Айбат » Бакыт Бакетаев: “Биздин “Янукович” 2010-жылы эле качып кеткен”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бакыт Бакетаев: “Биздин “Янукович” 2010-жылы эле качып кеткен”

Бакетаев Бакыт-  Бакыт мырза, Украинада революция жасалып, Виктор Янукович качып кеткен соң биздин айрым оппозициялык саясатчылар учурдагы бийликти да Украинадагыдай абал күтүп турат дегендей айта башташты. Буга кандай карайсыз?

– Биздин «Янукович» качан эле качып кеткен. Тактап айтканда 2010-жылдын апрелинде эле качып кеткен. Тарыхта алдыга карай караш керек. Аркага карай жол жок. Биздин Майдан 2010-жылы эле өткөн. Таласта башталып, анан Бишкекке келип, Ошко чейин жеткен. Украинада азыр ошол биз 2010-жылы жасаган революцияны жасады. Азыр алар эки, үчкө  бөлүнгөнү турат. Өтө оор абалда. Янукович азырынча легитимдүү президент. Ал кызматтан кеткени тууралуу арызын жазып бере элек.

- Россиянын белгилүү саясат таануучусу Федор Лукьянов «Януковичтин тагдыры Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевдики менен окшош болуп калды» деп билдирди. Чындыгында эле ошондой болдубу?

– Окшош болуп атат. Бардыгы окшош. Үйлөрдү күйгүзүп атышат. Януковичтин баласынын акчасын издеп атышат. Башкача айтканда бизде болуп өткөн кез аларда кайрадан кайталанып аткандай болууда. Биринчи жолу Грузияда Роза революциясы болгон. Анан Украинада, андан кийин бизде тюльпан революциясы болду. Андан кийин 2010-жылы кандуу революцияны өткөрдүк. Бизден кийин Араб революциясы болду. Эми Украинада кандуу революция болду. Биздин эл эми кандуу революцияга барбайт. Анын кандай болорун түшүнүп калышты. Ошондойго аракет жасап аткандар болсо, өтө терең ойлонуулары керек.

- Кечээ «Ак кеме» мейманканасынын залында өткөн «Улуттук оппозициялык кыймылдын» ачылышына катыштыңыз. АлардынКыргызстандын келечеги үчүн бириккенине көзүңүз жеттиби?

– Бул оппозициялык кыймылдын арасында мамлекеттик деңгээлде ой-жүгүртө ала тургандары да бар. Бирок арасында «майданутыйлар» да бар. Бирок, аларды салабаттуулары жөнгө салып турат деген ишенимдемин. Алар өздөрү деле элди бир козгоп алса, кайра өздөрү да токтото албай калышаарын жакшы түшүнүп турушат. Украинада 3-4 лидер болсо, бизде башаламандык боло турган болсо 300-400 лидер пайда болот. Анан бири-биринин сөзүн укпай, бири-бирине баш ийбей Кыргызстанды бөлүп алышат. Андыктан уктап аткан нерселерди ойготуп албаш керек. Украинада уктап аткан нерселерди ойготуп алышып, эми бөлүнгөнү турушат.

Айбат гезити №67



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru