаланып, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрүнө музейдеги айлык -акынын төмөндөгү тууралуу маселелерди козгоп өттү. “Биздин музейге  чет өлкөдөн туристтер көп келет, кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастары эң бай экендиги тууралуу жана башка маалыматтарды кеңири берүү үчүн чет тилинде жакшы сүйлөгөн жаш адистери керек, бирок тилекке каршы айлык-акы аз болгондуктан жаш адистер көп турбай, кетип калып атышат.  Сиздерден өтүнүч ушул маселени карап, чечип берсеңиздер”,  деп суранды.

Рыскүл Тыныбек кызы

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru