Айбат » Элдин тилегени – тынчтык, оппозициянын тилегени – бийлик

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Элдин тилегени – тынчтык, оппозициянын тилегени – бийлик

революцияУкраинадагы саясый абалдын курчуп отуруп, аягы төңкөрүш менен аяктаганы биздин айрым оппозициячыл саясатчылардын чырагына май тамызгандай эле болуп турат. Ырасын айтканда, Украинада бийлик менен оппозициянын кармашы башталган күндөн тарта эле Кыргызстанда бийликке жетпей калгандар, кимдир-бирөөлөргө таарынып калгандар, өчү барлар акырындык менен баш көтөрүп, “Бизде да бийлик элдин сөзүн укпаса, эл көтөрүлүп кетпейт деп айта албайбыз” дешип акылдуусуна башташкан. Демек, Украинада бийликтин кулашын эми биздин оппозициячылдар өздөрүнүн пайдасына “иштетүү” үчүн болгон аракеттерин көрөөрүнөн шек жок. Андыктан Украина менен Кыргызстандагы саясий абалдын таптакыр эки башка нукта экендигин айтып койгонубуз туура болот.

Биринчиден, Украинадагы козголоңго олуттуу себептери бар болчу. Ал өлкөнүн бийликтен жаңыдан гана кулатылган президенти Виктор Янукович өзүнүн балдары менен кошулуп алып, коррупциялык иштерге аралашканы украиндиктердин нааразычылыгын жараткан. Эгерде эске сала турган болсок, мындай бийликти Кыргызстандан 2010-жылдын 7-апрелинде кулатканбыз. Учурда Украинада болуп аткан процесстерди Кыргызстан 2010-жылы башынан өткөргөн. Коррупциялашкан, үй-бүлөлүк-авторитардык бийликти өлкөдөн кууган. Бул жагынан алып караганда, Украина биз басып өткөн жолду кайталап жатат десек болот.

Экинчи жагынан алып карай турган болсок, Януковичти бийликке алып келген миллиардер Ахмедов Майдандагы оппозициячылдарга ири суммадагы каражаттарын берип турган. Буга себеп Януковичтин бийликке келгенден кийинки Ахмедовго карата жасаган мамилеси болгон. Эң башкысы, Украина мамлекети башынан эле экиге бөлүнүү коркунучу менен жашап келерин билебиз. Тактап айтсак, алар СССРдин курамына киргенге чейин эки башка мамлекет болуп келишкен. Бир тарабы Батыштын позициясын карманса, бир тарабы Россияга ыктап турган. Украинадагы бул жолку козголоң дал ушул түбү тереңде жаткан бөлүнүүнүн кесепетинен улам болду десек да жарашат. Себеби Янукович өзүнүн жүргүзгөн саясаты аркылуу көбүрөөк Россияга ыктай баштаганы билинген. Мына ушундан улам Европага кошулгусу келген Украинанын батыш тарабы бийликке каршы аттанган. Бул массалык умтулуу.

Эми ушул эле көрүнүштөрдү Кыргызстан менен салыштырып көрөлү. Биринчиден, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Янукович сыяктуу балдары менен коррупциялык иштерге барган жери жок. Деги эле анын үй-бүлөсү, урук-туугандары саясатка аралашпастан тим отурушат. Украинада президенттик авторитардык бийлик орноп келген болсо, бизде бири-бирин көзөмөлгө алып тура турган парламенттик башкаруу системасы иштеп атат. Бийликтин үч бутагы Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарынан, милдеттеринин сырткары чыккан жок.

Экинчиден, Кыргызстанда Украинадагыдай Европага, же Россияга ыктайбыз деген массалык бөлүнүү жок. Биз башынан бир мамлекет болуп келгенбиз. Кудай буйруса мындан ары да ынтымакта, бирдикте жашай беребиз. Албетте, акыркы учурларда Батыштын саясатын жүргүзүп, ал жак менен байма-бай байланышып, алардын кызыкчылыгын коргоп жүргөн бирин-экин саясатчылар чыкты. Бирок, бул жалпы элибиздин маанайына эч кандай таасирин тийгизе албайт. Биз башынан Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөш болуп келгенбиз. Мындан ары деле ошол жолубуздан тайбаганыбыз туура болот. Демек, Кыргызстан менен Украинадагы саясий кырдаалдын айырмасы асман менен жердей десек болот.

Эң башкысы, азыркы тапта Кыргызстанда түзүлгөн оппозициялык кыймылдын бирдиктүү максаты болушу мүмкүнбү деген суроо бар. Аларды бириктирип турган бир гана максат бар экендигин бардык саясат таануучулар бир ооздон айтып келишет. Ал максат – бийликке келүү. Ал эми мындан сырткары алып карай турган болсок, бирдиктүү оппозициялык кыймылга кирген саясатчылардын ар биринин амбициясы бар жана ар бириники ар башка.

Маселен, “Ата-Журт” партиясын түптөөчүлөрдүн бири Камчыбек Ташиевдин Равшан Жээнбековдун максаты менен кайнаса каны кошулбайт. Ташиев күчтүү президенттик бийликтин болушун кааласа, Равшан мырза толук кандуу парламенттик башкаруу системасын каалайт. Ал эми Мырзакматов болсо регионалдык көз караштан арыла элек саясатчы экендигин көргөзүп келет. Ал эми Аликбек Жекшенкулов болсо бул саясатчылардан өзүн бир топ өйдөрөөк коет. Ырасында анын дагы жөнү бар. Бирдиктүү оппозициялык кыймылдын башка саясатчыларына караганда Жекшенкуловдун саясаттагы салмагы бар десек болот. Андыктан ал бүгүнкү күнгө чейин аларга кошуларын, же өзүнчө болорун ойлонуп жүрөт. Айтып кое турган нерсе, Аликбек мырзанын бул саясатчыларга жакындап жатканынын бир гана себеби бар. Ал себеп – бүгүнкү бийликке болгон ич күптүсү, таарынычы. Ал эми Өмүрбек Суваналиевдин болсо, өч алуу гана максаты бар. Андыктан бул биригүүнүн кызыкчылыгы менен кыргыз элинин кызыкчылыгы төп келишпей калганын байкоого болот.

Бүгүнкү күндө кыргыз эли, жалпы эле кыргызстандыктар митинг, митингден уланган ызы-чуулу төңкөрүш сыяктуу көрүнүштөрдү эмес, тынчтыкты, стабилдүүлүктү каалап турат. Бирок, элдин кызыкчылыгы менен эсептешпей, өздөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп жаткан бул оппозициялык кыймылдын мүчөлөрүнө түшүнүү кыйын болууда…

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru