Айбат » Марат Казакпаев: “Оппозициялык кыймыл бизде Украинадагыдай абалды түзүүгө аракет жасайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Марат Казакпаев: “Оппозициялык кыймыл бизде Украинадагыдай абалды түзүүгө аракет жасайт”

Казакпаев Марат- Марат мырза, Украинада революция жасалып, Виктор Янукович качып кеткенден соң биздин айрым оппозициялык саясатчылар учурдагы бийликти да Украинадагыдай абал күтүп турат дегендей айта башташты. Буга кандай карайсыз?

– Бизде Украинадагыдай сценарий буга чейин болуп өткөн. Башкача айтканда, Украинада биздеги 2010-жылдагыдай окуя болуп өттү. Экинчиден, Украинада идеология, саясий кырдаал башка. Алардын көпчүлүк эли Евросоюздай болуп жашагылары келет. Ошондуктан алар оппозицияны колдоду. Бизде болсо кырдаал башка. Бирок, коркунучтар бар. Анткени Улуттук оппозициялык кыймыл деген түзүлдү. Алар бизде Украинадагыдай сценарийди түзгөнгө аракет жасашат. Бирок, ушул оппозициялык лидерлер мамлекетти алып кете алабы деген суроо бар. Буларда конкреттүү идея жок болуп атат. Андыктан эл ээрчибейт. Алар элди көтөрөбүз деп ойлоп атат. Бирок эл андайдан тажап калган.

- Россиянын белгилүү саясат таануучусу Федор Лукьянов «Януковичтин тагдыры Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдики менен окшош болуп калды» деп билдирди. Чындыгында эле ошондой болдубу?

– Окшоштук бар. Бирок биздин менталитибиз башка. Украина кандай болгон күндө да Европа. Алар цивилизацияга жакын. Андыктан алар адегенде 3-4 ай митинг өткөрүштү. Бизде болсо Бакиевдин бийлигин бир заматта эле кулатып коюшкан.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru