Айбат » Жамал апа баласы Азаматтын тагдырын айтса, сөөк сыздайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Жамал апа баласы Азаматтын тагдырын айтса, сөөк сыздайт

сотБалам Токтоназаров Азамат Өзгөрүшович 2009-жылы Кыргыз Экономикалык Университетине тапшырып өзү каалаган адвокат жагында окуп жаткан.  Ошол учурда мен Москвага иштерим менен кеткем. Ал убакта балам менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз, ал күнү да адаттагыдай эле сүйлөшүп жаткам. Сөзүбүздүн аягында коштошпой эле телефонду ордуна койбостон кетип калды.  Мен болсо таң калып кала бердим. Андан көп өтпөй  эле инимдин жолдошу келиним телефон чалды. Балаңыз эсин жоготуп жыгылып калды, тез жардам келип, эсине келди деди. Андан дагы бир аз убакыт көп өтпөй эле бул жактан кайра чалышты.  Балаңыздын абалы оор башы ооруп жатат. Тез арада келип калыңыз дешти, Мен ал күнү учканга билет алганы барсам, бир жумадан кийин гана билет болоорун айтышты. Ошентип мен бир жумадан кийин Кыргызстанга келдим. Келсем жаркырап узаткан балам босогодо отурган экен, ушундай деңгээлге келип калыптыр. Мен баламды жазында армияга деп чакырышканда баардык врачтардын кароосунан өткөрүп ден- соолугу чың деген жыйынтык беришкен. Абалын көрүп алып ыйлап жибердим.

Мен келгенден кийин гана  баарын угуп жатам. Көрсө мындайча болот. Мен баламды кетээрде кийинтип кеттим эле. Сабаган балдарга курткасы жакканбы айтор, баламдын курткасын тартып алышат.  Негизи үч жолу сабашкан экен. Балам  тааныштары чакырып ошолор аркылуу курткасын кайра кайтарып алган. Баламдын иши боюнча баардык жеринде күбөлөр бар, сабап жатканда достору болгон, сабаган балдардын аты жөнү, ким кайда, менде бардык маалыматтары бар. Мен аларды кличкалары аркылуу таптым.  Ажыматов Кайрат (Шрек),Түлөбердиев Азамат (бостери), Кадырбеков Эрлан (ренбо), Жумабек уулу Улукман (Манап). Азыркы учурда кайсы бир чоң окуу жайларда окуп жатышат.  Дагы бирөө Нурсултан (сендвич), фамилиясы белгисиз. Мен баламдын иши боюнча отуздан ашуун ЖКнын депутаттарына кат жазып, жыйырма депутат менен бет алдында кайрылып жардам сурадым. Кирбеген тийиштүү министрликтер калган жок.  Азыркы эле ажобуз Атамбаев Алмаз Шаршеновичке он үч жолу кат жазылып кайрылдым. Бийлик тараптан эч жооп болгон жок, Бул иште мыйзамды көз көрүнө бузган айдан ачык эле көрүнүп турду. Мисалы соттордун кылган иши, Абакиров Ж.Т, Мураталиев Р.Э,  Асанова И, булар бул ишти эки жолу карашкан, мыйзамда бир сот бир  ишти бир эле жолу караганга болот экен. Ал эле эмес мен бир жолу дагы баламдын иши боюнча Октябрь райондук  милиция бөлүмүнө барып кирейин десем, киргизишпей ал жерден мени уруп согушуп, тез жардам келгенде эсиме келиптирмин . Бул иш боюнча да сотко бергем. Азыр гана кичине кыймылдап жатат

Редакциядан: Биздин каарманыбыз жашоодогу жалгыз туягын жоготуп төрт жылдан бери чындыкка жетпей какпаган каалгасы, кайрылбаган министр , соту калбаптыр.  Беш жыл өтсө да апа бул окуяны айтып берип жатып ыйлап отурду.  Бийлик тарап бул иштин аягына чыгарат деген үмүттөбүз?

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru