Айбат » В. Янукович өз түбүнө – өзү жетти

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » В. Янукович өз түбүнө – өзү жетти

Янукович ВикторУкраинанын азырынча “Экс-президент” статусуна ээ боло элек президенти Виктор Янукович 2 жылдан бери “Россия, Белорус, Казакстандын бажы биримдигине киребиз” деп бир убада айтып кайрадан өткөн 2013-жылдын аягында “Европа ассоциациясына киребиз” -деп кайра айнып, мамлекет дефолт болоор алдында Россиядан 15 млрд. доллар насия сурап, анын 3 млрд. долларын транш түрүндө алып, кайрадан Европага сатылып, алар эмнени айтса ошону жасап, Киевдеги “Майдан” аттуу акцияны басканга эрки жетпей, Евросоюз “Майдандан” күч түзүмдөрүн алып кеткиле” десе ошолордун сөзүн угуп, 77 адамдын канына сабын болуп, бийликтен өзүн-өзү жок кылды.

2014-жылын 20-21-февраль күндөрү. Киевдин “Майданында” снайперлер  жана митингчилер тарабынан “”Беркутчулар” окко учуп жатканда “Майданды” тазалаганга чабуулга өтүүгө “Беркутка” буйрук берип, экстремисттик топтор, ашынган улутчулдар кача баштаганда, кайрадан ал буйругун токтотуп салуу бул чыккынчылыктын белгиси болду.

Биз “Айбатчылар” В. Януковичтин Европа мамлекеттерине болгон саткынчылыгын 2014-жылдын 31-январда эле газетабыздын бетине жазып чыкканбыз. Украинадагы окуялар дал ошол биз жазып чыккандай  болду.

Виктор Янукович эмнеге сатылды?

АКШ, Европа мамлекеттери “тынч митингчилерге күч колдонсоңор Украинанын айрым бийлик адамдарына карата визалык жана финансылык санкция колдонобуз” -деп коркутту. Украинанын эки жолу өкмөт башчысы, бир жолу президент болуп эбегейсиз байлык жыйнаган В. Янукович байлыгынан ажырап калышынан коркту. Украинада акыркы күндөрү В. Янукович эмес, Европа бийлик жүргүзүп турду. В. Янукович президент аты эле болбосо, бийлик тышкы күчтөрдө болду.

Киевде Германия, Франция, Польша мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлеринин кийлигишүүсү менен оппозициянын өкүлдөрү О. Тягнибок, А. Яценюк, В. Кличко менен В. Януковичтин колдору коюлган келишим кабыл алынды. Бул келишим боюнча, бийлик күч органдарын “Майдандан” алып кетип, ал эми митингчилер шаардын аянттарын, көчөлөрүн бошотмок. Президент ушул жылдын декабрь айына чейин президенттик шайлоо жарыялап, конституциялык реформаларды жүргүзмөк. Бул келишимге Россия тараптан барган президенттин  адам  укугу боюнча комиссиянын жетекчиси В. Лукин кол койбой Москвага карай жол тарткан. Чынында бул келишим эл көзүн будамайлоо мүнөзү болгон. Бийлик күч органдарын казармаларга жайгаштырып, “Беркутту” дароо жайгашкан жерине алып кетти. Бирок, “Майданчылар” тарабастан администрациялык имараттарды: Раданы, президенттик администрацияны, өкмөттүн имаратын басып алышты.

Эки жүздүү Европа

Украина оппозициясы “Правый сектор” деп аталган экстремисттердин жана ашынган улутчулдар (Бандерачылар) бийликти басып алаар замат, Европанын бийлик өкүлдөрү бул төңкөрүштү кубаттап чыгышты.

Юлия Тимошенко  Харьков шаарындагы түрмөдөн чыгаары менен Киевге учуп келип дароо эле “Майданга” барып ал жердегилерге “мен силердин эркиндигиңердин кепили болуп берем!” -деп убада кылды.

Таң калыштуу? Азырынча Ю Тимошенко эч ким эмес. Тескерисинче эл Ю. Тимошенкону эркиндикке чыгарды. Ал азырынча,  “Май айында өтүүчү президенттикке талапкер болом” -деп жатат. 2004 жылы АКШнын акчасы менен Украинада төңкөрүш жасаган бул айым ошол митингде “биз Евро Биримдигине кошулабыз!”-деп ачык айтты. Тээ өткөн 90-жылдары Россия газына ортомчу фирмаларды түзүп оңой жерден олжо таап, эбегейсиз байып отуруп бийлик тепкичине жеткен, улуту еврей ( кыз кезиндеги фамилиясы Григян. Еврейлер адатта ар кайсы улуттун  фамилияны алып жүрүшөт).

Ю. Тимошенконун түрмөдөн бошошун АКШ, Европа мамлекеттери куттуктап жиберишти

Буга чейин “Украинага бир цент жардам бербейбиз” -деп жаткан Евро Биримдик Украинага 20 млрд. евро беребиз” -деп жатышат. Сыягы, бул Ю. Тимошенконун “Евро Биримдигине  киребиз” -деген билдирүүсүнөн болду.

Евро Биримдик “Майданды” “тынчтык митинг” -деп аташы эки жүздүүлүктүн ашкан чеги. Бей күнөө милиция кызматкерлери окко учуп жатса ошол көрүнүштү тынчтык митинг-дешке кантип ооз барат. Украинадагы анархия Европанын акчасы, жана жалданма адамдары менен жасалды.

Украинадагы НАТО күчтөрүнүн негизги максаты: Крымдагы Россиянын деңиз флотун улутчулдардын күчү менен сүрүп чыгаруу.

Тышкы күчтөрдүн дагы бир максаты Укрананы Россия, Казакстан жана Белорусиянын бажы биримдигине кошпой бул ири аймакты ээлеген мамлекетти өзүлөрүнүн “огородуна” айландыруу.

Бирок,2014-жылдын 22-февралында Чыгыш жана Крым областынын ар кайсы деңгээлдеги депутаттары, губернаторлору, шаарлардын мэрлери (баардыгы 3,5 миң делегат) Харьков ш. съезд өткөзүшүп “борбордук бийлик туруктуу болмоюнча өз мыйзамдарыбыз менен иш алып барабыз” -деген резолюция кабыл алышты. Бирок Украинанын түштүгүнө экстремисттер тополоң салышууда. Крым Автономиялуу областы Россияга кошулабыз” -деп жатышат.  Керч шаарынын мэриясынын имаратына жергиликтүү эл Россиянын желегин илишти.

Украинанын азыркы “бийлиги” Чыгыш Украинаны жана Крым автономдуу областын “сеператисттер!” -деп аташты. Батыш  Украинада  кыйла жылдан бери борбордук бийликке баш ийишпей “Степан Бандеранын улутчулдук идеологиясын алып, Киевдин “Майданында “  бейкүнөө 12 милицияны жана да “Региондор партиясынын” штабындагы бейкүнөө 2 жаранды мыкаачылык менен өлтүрүштү.

Батыш Украинанын  улуттчулдук идеологиясын башка аймактарга таңуулоо бул сеператизмден да коркунучтуу.

Степан Бандера – деген ким болгон?

Бул жан кечти өткөн кылымда Батыш Украинада Улутчулдук уюм түзүп (фашисттик) украин эмес элдерге көрбөгөндү көрсөткөн. Дүйнөлүк экинчи согушта Британянын атайын кызматы үчүн иштеген. Согуш бүткөндөн кийин Бандеранын желдеттери Украинада террор жүргүзгөн. Миңдеген бейкүнөө адамдар тирүүлөй өрттөлүп, кудуктарга салынып, дарга асылган жана атылып турган. С. Бендера Мюнхен шаарына барып жай алып. үй бүлөсүн ошол жака көчүрүп алган. 1956 жылы СССРдин КГБсынын кызматкери тарабынан Мюнхенде атылган.

Германия мамлекети ушул тапта С. Бандеранын жолун жолдоочуларды колдоп жатат. Европанын дагы бир эки жүздүүлүгү ушунда жатат.

В. Януковичтин тагдыры жөнүндө Россиянын МамДумасынын тышкы саясат боюнча комитеттин төрагасы Алексей Пушков ММК мындай коментарий бериптир.

“В. Януковичке батыш мамлекеттери “коопсуздугуна кепилдик” беришкен. Бирок, В. Януковичти Гаага сотуна салып беришет. Сотто В. Янукович “кепилдик бербедиңер беле” -десе алар (батыш мамлекеттери. авт.) жылмайып гана коюшат. Мына дагы бир Европанын эки жүздүү саясаты.

Айтмакчы, Ю. Тимошенко түрмөдөн чыгып “Майданга” келгенде майып адамдын арабасы менен келди. Бул айымдын бул жоругун симуляция-деп коёт. Ю. Тимошенко бир айдан кийин эле, жүгүрүп басып кетээрине өзүңөр күбө болосуңар.

Токо Мамбетов

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru