Айбат » Тамерлан Ибраимов: “Жаңы оппозициялык кыймыл өлкөгө эч кандай жакшылык алып келбейт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Тамерлан Ибраимов: “Жаңы оппозициялык кыймыл өлкөгө эч кандай жакшылык алып келбейт”

Ибраимов Темирлан26-февралда Кыргызстанда ЖК депутаты Равшан Жээнбеков башында турган жаңы оппозициялык кыймылдын бет ачары болуп өттү. Жыйындын  натыйжасында кыймылдын мүчөлөрү бийлик эки революциядан сабак албастан, кайрадан авторитардуу багытка ыктады деген меморандум кабыл алышты.

Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимовдун айтымында, жаңы оппозициялык кыймыл кандайдыр бир туруктуу көз караштарды карманган олуттуу кыймыл болот деп айтууга болбойт жана өлкө үчүн эч кандай жакшылык алып келбейт.  Анын пикиринде, аталган кыймыл багыты ар тараптуу, бир гана бийликке келүүнү максат кылып бириккен кыймыл болуп саналат. “Бирок бийлик үчүн күрөш кандайдыр бир реформаларды өткөрүп, элдин турмушун жакшыртуу максатында болушу керек эмеспи”, -дейт саясат таануучу.

Ал ошондой эле авторитаризм боюнча оппозиционерлердин айтканына да кошулган жок. “Мамлекеттин саясий системасында белгилүү бир жетишпегендиктер болсо да, кадимки саясий күрөштү жүргүзүү үчүн бардык шарттар бар. Кыймылдын бул сыяктуу билдирүүлөрү күмөн санатат. Бул оппозициялык кыймыл олуттуу эместей сезилет, ооба, алар саясий талаада кандайдыр бир кыймылдарга жол беришет, бирок мамлекет үчүн эч жакшылык жасап бере алышпайт”, – деди Ибраимов.

Серепчи мындан тышкары Кыргызстандагы ар кайсы оппозициялык кыймылдар биригиши ыктымалдыгын кошумчалады. “Ар кандай күчтөрдүн өздөрүнө санаалаш издегени кадимки эле саясий көрүнүш. Мындан кыр издөөнүн кереги жок. Жакынкы убакта жана шайлоонун жакындашы менен дагы көптөгөн биригүүлөргө күбө болобуз”, – деди ал.

Ибраимовдун пикиринде, жаз албетте адаттагыдай тынч өтпөшү мүмкүн, бирок чоң өзгөрүүлөр болбойт, анткени ал үчүн социалдык база жок.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru