Айбат » Жээнбековдон кудай сактасын!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жээнбековдон кудай сактасын!

Жээнбеков РавшанЭскилерди бетине кармаган “жаңы” оппозиция азыртадан эле болочок кызматтарын бөлүштүрүп алган сыяктуу. Акыркы убакта “Фейсбуктун”  каарманына айланган Равшан Жээнбеков  адаттагы куулугу жана сактыгын жыйыштырып коюп, ачык эле чабуулга өттү. Артында чоң күч бардай, түртмөлөп турган…

Равшандын жазгандарына көңүл бурсак, анын жалгыз эле душманы бар экен – ал президент. “Ажыдаар болуп калганын өзү байкабай атат”-дейт Жээнбеков. Ооба, Равшан үчүн президент ажыдаар көрүнүп жатат, анткени ага окшогон коррупционерлерди, мамлекетти дүңүнөн саткандарды камчылап, камап, жегенин кустуруп атат. Ошол чоң-чоң жутуп алгандарын кусуп каламбы дегенден корккон Жээнбеков ары чапкылап, бери чапкылап бийликти оодара турган оппозиция курдум деп ойлоп жүрөт. Карапайым эл, мисалы, Атамбаевди ажыдаар көрбөй эле,андан коркпой эле тынч оокатын жасап жүрүшөт. Эмне үчүн? Анткени алар камактан коркпойт. Өмүр бою таза иштеп, маңдай тери менен нан таап жүрүшөт. Ал эми Равшан сыяктуу жеп-ичкичтер үчүн ажыдаар көрүнгөнүн түшүнүп эле турабыз.

Ошондой эле Равшан Жээнбековдун айтымында, ал “буюрса, премьер-министр болот” экен. Премьер-министр болгондон кийин гана Кыргызстанга укмуштуудай өзгөрүштөрдү алып келет экен. Чын-чынына келгенде, Равшан Жээнбеков 31 жашында Маммүлк министри болуп, мамлекеттин оокатын дүңүнөн арзыбаган акчага сатып ийгенде эле түңүлгөнбүз. Кудай анын бетин ары кылсын, премьер-министр болсо баарыбызды кошуп дүңүнөн батышка сатып ийип кууратат.

Анан дагы үзөңгүлөш оппозициячыл соратниктерин унутуп койдубу Жээнбеков? Алардын ар биринин аттын башындай амбициялары бар. Ошол эле Ташиев же Мырзакматов Равшанга бийликти карматып коюп жалдырап отуруп беришпейт да? Мына, чатактын баары ушул жерде.

Ошондуктан, Равшан Бабырбекович, сизге бере турчу кеңешибиз – батышчыл, же чыгышчыл болуунун ордуна кыргызчыл болсоңуз – биртоп ийгиликке жетишесиз. Алдыңкы катарга өз амбицияларды эмес, кыргыз элинин кызыкчылыгын койсоңуз – ошондо эл ишенет. А бирок сизди премьерлик тактыда көрүш кыргыз элинин кызыкчылыгына төп келбей жатат…

 

 Популизмдин да чеги болот

Премьер-министрлик кресло көздөн учкандан бери “жаңы оппозициянын” “эрте бышып жетилген” лидери Равшан Жээнбеков анча-мынча адекваттуулугун жоготуп баратат.

Өзүн-өзү пиар кылып атып чарчаган окшойт, эми популизм менен алектенүүгө батыл киришти. Өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына Украинада “Мамлекеттик тил саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзам жокко чыгарылганын жана эми аларда бир гана мамлекеттик тил – украин тили болорун жазыптыр. Анан дагы “жылан чакпай жылкы теппей” эле Кыргызстанда дагы бир гана кыргыз тили мамлекеттик болуп, башка тилдер болбошу керектигин балп эттирди.

Эзели кыргыз тилине күйбөгөн, “how do you do”дегенди гана укканда кулагы сүйүнгөн Равшан Жээнбековду көбү түшүнбөй калды. Элди өзүнө тартуунун айла-амалы калбай калганда ушул сыяктуу популисттик кадамдары менен өзүмө упай топтоп алам деп ойлойт окшойт.

Каршылаштарды беттен алмай, айтышмай, чабуулга өтүү сыяктуу популисттик жалган тактикасы Р.Жээнбековду кайсы бийиктикке жеткирерин дагы көрө жатарбыз, күтө туралы.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru