Айбат » “Оппо” оппозиция

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Оппо” оппозиция

оппозицияАр бир өнүккөн мамлекетте өлкө бийлигине тең салмакта турган өзүнүн оппозициясы бар. Оппозициянын негизги милдети мамлекеттик бийликтин туура эмес кетирип жаткан ишин көрсөтүп, аны менен биргеликте иш алып барып, элдин ынтымагы менен байгерчиликте жашоосуна шарт түзүп берүү. Арийне, аталган оппозиция Кыргызстанда да орун алган, бирок ошол оппозиция учурда  кандай жагдайда иш алып барууда.

Өлкөбүздө өздөрүн оппозициябыз деп атап жүргөн бир катар инсандарыбыз жакында Бириккен Улуттук Оппозициялык кыймылды түзүштү. Аталышы айтып тургандай Бириккен улуттар, демек өлкөбүздө жашаган ар бир улуттун өкүлдөрү кирген кыймыл болуш керек. Ал эми бул кыймылга, кечээ бийлик акырынан тамак жеп, анын арыгын, пландарын чаап, жат иштерге барып, өз ишинин артынан бийликке таарынган саясатчылар, эл ичине бүлгүн салганды жактырып, ага ыктагандар кирип алгандыгын байкап жатабыз. Айтканыбыз, кыймылдын мүчөлөрү Бакиев доорунда да түз өз көз карашы болбогон, бирок жагалданмай ыкма менен бийлик бутактарын ээлеп турган инсандар. ИИМ орун басары болуп, бүгүн белгилүү Саруу айылына барып элге бүлгүн салууга аралашкан Кубанычбек Кадыров, Мегакомду басып алуунун артында туруп, миллиондогон акчаларды чыгарып кетүүгө катышы бар катары күмөн туудурган Аликбек Жекшенкулов, шаардын борборуна элди жыйнап өз жумуш ордуна дарбазадан аттап кирүүнү абдан жакшы көргөн Камчыбек Ташиев, анын жан жөөкөрү, штаттагы саясатчысы Данияр Жаныкулов жана Бакиевдин өкүл баласы, өлкө маданиятын сызга отургузган  Нурлан Шакиев, өзүн хандын катарына коюп, коркутуу, акча күчү менен элди топтоп, түштүктү Кыргызстандан бөлүп чыгууга аракетин жасаган Мелис Мырзакматов, кечээ Бакиев арыгын чаап жүргөн, бири областты жетектеп, экинчиси жеп-ичкичтер партиясынын башында турган Өмүрбек Суваналив менен Бегалы Наргозуев.  Ким экени белгисиз саясатчы  Мамбетжунус Абылов, ар кайсыл жерде козу карындай чыгып, акча мыйзамын гана жакшы билген Мавлян Аскарбеков жана укук коргоочу Чолпон Жакупова  киришкен. Ал эми ушулардын бардыгынын ана башы баягы эле депутат акебиз, Кумтөрдүн артында турган, өз партиясын сатып кеткен, Саруу таламын талашымыш болуп, элди туура эмес жолго үгүттөгөн, Украина сценарийин жаттап чыккан  Равшан Жээнбеков турганы да чындык.  Элге дүрбөлөң салганды жакшы көргөн акебиз өз репертуарынан жазган жок. “Эгер жол-жоболор иштебей турган болсо биз оппозиция катары колдонуп жүргөн куралдарды пайдаланабыз. Алар митинг, курултай…” – деди Равшан аке. Айтканыбыз он жыл аралыгында дал ушул жол менен акча табуунун, бийликке отуруунун артынан түшкөн, анткени митингде жакшы акча жүрөт эмеспи.

Оппозициябыз деген тариздин артында бийликке умтулган саясатчы, же болбосо Мавлян Аскарбеков деген инибиз сыяктуу акчага гана кызыккан инсандар элди кайсыл жакка үндөп, эртеңи эмнеге барып такаларын ойлобогондой көрүнөт. Түндүк-түштүктү бириктирип элдин камын ойлойбуз дегени да кызык болууда. Негизинен биздин элибиз ар дайым биргелешип эле жашап келген, ал эми түндүк-түштүк  маселесин да дал сиздерге окшогон, акча менен бийликти өз кудайы кылган саясатчылар гана көтөрүп келет эмеспи.

Угушубузга караганда бул кыймыл Бириккен оппозициялык кыймыл (БОК) деген аталышта башталган, кийин кыскартып келгенде сасык болуп калаарына арданып ортосуна сөз кошуп жиберишкен имиш. Кызыгы бул адамдар бул кыймылды түзбөстөн туруп эле сасык саясатчылар катарына кирип, акча топтоо менен гана аракеттенгенин жалпы журт жакшы билип калбадыкпы. Эми өздөрүнүн алы тайый баштаганын сезгенби, айтор арасына Мавлянды кошкону да болуп жатат.  Кыскасы баштаган иши сасык болуп, журт ичине дүрбөлөң салбаса болду. Анткени Украинага чейин барып келишпедиби, кыймылдын аты да дал ошол Украина сценарийинен алынган. Аларда да Улуттук оппозициябыз дешип, өз балдарын өлүмгө түртүп, бийлик талашып жатышпайбы.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru