Айбат » Ж.Сатыбалдиев Ф. Куловдун саясий коррупциясына туруштук бере алабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ж.Сатыбалдиев Ф. Куловдун саясий коррупциясына туруштук бере алабы?

Кулов Феликс“Ар намыс” фракциясынын башчысы Феликс Кулов Мамлекеттик каттоо кызматын каалагандай калчап атат. Жаш, тилимди алат, айтканыман чыкпайт деген ниет менен алып келген Эрлан Сапарбаев деген кадры бунт уюштуруп, Куловдун айдактамасы менен чуркап жүрүүнү каалабады.

Эрлан Сапарбаевдин айтымында, ал баягы эле Куловдун “крышасынын” алдында иш жүргүзүп жүргөн “Интел Линкс” компаниясынын мамлекеттик документтерди жасоо боюнча контрагы февралда аяктагандыктан, Кулов өзү кайсы компанияны айтса, ошолор менен контракт түзүү буйругун берген. А бирок Сапарбаев буга караманча-каршы чыгып, эч кандай компанияларсыз паспорт жана башка документтерди өзүбүз жасап беребиз деп тырышып туруп алган.

Ушундан улам “бунтарь” Сапарбаев садага чабылып, кызматынан айдалды. “Ар намыс” фракциясы болсо жаңы жетекчи тандоо боюнча жыйындарын фарска айландырып, акыр аягында Феликс Кулов түрткүлөп жаткан Султан Альчикенов эмес, “Өнүгүү-прогресс” партиясынын жетекчиси, депутат Бакыт Төрөбаевдин бир тууганы Аскарали Төрөбаев депутаттардын көпчүлүк добушун алып калган. Айрым маалыматтар боюнча, А.Төрөбаев депутаттарга 5-10 миң доллардан акча тараткан имиш. Акыр аягында фракциянын депутаттары Төрөбаев менен кошо премьер-министрдин кароосуна дагы үч талапкер – Алина Шаикова, Даир Кенекеев жана Султан Альчикеновду жөнөтүштү.

Бул фарска катышууну каалабаган жалгыз депутат Каныбек Иманалиев Каттоо кызматына алар жиберген кадрлары тиешелүү деңгээлде иштей албай жатканын, аталган кызмат коррупциянын очогуна айланганын, талапкерлерди тандоо жана дайындоону премьер-министрдин өзүнө өткөрүп бериш керектигин айтып, уятынан бети чыдабай атканын жашырган жок. А бирок анын кесиптештери уят сыйытты жыйыштырышып салып,  анын сунушун четке кагышыптыр.

Эми тандоонун татаал маселеси премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин алдында турат. Жантөрө Жолдошевич  Куловдун саясий коррупциясына туруштук бере алар бекен? Канча жылдан бери Кулов өзүнүн досу Дмитрий Цойдун “Интел Линкс” аркылуу жасаган паспорт бизнесин корголоп келет? Эми дагы эч уялбастан тил алчаак өз кишисин Каттоо кызматына сүйрөп келип, каалагандай калчаганды уланткысы келүүдө. Премьер-министр Куловдун мындай аракетине бөгөт коюуга, татыктуу инсанды алып келүүгө, Мамлекеттик каттоо кызматын бир ууч адамдын чөнтөгүнө эмес, элдин кызыкчылыгында, мамлекет үчүн иштегендей кылып чечим жасоого эрки жетер бекен десең?

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru