Айбат » Жети өлчөп, бир кесели

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жети өлчөп, бир кесели

ЕвромайданӨлкөбүз акыркы тогуз жыл аралыгында эки ыңкылапты башынан кечирип келди. Алардын кесепеттерин мамлекет азыркыга чейин башынан кечирип келүүдө. Өлкөбүздө болгон окуялардын Грузиядагы, Украинадагы, Сириядагы окуяларга коендой окшоштугу ойлондурбай койбойт. Албетте аталган окуялар жок жерден гана келип чыккан жок дечи. Бардыгы бири-бири менен тыгыз байланышта болуп жаткандай көрүнөт.

Бүгүнкү күнү окуялардын уландысы Украинада кайталанып жаткандыгы ар бир жаранды тынчсыздандырып жатат деген ойдомун. Эгемен мамлекет Евросоюзга кирбей койгондугунан улам, батышка ыктаган айрым күчтөр элди көчөгө алып чыгып, калыптанып, журт катары турукталып калган мамлекетти талкалоонун алдында турат. “Майдан” кандай ыргакта өөрчүдү, көз жүгүртүп көрөлү. Украина президенти батышка ыктаган жок,  митингдерди өткөрүүгө каршы мыйзамды кабыл алды. Элдин атынан чыккан оппозиция нааразычылыгын билдирди, элди көтөрдү, өзүнүн укук коргоо органдарында иштеген уул-кыздарын ур-токмокко алып, аларды өлтүргөнгө чейин барды. Мыйзамды жокко чыгарган күнү тарайбыз деди. Бирок андай болгон жок. Демек түпкүлүгү башкада экен да, куруу шылтоо менен мамлекетти жок кылууга алып баратышат. Албетте бул коогалаң кайсылдыр бир күчтөр үчүн эң оптималдуу болуп эсептелип келет. Мамлекеттин, журттун журт катары жок болушу кимдин кызыкчылыгында? Албетте батыштын акчага чиренген атка минерлери пайда алууда.

Кызыгы ошол “Майдан” апааты Кыргызстанды карай ыктагандай сыяктанат. Бажы союзуна кирүүгө каршы болуу таризи алдында элибиздин мээсин айлантуу менен митингдерди өткөрүү акырындан жыла баштады. Митинг көнүмүш адатка айлангандыгын баардыгыбыз билебиз. Бирок ошол митингдин артынан бизде да үчүнчү “Майдан” башталып кетпейби деген кооптонуу жаралат. Себеби, суунун башаты булак болот эмеспи. Акырын, кичинекей митинг өткөрүү менен элди топтоп, акыры кайсыл жакка, кандай нукта бара тургандыгыбыз айдан ачык көрүнүп калды. Анын үстүнө Бажы союзуна олуттуу каршы чыгып жаткан Равшан Жээнбеков деген депутат мырзабыз жакында Украинага барып, майданга катышып, каршылык, нааразычылык акциясына чыккандарды колдой тургандыгын билдирип келди. Равшан мырза украиндердин оппозициясын колдогону бардыбы же майдан сценарийин көчүрүп алып, аны Кыргызстанда ишке ашырганы жатабы? Элибиз үчүнчү ыңкылапка туруштук бере алабы? Анын деги бизге кереги барбы? Ушул суроолорго бир гана жооп бар, ал, тынч, ишеничтүү өлкөдө жашагым келет.

Жети өлчөп бир кесип келген калкыбыз Бажы союзуна кирүү кирбестигин, анын кесепеттерин жана пайдалуу жактарын жакшы эле баамдап турат. Бирок ошол чечимди Равшан мырза сыяктуу атка минерлерибиз элге каршы буруп, жакшысын айтпай, жат жагын чыгарып, өздөрү эңсеген бийлик менен байлыкка умтулуу куралы катары колдонуп жатканы кейитет. Эл ишенип шайлаган мырзаларыбыз мындай жоосунду жасап жатса, калганыбыз кайда барабыз. Же байлык, бийлик, мансап, батыш ыргыткан каражат элдин үнүнөн, келечегинен артык болуп кеткенби? Же Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов сыяктуу депутаттарыбыз элге каршы иштеген инсандарбы?

Ар бир аткарылып жаткан иштин акыры кайсыл жерге келип такаларын баамдашыбыз зарыл. Бүгүн чыгып жаткан митингчилер эртең аны өөрчүтүп, коогалаң жаратканга алып келери күмөнсүз. Анда Кыргызстан да украинанын сценарийине өтөт. Эл кагылышат, мамлекетибиз дагы канчалаган жылга артка чегинет. Жакырчылык байыр алат. Бул бери гана жагы, түндүк-түштүк, бай-кедей болуп эки-экиден чабышып, ата-бабаларыбыз сакта деп берген  кутман жерибизди оруска, кытайга, эч болбосо жакынкы казак менен өзбекке тарттырып, талатып жиберүү коркунучу бар.

Жаратылышы бай, эли кеменгер Кыргызстан канчалаган кылымдардан бери татыктуу өмүр сүрүп келет. Эми минтип акча деген нерсе көз майын басып калган атка минерлердин куру шылтоосунун алдында мамлекетибизди жок кылып алабызбы. Балдарыбыздын эртеңки келечегине балта чаап, коңшуларга кул болуп калабызбы. Бүгүнкү митингдин кесепети эртеңки жашоо шартыбызга да кедергисин тийгизет эмеспи. Мамлекет, өкмөт мага эмне кылып берди дегендин ордуна, мен мамлекет үчүн эмне кылып бердим, же эмне кылып бере алам деген ураандын алдында митинг, антимитинг сыяктуу жат көрүнүштөрдөн арылып жапа тырмак иш алып барсак Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөт эле. Келечекке үмүтүбүз да, ишеничибиз да зор. Ал үчүн акылыбыз менен жашап, иш алып баруубуз керек.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru