Айбат » Кенже Дүйшеева: “Ишиң ийгиликтүү жүрүп жатканда, сөзсүз көрө албастыктар болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Кенже Дүйшеева: “Ишиң ийгиликтүү жүрүп жатканда, сөзсүз көрө албастыктар болот”

Дүйшеева КенжеКыргыз шоу-бизнесинде көптөн бери жаркыраган жылдыз болуп жанып келген Кенже Дүйшеева менен маек:

- Саламатсызбы Кенже эже, сиздерде кандай жаңылыктар бар?

– Саламатчылык 4-мартта чыгармачылык концерт жана “Жебе” тобунун бет ачары болот деп даярданып атабыз. Кудай буюрса “Жебе” тобунун түзүлгөнүнө үч жыл болуп калды, ал эми мен жыйырма жылдан бери чыгармачылык менен алек болуп жүрүп бир дагы өзүмдүн концертимди берген эмесмин. Мындайча айтканда отчёттук концерт сыяктуу болуп калат, бирок ошол эле учурда мен түптөгөн  “Жебе” тобунун бет ачары. Анткени мени жана “Жебе” тобун бөлүп караганга мүмкүн эмес. Бул менин чыгармачылыкта өзүнчө болуп чыккандан берки эмгегим. Эми кыргыз элимдин алдына алып чыгайын деп, ушу концертке даярданып, жаңы ырларды жаздырып, жаңы костюмдарды тиктирип, чуркап жүргөн кезибиз.

Жебе- “Жебе” тобу тууралуу жана алардын стили жөнүндө айтып берсеңиз.

– Топ төрт жигиттен турат жана команданын музыкалык билими бар, бардыгы тең таланттуу. Ырлары бардык муундардын моокумун кандырат жана тартылган клиптеринде улуттук колоритте да, заманбап стилде да кийинишет. Жаш кезинен эле ар кандай кастингдерге катышып, конкурстарда көрүнүп келгени менен эл алдына 4-март күнү салтанаттуу түрдө, концерттик программа менен тааныштырам. Боло турган концертте кудай буюрса балдардын ар бирине басым жасап, ар бирин көргөзүп бере алам.

- Интернет булактарындагы социалдык тармактарда –  “Жебе” тобу корей балдарына окшош, жана кыздарча көйнөк кийип алышкан го… – деген ой-пикирди талкуулап жатышат, чындап эле стили тууралуу айтып берсеңиз.

Дүйшеева Кенже- Балдардын стили кыргызымдын улуттук колоритинде деп айтып кеттим го, ал эми корейлерге, кыздарга окшоштуруп атышкандары жөн эле дагы бирөөнүн провокациялык кеби. Мен сын-пикирди туура кабыл алган адаммын, бирок эгер негиздүү болсо. Негизи жок ушак кептерге көңүл дагы бурбайм. Жакшынакай костюм кийип чыгышат.

- “Жебе” тобунун башка ушу сыяктуу топтордон эмне айырмачылыгы бар?

– Эми аны көргөн эл өзү байкап, баамдайт деген ойдомун.Себеби команда бир гана заманбап стилде болбостон, улуттук стилди да кармап келет. Улуттук стилдеги ырларга чоң басым жасайбыз. Кыскасын айтканда элибиздин бардык талабына жооп бергенге катуу аракет кылабыз. “Бышкан ашка сынчы көп” деп коёт эмеспи, ошо сыңары мен бул команданы түптөп бүткөндө ар ким ар кандай кеп кылды. “Жаш балдарга эмне ашык болдуңар? Эмнеге эркектердин командасы? Жеке жашооңордо жолдошуңуз жокпу?” деген суроолорду узатышты. Адам жөнүндө башкалар кеп кылып атса, анда сенин жашап жатканыңдын белгиси. Жеке жашоом эң сонун жана “Жебе” тобунун өз багыты түз. Жолдошум, жакын досторум жана туугандарым колдоп турганда эмне үчүн мен чыгармачылыкта ачылыш жасай албайм?! Колдон келип атканда, ишиң ийгиликтүү жүрүп жатканда сөзсүз көрө албастыктар, бут тозуулар болот. Мен бул нерсеге анча деле көңүл бура бербейм.

- Концертиңизге конок болуп кимдер келет?

– Гульнара Калдарова жана Айжамал Кабылова менен көптөн бери иштешип, чыгармачылыкта да жеке жашообузда да жакын келебиз. Азыр көп концерттер “ашар-концерт” болуп кетип атат, афишаларын карасаң жеке концерт дегени менен коноктордун узун тизмеси жазылат. Биздики программабыз толук болгондуктан, буюрса чындап эле жеке концерт болот.

- Маегиңизге чоң рахмат Кенже эже, жана боло турган концертиңиз ийгиликтүү, ойдогудай өтсүн!

Бектур БАЙМОҢОЛОВ

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru