Айбат » Алым Токтомушевдин адаттагы “аласалдырмасы” же болбосо “миркобко” жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Алым Токтомушевдин адаттагы “аласалдырмасы” же болбосо “миркобко” жооп

Токтомушев АлымСөз жок, журналистика жана адабият жаатында алгылыктуу салмагы бар Алым Токтомушевди жөнү жок эле каралай албайбыз. Эгемендик алган жылдардан бери өзү айтмакчы «маркум Мелис Эшимкановдун «көтөн зордугу» менен» эле журналист болуп чыга калганын эч тана албайбыз. Олуттуу дагы, салмактуу дагы макалаларын массалык маалымат каражаттары аркылуу байма-бай жазып турат. Арасында анча-мынча «аласалдырып» жиберген, ашыкча шөкөттөп жибермейлери дагы бар.

Мына ушул агабыз «Жаңы агым» гезитине эки кулач «Микроб» аттуу макаласын жарыя кылыптыр. Ырас, «Асабада» иштеп жүргөндөгү алгачкы журналисттердин Кубатбек Жусубалиевдин стилине өзгөчө басым жасаган адатынан Алым агабыз деле куру калбаганы көрүнүп турат. Эки сөз менен айта турганды айлантып-тегерентип, мээни эзип отуруп, анан аягында «ушул болчу» айтайын дегеним дегенсип коет. Бул жолу да ошондой ыкманы тандаган экен. Кыязы бир ок менен эки коенду атууну көздөсө керек.

Дегеним, учурдагы саясий кырдаалга баа берип, оппозицияны да, ага кошуп бийлик өкүлдөрүн да «чыжылдата» кууругусу келиптир. Туура, олуттуу ойлорун тана албай тургандыгыбызды билдирдим. Бүгүнкү күндөгү оппозицияга өзүнүн туура баасын берген. Бирок, бийликти сындаганга келгенде эмнегедир ашыкча толкунданып жибергендей. Өзгөчө оппозициянын терс аракеттерин сынга алган маалымат, макалалардын бардыгын бийликтин заказы катары сыпаттап жиберген.

Маселен, бийлик «Курманбек Бакиев кайрадан өзүнүн тарапташтары менен Кыргызстанда төңкөрүш жасаган атат деген «аш» басып элге бекер таратып жиберди» дейт агабыз. Ушул жерден Алым Токтомушев бир аз акыйкаттыктан тайып кеткен. Болбосо, өз элине ок чыгарып, 90 баланын өмүрүн кыйып качып кеткен Бакиевдер кайрадан реванш алуу үчүн Кыргызстанда калган ,көздөй кадырларына таянып түрдүү иш-аракеттерди жасоону каалашкандарын билбей калдыбы? Керек болсо, бул боюнча Максим жана Жаныш Бакиевдердин телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудио жазуусу дагы деле турат го.

Дагы бир жеринде «Атамбаев саруулуктар бүтүндөй кыргыз эли эмес деп айтты эле, аны Ысык-Көл боюнча өкмөттүн өкүлү Каптагаев «саруулуктар эл эмес» деп ала качып кетти» дейт. Эми чоң ата сакалы ээгине бүтүп калган аксакал журналист дагы имиш кептер менен макала токуйбу? Же Атамбаевдин «Бул митингдерге саруулуктардын бардыгы чыккан жок, арасынан он чакты эле бандиттери чыгып атат» деген кебинен эмне кынтык издеди десең?

Анан дагы « Бийлик саясаты камчысын чапкан айрым журналисттер “аппак кожолорунан” алда канча алыс кетип, Саруу айылына ага турган сууну буруп, бара турган жолду бууп эки жакка каттатпай, электр энергиясын бербей, облустан окчун бөлүп салуу өңдүү иш-чараларды сунуштап жиберди” дейт Алым мырза. Кайсыл басылмадан, кайсыл теле-радиодон ушундай кепти уктуңуз эле Алым мырза? Образга кирип кеткендин да чеги болот го.

Айтор Алым мырза, бул “Микробу” менен карапайым элге керектүү акыл-насаатын айтуунун ордуна бийликти кандайча оодарып түшсө боло тургандыгы тууралуу “одасын” жазып салгандай болуптур.

Биздин башыбыздан эки жолу революция өттү. Элибиз чайналды, кыйналды. Экономика эки жолу талкаланды. Ал эми талкаланган экономиканы кайрадан бутуна тургузуу, татаалдашып кеткен саясатты жөнгө салуу, коррупцияга каршы күрөшүү эки кулач макала жаза салгандай жеңил эмес. Ал үчүн убакыт керек. Андыктан аша чаап кеткениңизге бир аз бушайман болуп турубуз, Алым Токтомушев.

Айбат гезити №67




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru